Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Т.Тургуналиев: Кыргызстан Орусиянын бир бөлүгүбү?


Топчубек Тургуналиев
Топчубек Тургуналиев

Айрым партия лидерлеринин Орусияга сапары, парламентте түзүлө турган коалицияга байланыштуу президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Парламенттик шайлоодон кийин беш пайыздык босогодон өткөн партиялар арасында коалиция түзүү аракеттери болгону менен учурда эч кандай натыйжа чыга элек. Буга чейин президент Роза Отунбаева менен коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болду беле?

Т. Тургуналиев: Мыйзам боюнча коалициялык өкмөттү кайсы партиялар, бешөөбү, үчөөбү же кимиси болсо да түзөрү ал өздөрүнүн ыктыяры. Буга президент кийлигише албайт. Ал эми башка сөз, эгерде алар, мисалы үчөө биригип, “мына, биз ынтымакка келдик, парламенттеги көпчүлүк фракцияны түздүк, ушул фракциянын баланча партиясына, баланча башчысына өкмөт түзүү үчүн суранабыз, мыйзам боюнча ошого тапшырсаңыз” деп өтүнгөнгө чейин президенттин алардын ички ишине кийлигишүүгө укугу жок. Ал эми президенттин партия лидери менен сүйлөшүүлөр болгонун билбейт экем.

- “Ар-намыс”, КСДП партияларынын лидерлери Орусияга сапар алганы айтылууда. Партия лидеринин мындай кадамын сиз кандай баалайсыз?

Т. Тургуналиев: Эми “Ар-намыстан” Кулов, “Ата Журттан” Абдылдаев, “Республикадан” Бабановдун кайрадан Москвага барганын мен жеке өзүм жактырбайм. Эмне алар Кыргызстанды кайрадан Москвага байлап береби? Эмне Кыргызстан Орусиянын бир бөлүгүбү? Эмне үчүн алар “ляппай” деп уламдан улам чуркап жатат? Эмне үчүн тиги Кулов баш болуп “мен орустардын жана башкалардын укугун коргойм, анан кийин темир калкан болуп берем” деп уламдан улам кыйкырып жүрдү?

Ким орустардын жана башкалардын Кыргызстанда укуктарын жана эркиндиктерин кысып жатат? Бул башынан туура эмес болгон. Кыргызстан көз каранды эмес мамлекет. Бириккен Улуттар уюмунун мүчөсү. Ошондуктан биз улуу өлкөлөр менен да, башка өлкөлөр менен да тең ата сүйлөшкөнгө акыбыз бар. Булар болсо уламдан улам барууда, эми Орустун жетекчилери айтып жатышса керек “биз силерге жардам бердик, эми ошо жардамыбызды актайсыңар, мына мындай кыласыңар” деп. Эмне үчүн алар чуркап барат?

- Ал эми буга президент Роза Отунбаева өзүнүн мамилесин билдирдиби?

Т. Тургуналиев: Жок, билдирген жок. Мен аны билбейт экем. Бул маселеге да түздөн-түз президенттин кийлигише турган укугу жок. Себеби биздин адамдар кайсы мамлекеттин башчысы менен барып сүйлөшөрү, эмне деп сүйлөшөрү, бул алардын өзүнүн ыктыяры. Эгерде ошол сүйлөшүүлөр Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгына дал келбесе, анда албетте айтууга укугу бар.

- Эми Жогорку Кеңеште партиялар арасында коалиция качан түзүлүшү мүмкүн?

Т. Тургуналиев: Эми муну баланча күнү түзүлөт деп айта албам. Бирок мыйзам боюнча мөөнөт бар да. Мөөнөттүн ичинде президент укугунан пайдаланып, эгерде фракция түзүлсө, алардын биринин жетекчисине тапшырма берет. “Мына, мен сага укук бердим. Өкмөттү түз” деп көрсөтмө берет. Эгерде ал он беш күндүн ичинде түзө алса, анда бир жөн. Түзө албаса анда экинчи фракцияга берет.

- Кандай коалиция түзүлсө Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болот деп ойлойсуз?

Т. Тургуналиев: Менин жеке пикиримде КСДП, “Ата Мекен” жана ортолук көз караштагы “Республика” түзсө жакшы болот эле. Бул бир жагы. Экинчи жагы эгерде бешөө тең биргелешип, бирдикте болобуз десе, андан да сонун болот эле. Бирок эгерде "Ата Журт", "Ар-намыс" анда өздөрүнүн программалык постулаттарынан баш тартыш керек. Бизде 27-июнда басымдуу көпчүлүк парламенттик башкарууну тандаган. Мыйзам кабыл алганбыз. Биз ошону сыйлайбыз. “Биз жанагы шайлоонун алдындагы айткандарыбыздан баш тартабыз” деп ынтымакка келсе, анда бешөө тең өкмөт түзүшү мүмкүн.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG