Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:45

Журналистке атылган октун изи Өзбекстандабы?


Журналист А. Саиповдун атып өлтүрүлгөнүнө бүгүн толук эки жыл болду. Оштук журналисттер бүгүн маркумдун үй-бүлөсүнөн кабар алып, кесиптешин эскеришти.

Бул кандуу окуяга толук эки жыл толсо да журналисттин өлүмүнө байланышкан иштин бети ачыла элек. Ош шаардык соту бул кылмыш иши чала тергелген деп эсептеп, ушул жылдын 29-июлунда кайра териштирүүгө жөнөткөн. Бирок ички иштер министрлиги мындай чечим болгондугун төгүндөп, окуяга түздөн-түз катыштыгы бар экинчи адамга изидөө жарыялангандыгын билдирди.

Бүгүн Ош шаарындагы кесиптештери Алишер Саиповдун ата-энесинен жана үй-бүлөсүнөн кабар алганча маркумдун арбагына багыштап куран окуп, журналисттин кылык-жоруктарын көзүнө жаш ала эскеришти. Алишердин атасы Аваз Саипов уулун өлтүрүүгө кимдер буйрук бергенин жана анын көзүн тазалаган кишилерди кыргыз бийлиги жакшы билээрин, бирок айыптуулардын атын атоодон айбыгып жатканын төмөнкүчө баян этти:

- Башкы буюртмачы бул - Өзбекстандын президенти Каримов. Ага жардам бергендер Оштогу малайлары. Ошонун акчасына көз кызартып. Кой терисин жамынган карышкырдай болгон погончондор обортни погондор бар, ошолор жардам берди деп ойлойм.

Аваз Саиповдун белгилешинче, кылмыш ишине айрым чоңдор аралашкандыктан, анын бети ачылаары күмөн. Анткени ички иштер министри Молдомуса Конгантиев ушул жылдын 6-августунда президент Курманбек Бакиевге жолукканда, Алишер Саиповдун өлүмүнө байланышкан иш сотко өткөнүн маалымдаган. Ошондо жергиликтүү укук коргоочулар муну өлкө башчысын алдоо, кезектеги көз боемочулук катары баалаган. Себеби маалым болгондой, ага чейин Ош шаарынын соту судья Койчубек Жөбөновдун төрагалыгында аталган кылмыш ишин карап, териштирүү чала болгон деп белгилеп, 29-июлда прокуратурага кайра тергөөгө жөнөткөн. Демек бул туурасында атка минерлер билбей калышы мүмкүн эмес эле.

Ушул жерден эске сала кетчү жагдай, ички иштер министрлиги журналисттин өлүмүнө шектүү деп кармаган Абдуфарид Расулов соттук териштирүү учурунда күнөөсүн толук бойдон мойнуна алган эмес. Ал эми анын жактоочусу Зина Алымбекованын айтымында, маркум Алишер Саиповду айыпталуучу өмүрүндө көрбөгөн. Ага милиция зордук-зомбулук көрсөтүп, “мен аткам” деп кол койдурган.

Мындан тышкары белгисиз адамдардын колунан ажал тапкан А.Саиповдун өлүмү туурасында ар кыл божомолдор маалымат каражаттарында айтылып турган. Мисалы Ички иштер министрлиги адегенде журналисттин атылышы Өзбекстан ислам кыймылы жана өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюму менен байланышкан деп билдирүү тараткан. Ошол эле укук коргоо органы кийинчерээк “Саясат” гезитинин баш редактору мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго таандык тапанчадан атылышы ыктымал деп да кабарлаган.

Алишер Саиповдун жакындары жана кесиптештери журналисттин өлүмү анын кесиптик ишмердүүлүгүгө түздөн-түз байланышкан деп эсептешет.

Маркум менен үзөнгүлөш иштеген “Саясат” гезитинин кабарчысы Даврон Масыкановдун ырасташыныча, кылмышкерлерди изин сууй электе кармаганга мүмкүнчүлүк бар эле. Милиция коңшу мамлекет менен мамилеге доо кетет деп чыркырабастан, тергөөнү башынан чаташтырбай калыс жүрүгүзгөндө мындай болмок эмес:

- Чындыгында божомолдор ордун тапкан жок. Милиция тажрыйбасыздыгын ашкереледи. Саиповдун көзүн эмнеге тазалашты, буюртманы ким, кайсы өлкөдөн беришкен өңдүү суроолорго жооп издеген киши болбоду. Мен ойлойм, али да кеч эмес, биз доомат арткан жактарга басым жасалса кылмыштын жүзү ачылып, кыргыз милициясынын коомчулук астында аброю көтөрүлөт деген үмүттөбүз.

Арийне ички иштер министрлиги Ош шаардык соту ишти кайра тергөөгө жөнөткөнүн төгүндөп, окуяга түздөн-түз катыштыгы бар экинчи адамга издөө жарыялангандыгын билдирди:

- Шарахматуллаев деген бар. Анын үстүнөн дагы кылмыш иши козголгон. Ош шаардык сотунун камакка алуу жөнүндө чечими бар. Бирок ал азыр издөөдө, - деп “Азаттыкка” маалымдады Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казакбаев.

Эске сала кетүүчү жагдай, 26 жаштагы оштук журналист Алишер Саипов эл аралык бир катар ММКлар менен тыгыз кызматташкан. Өмүрүнүн акыркы алты айында өзбек тилинде “Саясат” гезитин үзгүлтүксүз чыгарып, курч макалалары менен Өзбекстандын президенти Каримовдун режимин катуу сындап турган.

Алишер Саипов 2007-жылдын 24-октябрда Ош шаарындагы кеңсесинин жанында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн. Артында мончоктой аялы жесир, азыр эки жаштан ашып калган кызы жетим калды.

XS
SM
MD
LG