Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Орусияда сот "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналистинин камактагы мөөнөтүн 5-февралга чейин узартты


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашева сотто. 20-октябрь, 2023-жыл.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашева сотто. 20-октябрь, 2023-жыл.

Орусиядагы Казань шаарынын Совет райондук соту 1-декабрда тергөөнүн өтүнүчү менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Алсу Курмашеванын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга, 5-февралга чейин узартты.

Радионун татар-башкыр кызматында 25 жылдан ашуун эмгектенип келген, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны.

Журналист 23-октябрда Казан шаарынын Совет райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Адвокат соттон ага карата эркинен ажыратпаган бөгөт чара тандоону өтүнгөн.

31-октябрда Татарстандын Жогорку Соту аны 5-декабрга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарды.

Орусиянын Тергөө комитети Курмашевага 26-октябрда “чет элдик агент катары катталуу милдетин аткарган эмес” деген айып таккан. Тергөөчүлөр журналист өзү чет элдик агенттердин тизмесине кошуу үчүн документ тапшырышы керек эле деп эсептешет. Бул Орусияда журналистке ушул берене менен козголгон алгачкы кылмыш иши.

Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптады.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылды. Мындай чакырыкытарды БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасашты.

Алсу Курмашева көп жылдан бери Орусиянын Волга-Урал аймагындагы аз улуттардын маселелерин чагылдырып, татар тилин сактап калуу боюнча программаларды даярдап келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG