Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Түркия-Армения: Сүйлөшүүлөрдө алга жылыштар бар


Түркиянын президенти Абдуллах Гүл өткөн жылы сентябрда Ереванда президент Серж Саркисян менен жолугушкан
Түркиянын президенти Абдуллах Гүл өткөн жылы сентябрда Ереванда президент Серж Саркисян менен жолугушкан

Түркиянын Тышкы иштер министирлиги Армения менен сүйлөшүүлөрдө конкреттүү натыйжаларга жетишилгенин жана өз ара мамилелерди оңдоо максатында бир жол картасы белгиленгенин билдирди. Азербайжан бул чечимдерге абдан нааразы болууда, ал эми Түркияда оппозиция өкүмөткө оор кине койду.

Армяндар биринчи дүйнөлүк согуш учурунда баштан өткөргөн чоң апаатты эске салган 24-апрелди жана бул күндүн АКШнын конгрессинде дагы эске алынаарын эсепке алуу менен ырасмий Анкара, Швейцариянын арачылыгы аркылуу Ереван менен болгон сүйлөшүүлөрдө конкреттүү алга жылуулар болгонун жана мындан аркы сүйлөшүүлөр үчүн атайын бир жол картасы иштелип чыкканын жарыялады.

Дипломатиялык чөйрөлөр бул билдирүүнүн жарыяланган маалына көңүлдү буруп, “Анкара мунусу аркылуу АКШны кошуп алганда үчүнчү өлкөлөргө “24 - апрель күнү, Ереван менен Анкара арасында ийгиликтүү жүрүп жаткан жарашуу жараянына доо кетире турган иш-чаралардан алыс тургула” дегиси келет деген пикир билдиришүүдө.

Тоолуу Карабак үчүн Армения менен согуштук абалда болгон Азербайжан соңку чечимдерге абдан нааразы жана Армения менен Түркиянын жакындашуу жараяны Тоолуу Карабактагы оккупациянын аяктоосу менен үзөңгүлөш болуусу зарыл экенин билдирүүдө.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнөн көп өтпөй, кечээ Түркиянын президенти Абдулла Гүл Азери президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттин басма сөз кызматынан жарыяланган билдирүүдө эки президенттин сүйлөшүүлөрүндө Түркия-Армения жараяны менен бир катарда аймактагы маселелер талкууга алынганын билдирди.

Премьер-министр Режеп Тайып Ердоган 23 -апрелде Улуттук Эгемендик майрамы менен байланыштуу уюштурулган банкетте айткан сөзүндө президент Гүл жакын арада Болгарияда Азербайжандын президенти Алиев менен көзмө-көз сүйлөшө турганын, анын натыйжасына жараша өзү да Азербайжанга барышы мүмкүн экенин билдирди.

Ал ошондой эле, Армияндар менен шашылыш келишим түзүү аркылуу Азербайжанды саттың деген оппозициядагы Жумуруят Калк Партиясынын лидери Дениз Байкалдын дооматын четке какты:

“Ак Партия өкмөтүнүн Азербайжан саясаты жалпыга маалым. Бул жерден кыйкым издеп, өзүлөрү үчүн капитал жыйнашка аракеттенүү абдан жийиркеничтүү көрүнүш. Азербайжандык бир туугандарыбызды биз эч качан жалгыз калтырган жокпуз.”

Ушинтип 24-апрелде армяндардын аза күтүү күнүнө карата аймакта дипломатиялык кыймыл кыйла ургаалдашкан абалда. Бүгүн Азербайжандын коргоо министири генерал Сефер Абиев Анкарага келүүсү күтүлүүдө. Ал бул жерде Түркиянын армиясынын штабынын төрагасы генерал Илкер Башбуг жана коргоо министири Вежди Гөнүл менен көрүшөт.

Бүгүн ошондой эле, АКШнын президенти дагы армян кайгысын эскерүү күнүн эске алып, армян калкына көңүл айтуусу күтүлөт.

Бирок, серепчилердин божомолуна караганда, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө армян геноцидин тааныйм деп убада бергенине карабай, америкалык жаңы президент Барак Обама өзүнөн илгерки президенттердин салтын улап, геноцид сөзүн айтуудан качат болуш керек.


Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

XS
SM
MD
LG