Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Ташиев чек ара боюнча жолугушууларга катышуу үчүн Тажикстанга учуп кетти


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 1-декабрда Тажикстанга жумушчу сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жазып, сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуулар болорун билдирди.

30-ноябрда атайын кызматтын төрагасы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында аткезчилик кайра жанданганын, чек ара маселеси толук чечилмейинче коңшу өлкө менен чек ара ачылбай турганын айткан.

2021-жылы апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

Бул кагылыштан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын толугу менен бир тараптуу жапкан. Коомчулукта жана парламентте чек ара жабылганы менен аткезчилик дагы деле токтобой жатканы айтылып келет.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтору акыркы жолу 11-17-ноябрь күндөрү Баткен шаарында жолуккан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 км такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ошондо жалпы 972 чакырымдын 664ү боюнча бир пикир табылса, 300 чакырымдай тактала элек аймак калган десе болот. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG