Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери митингге чыгышты


Бишкектеги Аламүдүн базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 1-декабрь, 2023-жыл.
Бишкектеги Аламүдүн базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 1-декабрь, 2023-жыл.

1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, митингге чыгышты. Алар Министрлер кабинетинен патент системасын калтырууну жана ККМди жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

Ишкерлер өкмөттүн Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу Кара-Суу базарларын 2024-жылдын 1-январынан тартып базардын ичинде көзөмөл-кассалык машинелерин (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошоткон чечими туура эмес экенин айтышууда. Алар бардык соодагерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин билдиришти.

29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдына акцияга чыгышкан.

Бул окуядан кийин Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей аларын кабарлаган. Ушул тапта стратегиялык объектилерге “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” (ред: Кара-Суу) базарлары кирет.

30-ноябрда жаңы салык саясатына каршы Бишкектеги “Дордой”, “Орто-Сай” базарларынын соодагерлери да нааразылык акция өткөрүп, “Мадина” базарында иштеген ишкерлер иш таштаган.

  • Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG