Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Аракечтин арманы, же улут саламаттыгы


Студенттер аракечтик тууралуу сахналаштырылган спектакль тартуулашты.
Студенттер аракечтик тууралуу сахналаштырылган спектакль тартуулашты.

30-мартта Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университетте жаштар арасындагы аракечтик, бангилик сыяктуу көйгөйлүү маселелерге арналган “Улут саламаттыгы - улуу мурас” деген жыйын өттү. Жыйынга аталган окуу жайдын гана эмес, башка да жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, сахналаштырылган программаларын тартуулашты.

Жыйында талкууланган негизги тема бул - аракечтик болду. Окуу жайдын студенттери атайын сахналаштырылган кыска программаны тартуулашты. Мындан сырткары бангилик жана аракечтикке арналган “Аттиң” жана “Тебеленген сезимдер” аттуу кыска метраждуу эки тасма көрсөтүлдү.

Жыйынды уюштуруучулардын айтымында, бул тасмалар жаштарга аз да болсо таасир этипп, терең ойлонууга түртөт. Уюштуруучу топтун жетекчиси Темирлан Рысбаев буларды белгиледи:

- Окумуштууларыбыз изилдеп чыккан экен: арак ичкен адамдын кабыл алуусу эки гана мүнөттүк маалыматты сактай алат экен. Бүгүнкү жыйынды уюштуруп жатканыбыздын себеби, жаштарга аз да болсо маалымат берип, бул жолдон алыс болууга чакыруу. Жөн гана сүйлөп жыйын уюштуруп койбостон, атайын аракечтик темасына арналып тартылган кыска метраждуу тасмаларды да көрсөттүк.

Айрым маалыматтарга караганда, ар бир үй-бүлө жылына орточо 7-11 миң сомго чейин каражатты арак менен тамекиге сарптайт. Аракечтик менен тамеки тартуудан эркектердин орточо жашы 62ге, аялдардыкы 67ге чейин кыскарып кеткен.

Күндө майрам, күндө той...

Курманбек 25 жашта. Ал учурда белгилүү медициналык борбордо 20 күндүк дарылоо курсунан өтүп жатат. Кантип аракка берилип кеткендиги туурасында Курманбек бизге буларды айтып берди:

- Аракты бир ичкенден кийин ар кандай шылтоолор көбөйө берет. Кыргызда жаңы нерсе алса эле “жуумай” деген бар. Анан эртеси “баш жасмай” дегендер көбөйө берет. Й-бүлөгө да жаман көрүнүп, ар кандай жеме сөздөрүн угасың. Жашоо оңолобу деген үмүт менен учурда дарыланып жатам.

Деген Курманбекке окшоп, көпчүлүк аракечтер да жаңы жашоо баштагысы келет. Бирок бул бардыгынын эле колунан келе бербейт. Биринин дарыланууга каражаты жок болсо, башкасына эрки жетпейт.

Ал эми дарыгер Эркин Кубатовдун айтымында, көпчүлүк учурда аракеч өзүнүн акыбалын мойнуна алгысы келбейт:


- Иче турган адамдардын шылтоосу көп болот. Досум, классташым келди деп эле шылтоо издеп калат. Медициналык көз караш боюнча бир айда 2 же 3 жолу катуу мас болгон адам өзүнүн ден соолугуна жакшылап карышы керек.

Дарыгерлердин айтымында, арак эң алгач канды коюлтат жана ал кандагы сууну жок кылып жиберет. Арак ичилгенден кийин 10 сааттын ичинде адамдын денесинен чыгып кетсе да, анын уулуу калдыктары организмде калып калат. Ошол калдыктар бара-бара адамдын ден соолугун начарлатат.

Алкоголдук ичимдиктердин бардыгында организм үчүн уулуу болуп эсептелген этил спирти кездешет. Бирок ага карабай айрым жаштар спирт ичимдиктеринен баш тартпай келишет.

Сахналаштырылган оюн
Кандай чаралар көрүлүшү керек?

30-мартта Ишенаалы Арабаев атындагы университетте өткөн жыйынга катышкан жаштар аракечтикти кантип токтотууга болот деген суроого өз пикирлерин билдиришти:

Зарина: 16 жашка чейинки жаштарга арак сатууну токтотуш керек.

Адилет: Мамлекет катуу тыйуу салып, арак ичкендерге кысым кылыш керек.

Асель: Арак чыгарган заводдорду жаап салыш керек.

Кемел: Мектептерге адеп сабагын көбүрөөк киргизиш керек. Балдардын жүрөгүндө ыйман болуш керек.

Саадат: Ар бир адам өзүнө жооп бериш керек. Мени досум бузду деген болбойт.

Жардам, колдоо, түшүнүү

Дүйнөлүк медицина аракечтикти таза айыктырууну 60 пайызга ашырууда. Демек, 100 арактан жапа чеккендерден 60 киши айыгат. Бүгүнкү өнүккөн коомдо бул өтө аз көрсөткүч. Аракечтик бул жеке гана медициналык көйгөй эмес, бул ошондой эле социалдык да көйгөй.

Айыл жергесинде жаштар үчүн көңүл ачуучу жайлардын жоктугу, бекерчилик, бош убакыттын көптүгү да көпчүлүк адамдарды аракечтиктин сазына түртүп жаткандай. Эмне үчүн жаштар аракка тез берилет? Психолог Назира Исаева буларды айтты:

- Жаштар мүнөздөрү калыптана электе ар кандай топторго кирип, ал топ эмне кылса ошол өнөрдү бат үйрөнүп кетишет. Ар бир топтун өзгөчөлүгү ар башка бири тамекини көп тартса, экинчиси аракты көп ичет. Анан сөзсүз бул топко кирген жаштар таасирленет.

Эл аралык байкоочулардын баамында, Кыргызстанда арак ичкендердин саны кескин көбөйдү. Жалпы коомдун чекеге чыккан чыйканы болгон аракечтик, бара бара жалпы улуттун генофондуна залалын тийигизиши ыктымал деген кооптонууну жаратат.
XS
SM
MD
LG