Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

ККМге каршы нааразылык акциясы Ошто да өтүп жатат


Ошто көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы чыккан соодагерлер. 1-декабрь, 2023-жыл.
Ошто көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы чыккан соодагерлер. 1-декабрь, 2023-жыл.

1-декабрда Ош шаарындагы “Бостон”, “Бексултан” жана “Тешик таш” базарларында иштеген 100гө чукул соодагер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы болуп, мэриянын алдына нааразылык акцияга чыгышты.

Алар өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы экенин билдирип, патент системасын калтыруу талабын коюп жатышат.

1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери да көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы митингге чыгышты. Алар Министрлер кабинетинен патент системасын калтырууну жана ККМди жокко чыгарууну талап кылышууда.

29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери да көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдына акцияга чыгышкан.

Бул окуядан кийин Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей аларын кабарлаган. Ушул тапта стратегиялык объектилерге “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” (ред: Кара-Суу) базарлары кирет.

30-ноябрда жаңы салык саясатына каршы Бишкектеги “Дордой”, “Орто-Сай” базарларынын соодагерлери да нааразылык акция өткөрүп, “Мадина” базарында иштеген ишкерлер иш таштаган.

  • Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG