Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51

Саясий күрөш: сахна артында эмне кеп?


Кыргызстанда ушул тапта жүздөгөн партиялар алдыда өтчү парламенттик шайлоого жанталаша даярданып жатышкан чагы. Көчөлөрдө, үналгы-сыналгыларда партиялардын жарнактары жайнап, түрдүү пиар акциялар колдонулуп, айтор калктын калың катмарынын көңүлүн имерүүгө болгон аракеттер көрүлүүдө.

Бул жолу биз келаткан шайлоо эмнеси менен өзгөчөлөнөт, мактоо-каралоо иштеринин таасири жана саясий технологдордун сахна артындагы жумушу тууралуу медиа эксперт, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу Элира Турдубаева жана Борбор Азиялык Эркин рынок институтунун директору, белгилүү блогчу Мирсулжан Намазалиев менен маек курдук.

Аида Касымалиева:
Элира, Мирсулжан, өткөн жылдары президенттик, парламенттик шайлоолор өттү. Бул жолку шайлоолордо өзгөчөлүктөр барбы?

Элира Турдубаева: 2009-жылкы шайлоолордо үгүт иштеринде жаңы технология, жаңы медиа колдонулган эмес. Бул жылкы шайлоолордо социалдык тармактар, ошол эле фейсбуук, туиттер, интернет сайттар, интерактивдүү ыкмалар колдонулуп жатат. Мисалы форумдар, diesel.elcat.kg сайты да абдан популярдуу болуп, ал жакта шайлоочулар да өз ара пикир алышып жатышат.

Жанар Акаев: Мирсулжан айтсаң, чет өлкөдө, ошол эле АКШны алсак, ал жакта шайлоо алдында үгүт иштериби же упай топтоо аракеттеринде интернеттин, коомдук сайттардын орду кандай болот?

Мирсулжан Намазалиев:
Сиз белгилеп өткөн АКШны карай турган болсок, президент Барак Обаманын жеңишин интернеттеги анын активдүү кампаниясы менен байланыштырып келишкен. Мурдагы технологиядан айырмаланып бул жолу окурман жөн гана окуп тим болбой, эми мен жардам беришим керек деген ойдо кала турган технологияны колдонушту.

Элира Турдубаева: Обама ошол коомдук сайттардан эң көп акча топтогон.

Жанар Акаев: Анда Обаманын президент болуп калышына интернет чоң жардам бериптир да...

Мирсулжан Намазалиев: Менин оюмча чоң жардамы тийди. Себеби АКШда интернет кеңири тарагандыктан адамдар көчөдөгү жарнак кагаздарын албай же китеп сатып албай, үйүнөн эле талапкерлердин платформасын, жолугушууларын, дебаттарын көрүп турушкан. Толук айталбайм, бирок америкалыктардын 90 пайызы Обама тууралуу интернеттен таанышкан болуш керек.

Элира Турдубаева: Мисалы, Германияда партиялардын веб-сайттарын изилдеп чыгышкан. On line анан Off line болуп экиге бөлүнөт ээ. Off line бул реалдуу турмуш, ал эми On line бул виртуалдык дүйнө дейли. Изилдөөнүн натыйжасында Off line'да чыныгы жашоо, саясий технология, түрдүүчө ыкмалар On line'да да жүрүп, интернетте да салттуу ыкма колдонулуп жатат деген жыйынтыкка келишкен. Биз 2005-жылкы шайлоодо sdpk.kg жана atamekenkg.com сайттарын салыштырганыбызда, буларда да чыныгы жашоо менен интернеттеги технологиянын окшош экенине күбө болгонбуз. Алар бир тараптуу гана маалымат берүү менен чектелип, окурмандардын пикирин эске алышпайт.

Шайлоочуларды издеген лидерлер

Аида Касымалиева:
Бул шайлоолордо Facebook, Twitter өңдөнгөн коомдук сайттар колдонулуп жатат деп жатабыз. Кандайча колдонулуп жатат?

Мирсулжан Намазалиев: Азыр көпчүлүк саясатчылар, партия лидерлери Facebook, Twitter сайттарына чыгып жатышат. Мунун биринчи эле максаты англис тилинде opinion maker деп коебуз, ар кандай пикир жарата турган адамдарга чыгуу ыкмасы деп ойлойм. Мисалы, журналисттерге. Алар интернетте отурушат. Ушул сыяктуу адамдар менен пикир алышкан соң өз ара жыйынтыкка келип, башка калың катмарга чыга башташат. Бул абдан пайдалуу. Facebook, Twitter сайттарына чыгып жатышканы бул позитивдүү көрүнүш, кандайдыр бир жемиштүү жыйынтыктарга алып келет.

Жанар Акаев: Мирсулжан, сен сүйлөп жатсаң мен көз алдыма биздин саясий лидерлерди элестетип жатам. Булар чын эле ушул тармактарды пайдаланышабы? Президент Отунбаева Facebook, Twitter сайттарында деле катталган. Ал өзү отурабы?

Мирсулжан Намазалиев: Facebook сайтында өзү эмес, бирок анын абдан жакын адамы. Twitter сайтында өзү болгон, бирок азыр таштап койду. Ал эми жаңы түзүлгөн, чакан партиялардын лидерлери өздөрү отурат. Чоң партиялардын, каржылоосу мыкты партиялардын лидерлери өздөрү отурбайт. Алардын атайын пиар адистери бар, ар кандай маалыматтарды ошолор бат-баттан жазып турушат.

Аида Касымалиева: Мен Жанарга кошумчалагым келип турат. Эртеңки парламентке депутат болуп барчу бир нече жаш саясатчылар менен сүйлөшүп көрдүм. Чын эле алар парламентке өтүп калса, кызыктуу жаңылыктарды бири-бирине Twitter аркылуу берип турушса. Отурум учурунда эле “мен бул мыйзам долбоорун колдойм же колдобойм” дегендей. Бул журналисттер үчүн да, мисалы, мага абдан пайдалуу болмок. Маалымат абдан тез келип турмак...

Мирсулжан Намазалиев: Албетте. Мисалы, бир депутат “бүгүн биз мындай мыйзамды карайбыз, мен каршы чыгам же колдоп берем” десе, биз да ойлонуп калабыз “бүгүн ушундай мыйзам каралат турбайбы” деп. Биз да ага кызыкдар боло баштайбыз. Жарандык көзөмөл, жарандык катышуу бир топ күчөшү мүмкүн.

21-кылым: заманбап технология, жаңы идеялар

Аида Касымалиева: Бирок элдин баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок да. Элира, азыр айылдарда күрөш кайсы платформада жүрүп жатат?

Элира Турдубаева:
Эл аралык статистикалык маалыматка караганда Кыргызстанда интернет колдонгондор 15-20 пайызды гана түзөт.

Аида Касымалиева: Анда шайлоого аттанган партиялар элге кантип өз программасын жеткирип жатышат? Акча беришеби, жарнактарын илип жатышабы? Кайсы технологияны көбүрөөк колдонуп жатышат?

Элира Турдубаева: Буга чейинки шайлоолордо жалаң эле көрнөк-жарнактарды, керек болсо жарыяларды таштанды салган үкөккө да илип жүрүшпөдүбү. Дагы деле жарнактарды, роликтерди колдонуп, 90-жылдагы ыкма менен иштеп жатышат.

Мирсулжан Намазалиев: Айылда деле Twitter сайтына окшогон бир нерсе бар. Аны англисче rumour деп коюшат. Ушак, имиштер. Айылдарда жарнактарга эл көп деле көңүл бурбайт. Имиштерди канчалык эффективдүү тарата алсаң анда ошончолук көп добуш ала аласың.

Аида Касымалиева: Ошол имиштер кандай жол менен жайылат?

Элира Турдубаева: Тойлордо, мечиттерде, жакшылык-жамандыктарда ушактар кеңири таралат.

"Ким болуп иштейсиң? Ушак таратам..."

Жанар Акаев: Анда азыркы саясий лидерлерде же партияларда дейбизби атайын ушак таратуу менен алектенген бир адиси бар десек болобу?

Мирсулжан Намазалиев: Толук айталбайм, себеби пиар адистери менен өтө деле көп тааныш эмесмин. Бирок тааныган пиарчылар менен сүйлөшүп көрсөм, алар айтышат, учурда айылдарда саясий упай топтоо максатында кандайдыр бир ушактарды таратуу абдан күчөп баратат деп. Октябрь-ноябрь айларында көпчүлүк маалыматты айылдардан алып калышыбыз мүмкүн.

Жанар Акаев:
Биз каалайбызбы-каалабайбызбы талапкерлер программасын элге жеткирүүдө сыналгынын орду, аудиториясы чоң. Бирок ошол эле убакта интернет сайт ачып коюу деле бул арзан эле оокат да. Эмне үчүн партиялар сайттарына анчалык маани беришпейт?

Элира Турдубаева: Интернетти пайдалануучулар аз болсо, алар сайтка күчүн жумшап эмне кылышат? Интернетти кеңседе отургандар көп колдонот, алар шайлоого деле толук катышпайт. Ошондуктан саясий лидерлер карапайым эл менен алардын формалдуу эмес лидерлери менен иштешүүнү туура көрүшөт.

Мирсулжан Намазалиев: Мен бир окуяны эстеп кеттим. Апрель окуяларына бир-эки ай калганда Роза Отунбаева айым мени чакырып, экөөбүз Facebook, Twitter, блог жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Ал айткан “менин блог жазып, Twitter сайтында отурганга убактым жок, сайтты да мыкты жасаганга кадрларыбыздын дарамети жок, ал эми көпчүлүк депутаттарыбыздын акылы жетпейт” дегенге чейин барган.

Элира Турдубаева: Мирсулжан туура айтат. Мисалы, чет өлкөлөрдө атайын пиар агенттиктер бар. Алардын өзүнүн шарттары бар, Facebook сайтына кандай сүрөт коюш керек, эмнени жазыш керек. Алардын редакциялык тобу саясатчынын имиджин (образын) түзүшөт.

Аида Касымалиева: Бизде ошондой кесип пайда болдубу? Профессионалдар, агенттиктер барбы Кыргызстанда?

Мирсулжан Намазалиев: Бизде Батыштан айырмаланып саясий күчтөрдүн акчасын алып, аларга иштеп берүү коркунучтуу. Ошондуктан азырынча мындай агенттиктердин аттары жок. Бирок Кыргызстанда пиар иши менен алектенген жеке топтор бар. Алар азыр партияларга иштеп жатышат.

Аида Касымалиева: Маегиңиздер үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG