Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Ташкен БЭСти бузса, Астана аны оңдомок болууда


Тажикстан. Бульдозер Рогун ГЭСинде туннель казууда. 3-ноябрь, 2004-жыл.

Тажикстан. Бульдозер Рогун ГЭСинде туннель казууда. 3-ноябрь, 2004-жыл.

Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан бирдиктүү энергетикалык системаны түзүү жөнүндө өз ара сүйлөшүүдө.

Бул жөнүндө адеп 11-февралда Дүйшөмбүдөгү Казакстандын элчиси Абдуталип Ахметов маалымдады.

Өзбекстан былтыр 1-декабрда Бирдиктүү энергосистемадан, кыскача БЭСтен чыгып, береги үч өлкө арасындагы электр байланышы бузулган.


Кыргызстан. Камбар-Ата ГЭСинин курулушу

Эки жыл мурдакы катуу кышта отун энергиясынын тартыштыгынан улам ырасмий Дүйшөмбү өлкөдө гумманитардык кризисти жарыялоого мажбур болгон. Кризис серепчилер баамдагандай, Тажикстан жана Кыргызстандын энергетикалык ресурстары осол башкарылганын, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү энергия тармагында үзүрлүү кызматташа албаганын айкын кылган.

Өзбекстан былтыр кыштын биринчи күнү региондогу Бирдиктүү энергия системасын таштап, абалды ого бетер курчутту. Ташкендин бул кадамы баарынан да Тажикстан менен Кыргызстанды кыйын абалга калтырды. Мындай жагдайда Дүйшөмбү Рогун ГЭСин элдин жардамы менен курууга темине киришти.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин мурда жарыялангандай Москванын көмөгү менен бүтүрөбү же Бээжинге таянабы,- азырынча беймаалым.

Ошентип Өзбекстан БЭСти чанып кетти. Астана, тескерисинче, Тажикстан жана Кыргызстан менен энергетика тармагын бириктирүүнүн жолун издөөдө. Эмне үчүн? Бул суроого Стокольмдагы Борбор Азия жана Кавказ институтунун изилдөөлөр боюнча директору, доктор Сванте Корнелл “Азаттыктын” кыргыз кызматына берген интервьюсунда мындай түшүндүрмө берди:

- Бул маселеде Казакстан жана Өзбекстан өздөрүнүн Борбор Азиядагы лидерлигин көрсөтүүгө умтулушууда. Ушул жүйөдөн улам Өзбекстан салыштырмалуу чаканыраак коңшуларына сыр көрсөтүү менен мамиле жасап жүрөт. Казакстан Өзбекстанга карганда экономикалык жактан кубаттуу болгондуктан, бир нече жылдан бери Кыргызстан жана Тажикстандагы таасирин бекемдөөнүн аракетин кылып жүрөт. Ошондуктан, Казакстандын береги эки өлкөнүн энергодолбоорлорун колдоосу Астана жүргүзгөн саясаттын логикалык туундусу.

Үч өлкөнүн Өзбекстанды кыйгай өткөн электр линиясын куруу боюнча сүйлөшүүлөрү канчага создугат, так айтуу мүмкүн эмес. Бирок,Борбор Азия боюнча эксперт Эрика Мараттын боолгошунча( Central Asia’s Energy War. Jamestown.org, 02/23/10), Тажикстан жана Кыргызстан курулуп жаткан ГЭСтерди бүткөрүп, электр кубатын бөлүшкөнчө кеминде беш жыл керек.

Айтылган үч мамлекеттин электр тармагында чогуу иштөө аракети, Өзбекстан борборазиялык коңшуларынан барган сайын обочолонуп баратканын да айгинелейт. Буга Эрика Мараттын пикиринче, Ташкендин коңшуларын тоотпой ынтымакка түртүүсү да чоң салым кошууда.

XS
SM
MD
LG