Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Коалиция Бишкекте куралабы же Москвадабы?


10-октябрдагы парламенттик шайлоодо салыштырмалуу жеңишке жетишкен партиялар коалиция түзүү багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө. Бирок ал сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкканы байкала элек. Ошого байланыштуубу айрым партия лидерлери Москваны карай сапар ала башташты.

Үгүт өнөктүгү маалында Москвага бир нече ирет каттаган саясатчылар шайлоонун соңунан кийин кайрадан ошол тарапка багыт алышты. Орус маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, “Ата журт” партиясынын тизме башчысы Мыктыбек Абдылдаев, “Ар-намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов Москвага бир учак менен барышты.

Феликс Куловдун Москвада экенин партиянын саясий кеңешинен тастыкташты.

Ал эми “Ата журт” партиясы мындай маалыматты төгүндөп жатышат.

Бул үч партиядан кийин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев 15-октябрда Москвага сапар алганын партиянын өкүлү Фарид Ниязов тастыктады.

“Республика” партиясы гана Өмүрбек Бабановдун Москвага сапарын тастыктай да, төгүндөбөй да турат.

Бул сапарлардын алдында “Ар-намыс” партиясынын тизмесинде үчүнчү орунда турган Турсунбай Бакир уулу “Ар-намыс” “Ата Журт”

менен коалиция түзүүгө даярдыгын билдирген. Мындай коалиция түзүлгөн шартта “Ар-намыс” өз лидери Феликс Куловду премьер-министрликке, ал эми “Ата Журтка” төрагалыкты, “Республика” лидерине вице-премьер-министрликти сунуштаган.

Москва да мына ушундай конфигурациядагы коалицияны каалап жатышы ыктымал.

Буга “Республиканын” позициясы терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Анткени "Республиканын" лидери ынанымы жана жан дүйнөсү боюнча “Ата Мекен” жана КСДП менен жакыныраак.

КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен байланышы бар экени көпчүлүккө маалым. Ошондуктан Москва жогорудагы үч партия жана КСДПнын катышуусу менен кеңири коалиция түзүлүшүн да жактап көрүшү ыктымал. Эгерде ал ишке ашпаса, анда “Ар-намыс”, “Ата Журт” жана “Республиканын” катышуусу менен коалиция түзүүгө “оң батасын” берип, Бишкекти толук көзөмөлүнө алууга жетишет. Бул топко “Бүтүн Кыргызстан” партиясы дагы кошулуп калса, анда орусиячыл күчтөр парламентти, өкмөттү толук көзөмөлдөп калышат.

Москва жетекчилик кылган оюндардан “Ата Мекен” партиясы гана сыртта калып жатат. Себеби партия лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиясындагы батышчыл лидерлер парламенттик система орнотуу аракети менен Кремль төбөлдөрүнө жакпай калган.

Өлкөдөгү кырдаал көп жагынан КСДП партиясынын позициясына жараша болот. Эгерде бул партия Кремль колдогон үч партия менен кеңири коалицияга барса, анда туруктуулук орноп, өкмөт түзүлүүсү мүмкүн. Бирок андай болгон күндө да мындай коалициянын алдында өтө оор сыноолор турат. Алар Конституцияга, президенттик бийликти орнотууга байланыштуу.

Эгерде “Ар-намыс”, “Ата Журт” жана “Республиканын” коалициясына КСДП кирүүдөн баш тартса, анда революциячыл партиялар кайрадан оппозицияга өтүп, саясий күрөш курч мүнөзгө өтүүсү ыктымал.

Кыргызстандагы айрым серепчилер, партия лидерлеринин Москвага сапарын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласа, айрымдары кескин сынга алууда. Маселен, мурунку мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов Москвага барган саясатчылар эгемендүүлүктүн баасын билбейт экен деп сынга алды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG