Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Алматы: өрт чыккан хостел каттоодон өткөн эмес


Өрт тутанган Алматыдагы хостел. Тилсиз жоо 13 кишинин өмүрүн алды. 30-ноябрь, 2023-жыл.
Өрт тутанган Алматыдагы хостел. Тилсиз жоо 13 кишинин өмүрүн алды. 30-ноябрь, 2023-жыл.

Мамлекеттик органдар Алматыда өрт чыккан хостел жөнүндө билбеген, анткени конок жай каттоодон өткөн эмес. Бул тууралуу 30-ноябрда Алматыдагы брифингде өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шерипханов билдирди.

"Бул хостел жөнүндө акимчиликте да, башка мамлекеттик органдарда да маалымат болгон эмес. Өзгөчө кырдаал департаментинин дагы, мамлекеттик органдардын дагы менчик бизнес ишканаларын текшерүүгө укугу жок. Анын үстүнө аталган хостел каттоодо болгон эмес",-деди министр.

30-ноябрдын таңында хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болду. Арасында Орусиянын төрт, Өзбекстандын эки жараны бар. Жабыркаган төрт кишинин арасында индиялык студент да бар.Кырсык учурунда хостелдеги 72 кишинин 59у чыгып кетүүгө үлгүргөн, калганы түтүнгө ууланып калган. Өрт өчүрүүгө 13 техника тартылып, 46 өрт өчүрүүчү иштеди.

Тилсиз жоонун тутанышына эмне себеп болгону белгисиз. Буга чейин ага заряддалып жаткан самокат түрткү болушу мүмкүн экени кабарланган. Министр бул тууралуу айтуу азырынча эрте экенин билдирди. Алматынын чукул кырдаалдар департаменти кабарлагандай, 1956-жылы салынган үч кабаттуу имараттарын биринчи жана жер төлөсүндө жайгашкан хостел 1,5 ай мурда ачылган.

Маалыматка караганда, хостелде өрт өчүрүү каражаттары болбогон.

Окуяга байланыштуу “Өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Хостелдеги өрткө байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Брифинг маалында өрттөн каза болгон ар бир казакстандыкка бир миллион тенгеден бөлүнөрү, ал эми чет элдиктердин сөөгүн мекенине жеткирүү маселесине көмөк көрсөтүлөрү кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG