Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:34

Грекия евромейкиндиктен чыкпайт


Грекиянын экономикалык абалы мобу Эпифани майрамында деңизде жыгач крести чөктүрбөй кармап сүзүп бараткан спортсменге окшоп кетет.

Грекиянын экономикалык абалы мобу Эпифани майрамында деңизде жыгач крести чөктүрбөй кармап сүзүп бараткан спортсменге окшоп кетет.

Грекия евромейкиндиктеги экономикалык туруктуулукка тескери таасир этүүдө. Анткени өкмөт карызы ички дүң продукциянын 12,5 процентине барабар.

Кээ бир эксперттер муну евро киргизилгенден берки 10 жылдагы эң оор кризис деп мүнөздөшүүдө. Мындан улам Грекия евромейкиндиктен чыгарылышы мүмкүн деген да кеп-сөздөр айтылган эле. Бирок Европа борбордук банкынын төрагасы Жан-Клод Трише 14-январда башкаруучуларынын жыйынында сүйлөп, берегидей сөздөрдү четке какты.

Ж.-К. Трише: Грек өкмөтүнүн жоопкерчилиги өз мойнунда

Грекия сыяктуу экономикасы чабал өлкөлөр евромейкиндиктен айдалыш керек деген кепти Европа борбордук банкынын башчысы Жан-Клод-Трише 14-январда Франкфурт шаарында болгон жыйында “акылга сыйбаган кеп” деп атады:
Афины. Полиция анти-өкмөттүк демонстрация учурунда. 6-декбарь 2009


- Бул жерде эбегейсиз иштер аткарылыш керек экени айтылды. Башкармалар кеңеши фискалдык саясатта аткарылчу зарыл чараларды белгилешти. Алар абдан маанилүү. Бул евромейкиндикке кирген бардык өлкөлөргө үчүн чоң мааниге ээ. Ар бир өлкө кырдаалды жөндөө жана абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү кадамдарга барышы абзел.

Европа борбордук банкынын башкармалары Грекиядагы татаал кырдаалдан улам жумшак чечим менен чектелүүдө, деп боолгойт Лондондогу Европадагы реформалар борборунун башкы экономисти Симон Тилфорд:

- Алар, бир жагынан, Грекия алашем саясатын дагы улатканга жол бербейт. Экинчи жактан, алар грек өкмөтүнө катуу талап да койо албайт. Себеби Грекияда социалдык абал дагы татаалданып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн грек өкмөтү жасаган ишке канаат кылгандан башка чара жок.

Франциянын президенти Николас Саркози жана Германиянын канцлери Ангела Меркель.
Буга чейин евромейкиндикке кирген өлкөлөр Грекияны куткаруунун амалын кылат деп айтылып жаткан. Өткөн 2009-жылы Грекиянын өкмөттүк карызы ички дүң продукциянын 12, 5 процентин түзгөнү ашкере болгон. Бул мурдакы өкмөт январда болжогондон үч эсеге көп.

Афины экономиканы тышкы жардамсыз бутуна койот

Жаңы премьер-министр Георгий Папандреу 14-январда жаңы экономикалык планды жарыялады. Ал план боюнча 2012-жылга бюджеттик тартыштык ички дүң продукциянын үч процентине тең болууга тийиш. Бул евромейкиндиктин жалпы нормасы.

Папандреунун сөзүнчө, Афины өкмөттүк карызды не Евробримдик, не Эл аралык валюта корунан жардам албай, салыктын эсебинен кыскартат.

Экономисттер эгер грек өкмөтү социалдык чыгымдарды олуттуу кыскартууга барса, эл толкуйт деп жоромолдошот. Ал эми лондондук серепчи Тилфорддун пикири мындай:

- Грекия алар (Европа борбордук банкынын башкармалары) сунуш кылгандай бюджеттин тартыштыгын тез кыскарта албайт деп ойлойм. Грекиянын товарлары евромейкиндиктин талабына жооп бербегендиктен өтүмү жок. Башка өлкөлөрдө керектөө начар болгондуктан, грек товарына талап аз. Ошон үчүн грек экономикасы өсөрү күмөндүү. Эгер өкмөт чыгашысын кескин кыскартып, евромейкиндиктин башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу реалдуу эмгек акыны чоң өлчөмгө азайтчу болсо, өлкөдө кризис чыгып кетет деп ойлойм.

Европа борбордук банкынын башкаруучулар кеңеши 15-январдагы жыйынында кредиттер боюнча төлөмдү талдоочулар күткөндөй эле 1 проценттик деңгээлде калтырды. Арзан кредит Грекия, Ирландия, Испания жана Португалияга “шал абалындагы” экономикасын стималдаштырууга чоң огожо. Бирок евромейкиндиктин рецессиядан эми чыккан кубаттуу өлкөлөрү Германия менен Францияда инфляцияга түрткү бериши этимал.
XS
SM
MD
LG