Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:42

Люга Нобелдин сыйлыгы ыйгарылганы Кытайга жакпады


Лю Сяобо
Лю Сяобо

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы 2010-жыл үчүн кытайлык диссидент Лю Сяобого ыйгарылды. Лю Кытай өкмөтүнүн тайманбас сындоочусу.

Ал коммунисттик жетекчиликти саясый реформага барууга, жарандарга сөз жана жыйындарды эркин өткөрүү эркиндигин берүүгө чакырып жүрөт. Былтыр Бээжин соту Лю Сябону элди конституциялык бийликти төңкөрүүгө үндөдү деп айыптап, 11 жылга эркинен ажыраткан.

Кытай жарандары сөз, басма сөз, чогулуу, уюмдашуу, жүрүштөрдү, демонстрация өткөрүү эркиндигине ээ.

Нобелдик сыйлык боюнча комитети абийир туткуну Лю Сяобого тынчтык сыйлыгы анын акыркы жыйырма жылда Кытайдагы адам укугун жакшыртуу үчүн күрөшкөнү үчүн ыйгарды. Норвегиянын нобелдик комитети быйылкы Тынчтык сыйылыгын узак жылдар бою Кытайда адамдардын негизги укуктары үчүн тынч күрөшкөнү үчүн Лю Сяобого ыйгарууну оң тапты”,- деп билдирди Норвегиянын Нобель сыйлыгы боюнча комитетинин төрагасы Турьбьерн Ягланд. Ал Кытайда Конституцияга каршы жарандардын демократиялык укуктары тепселгенин да белгилей кетти:

Норвегиянын Нобель сыйлыгы боюнча комитетинин төрагасы Т. Ягланд кытайлык диссидент Лю Сяобонун сүрөтүн кармап турат. Осло. 8-октябрь 2010

- Кытай Конституциясынын 35-беренесинде: “Кытай Элдик Республикасынын жарандары сөз, басма сөз, чогулуу, уюмдашуу, жүрүштөрдү жана демонстрация өткөрүү эркиндигине ээ,”- деп айтылат. Иш жүзүндө, айтылган эркиндиктер Кытай жарандары үчүн ачыктан ачык чектелген.

Жазуучу жана университеттин мурдакы мугалими Лю Сяобо 1979-жылы Бээжиндин Тянанмен аянтында болгон демократиячыл толкундоолордун катышуучусу. Азыр 54 жашта. Бээжин соту өткөн 2009-жылы декабрда Люну элди “бийликке каршы тукурууда” деп, 11 жылга абакка кескен.

Диссиденттин зайыбы Лю Шыя 2009-жылы 23-декбарда Ройтерс агенттигине берген интервьюда күйөөсү адамдардын насил-наркы үчүн күрөшкөнү үчүн эркиндиктен кол жууп жатканын айткан:

- Албетте бул - күрөштүн баасы. Сиз эгер өз абийир, намысыңыз үчүн күрөшкүңүз келсе, сиз эгер ар-намысы бар адам болууну кааласаңыз, сиз Кытай интеллектуалдарынын абийири болсоңуз - сиз да ушундай тагдырга кабыласыз.

АКШ өкмөтү саясый көз карашын тынч жол менен билдирүү эл аралык коомчулук тааныган адам укугу экенин билдирип, Бээжин сотту Лю боюнча чыгарган өкүмдү сындаган.

Полиция Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Лю Сяобонун зайыбы Лю Шыя жашаган үйдүн эшигин тосууда. Бээжин. 8-октябрь, 2010

Ошентип ырасмий Бээжин Лю Сяобону кылмышкер деп эсептегендиктен, ага эң абройлуу эл аралык сыйлыкты тапшыруу Кытай-Норвегия мамилесине зыян келтириши этимал экенин мурдатан эскерткен болчу.

Норвегиянын нобелдик комитетинин төрагасы Турбьерн Ягланд да буга чейин эле комитеттин чечими кээ бир өлкөлөргө жага бербесин мойнуна алган.

Эл аралык мунапыс уюму Лю Сябого Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ыйгарылышы Кытайдагы адам укугун бузууларга дүйнө коомчулугунун көңүлүн дагы бир ирет бурганын билдирди. Франция жана Германия Кытай өкмөтүнү Люга эркиндик берүүгө чакырды.

Бу жылы Нобелдин тынчтык сыйылыгына талапкерлердин арасында Германиянын мурдакы канцлери Гелмут Коль, ооганстандык укук коргоочу аял Сама Самар жана Россиянын “Гражданское содействие” комитетинин башчысы Светлана Ганушкина болуп, 237 адам жана уюм көрсөтүлгөн эле.

Тынчтык сыйлыгы менен кошо Лю Сябого 1 миллион 490 миң доллар берилет. Сыйылыкты тапшыруу аземи 10-октябрда Ослодо өтөт. Норвегияга күйөөсү үчүн сыйлыкты алууга Люнун аялын Кытай бийлиги койо берери күмөн.

XS
SM
MD
LG