Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Турак жай кооперативдеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам күчүнө кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду. Жогорку Кеңеш 19-октябрда кабыл алган мыйзам турак жай-курулуш кооперативдеринен үй сатып алууда адамдардын укуктарын коргоого багытталган.

Ага ылайык, кооперативдердин ишин Министрлер кабинети тескейт, кооперативдер өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүп, устав менен анын суммасын жана мүлкүнүн үлүшүн аныкташы керек. Бул талап аткарылбаса ал каттоодон өтпөйт. Кооперативдин иши тышкы аудитордук текшерүүгө алынышы мүмкүн.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 162 коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативи катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) сентябрь айында 12 турак жай кооперативинин ишине байланыштуу 954 кылмыш иши тергелгенин, анын 604ү соттук кароого жөнөтүлүп, 168и токтотулганын билдирген. Кооперативдерге нааразы болгон бир нече акциялар өткөн.

Буга чейин Улуттук банк элден каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылып келет.

Айрым кооперативдердин башчылары кармалып, алардын ишмердүүлүгү териштирилип жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG