Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Сеулда 200дөй киши ит фермаларын жабууга каршы чыкты


Ит фермаларын жабууга каршы чыккандар менен полиция кагылыша кетти. 30-ноябрь, 2023-жыл.
Ит фермаларын жабууга каршы чыккандар менен полиция кагылыша кетти. 30-ноябрь, 2023-жыл.

Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулда 30-ноябрда иттерди багып, тамак-ашка колдонууга тыюу салган мыйзамга каршы эки жүздөй фермер нааразылык акциясына чыкты. Алардын айрымдары президенттин катчылыгынын жанына барып, капаска салынган иттерди агытуу аракетин көрүштү.

Буга полиция жол бербей, кагылышуу катталганын Рейтер агенттиги жазды.

Уюштуруучулардын бири, ит этин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Чжу Ен Бон билдиргендей, “саясатчылар бул тармакты жапканга же адамдардын тамак-ашын тескенге акысы жок”.

Акция маалында Чжу Ён Бон жана дагы эки адам кармалды. Бийликтеги партия эки жума мурда сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, Түштүк Кореяда иттин этин сатуу жана аны тамакка колдонууга 2027-жылга чейин тыюу салынышы керек.

Бул үчүн фермаларга, иттин этин саткан дүкөндөргө жана ресторандарга үч жылга жеңилдетүүлөр берилип, каржылык жардам бөлүнөт. Мыйзамды бузгандарга беш жылга чейин эркинен ажыратуу же 38 миң долларлык айып пул төлөө каралат.

Gallup Korea уюму былтыр жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, респонденттердин 64% иттин этин тамакка колдонууга каршы. Сегиз пайызы гана соңку бир жыл ичинде ит этин жегенин айтышкан.

Түштүк Кореянын Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын өлкөдө 388 миң иттин эти керектелет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG