Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:00

Балыкчы: Акчасын төлөп турса эле болду...


Балыкчы шаардык соту
Балыкчы шаардык соту

4-январда Балыкчы окуясы боюнча соттолгондордун өкүмү күчүнө кирди. Буга байланыштуу соттолгондордун адвокаты Эрмек Шаршеев “Азаттыкка” маек курду.

- Балыкчы окуясы боюнча соттун өкүмү 25-декабрда чыкты эле. Бул аралыктарда сиздердин Жогорку Сотко кайрылбаганыңыздарга эмне себеп болду?

Эрмек Шаршеев: Биз билгендей эле соттун өкүмү он күндүн ичинде күчүнө кирет болчу. Ошол соттолгондордун арасынан 14 кишиге карата шарттуу түрдө жаза колдонулган. Бул 25-декабрь 2009-жылы чыккан өкүм 4-январда күчүнө кирип атат. Эгерде 10 күндүн ичинде апелляциялык тартипте даттануу киргизилген болсо, бул өкүм күчүнө кирбей калат болчу.

Биз өзүбүз соттолгондордун туугандары менен кеңешип, пикир алмашсак туугандары айтты “23-июлдан бери ушул 14 киши камакта болуп жатат, колубузга тийсе чыгарып берсеңер” деп өздөрү сураган боюнча биз кеңешип, өзүбүз да даттанууну кассациялык тартипте киргизсеңер болот деген биздин оюбуз менен алар макул болушту.

- Жатак абакта жаза өтөөгө чегерилгендердин абалы кандай? Мисалы, алардын бири Гүлнара Жамгырчиеваны өкүмдүн күчүнө киришин күтпөй эле 25-декабрда эле сот залынан камакка алып кетишпедиби?

Эрмек Шаршеев: Эми жатак абак өзү колония поселение болот. Соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин үч күндүн ичинде өкүм аткарууга тийиш. Өкүм күчүнө киргенден кийин булар Каракол СИЗОсуна этап болуп, ошол жерден жатак абалына жашаган жерлери боюнча бөлүштүрүлөт. Чолпон-Атада, Балыкчыда бирден абактар бар.

- Бир аз түшүндүрүп кетсеңиз, ушул жатак абалындагылар кандайча өтөшөт? Мисалы, Чолпон-Атадагылар үйлөрүнө барышабы?

Эрмек Шаршеев: Жаза аткаруу кодексинин өзүнүн талаптары боюнча бүгүнкү күнү соттолгондор чарба, мекеме менен келишим түзүп, ошону аткаруу иретинде иштеп жүрүп эле өзүнүн кандайдыр бир өлчөмдө төгө турган акчасы бар - ошону мекеме төгүп коет. Ал эми соттолгондор болсо үйдө жашап туруп эле иштеп жүрө беришет, убак убагы менен жатак абагына барып, өзү каттоого туруп, бир айда бир-эки жолу барып, эч жакка кетпей иштеп жүрүшкөнүн билдирип турушат. Акчасын төлөп турса эле эч бир тартипти бузуу деп эсептелинбейт.

"Азаттыктын" архивинен: Балыкчы окуясы боюнча сот

2009-жылы, 24-ноябрда Балыкчы шаар соту президенттик шайлоо күнкү окуя боюнча ишти кароону улантты.

Балыкчы окуясы боюнча сот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG