Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Мөңгүлөрдүн эришинен «Кумтөр» алтын кенинин жанындагы Петров көлү жарылып кетиш коркунучу жаралууда.

Акыйкатта да “Кумтөр” алтын кен комбинатына жакын жайгашкан Петров көлү жылдан-жылга көтөрүлүп, мөңгүлөрдүн тез эришинен муз каптаган көлдүн аянты көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Кооптуу көлдүн коркунучу кандай болорун 2005-жылдан бери кыргыз-чех окумуштуулары биргелешип изилдеп келатышат. Эмдиги жылы көлдүн инженердик-геологиялык абалын иликтөө дагы улантылмакчы.

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин геологиялык отрядынын жетекчиси, илимий экспедициянын мүчөсү Сергей Ерохин окумуштуулар көлдүн суусун азайтуунун аргасын ойлонуп жатышканын маалымдады.

- Кыйла дурус, натыйжалуу вариант катары көлдүн суусун эки нук менен “Кумтөр” жана “ № 2” аркылу агызып ийүү караштырылууда. Экинчи сүрөттө көрүнүп турган көлдөн “Кумтөр” дарыясы агып чыкчу нукту дагы аз-аздан тереңдетсек көлдүн деңгээли кыйла төмөндөйт. Ошентип анын жарылып кетүү коркунучун азайта алабыз.

Сергей Ерохин азырынча көлдүн суусу тосмону тешип кетиш коркунучу аз экенин, эгер ал тосмону жарып кетсе деле алтын кендин уулуу зат сакталган жайына жетпей, башка нук менен агып кетерин кошумчалады.

Кыргыз-чехиялык илимпоздордун үч жылдык иликтөөсүнүн натыйжасы тууралуу “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын пикири башкача.

- Бул эми “SOS” дегенди билдирет да. Жанагы көлдү кармап турган тосмо муз эле. Муз каалаган убакта жарылышы мүмкүн. Илимпоздор ал жердеги кыртышты бекемдеп суу тосмо куруш керек деп жатышат.

Эркингүл Иманкожоеванын пикиринде, өкмөт окумуштуулардын бүтүмүнө кайдыгер мамиле жасоодо. Сергей Ерохин ушу тапта жарылып кетиши мүмкүн делген коркунучтуу көлдөрдүн саны Кыргызстанда 327 экенин маалымдап, Петров көлү алардын катарында турбастыгын ырастады.

«Кумтөр» алтын кен компаниясынын эмгек, табият, ден соолукту коргоо бөлүмүнүн менеджери Эрик Кожомкуловдун кабарлашынча, көлдүн жарым суусун агызса экологиялык коркунуч жоголмок.

- Мисалы азыр көлдө 60 миллион кубометр суу болсо агызганда 40 миллионго, 30 миллионго түшүшү мүмкүн. Адистердин эсеби боюнча суу тосмону жарып чыкса деле анын жарымы эле кетет. 25-28 миллион кубометр суу кетет экен. Көлдүн деңгээлин 30 миллионго чейин жеткирсек эч кандай жарып кетүү болбойт.

Жети-Өгүз районундагы Кичи –Жаргылчак айылынын тургуну Бүбүкан Ормонова 18 жыл геолог болуп иштеген. Анын айтуусунда алтын кендин иштетилишинен табият өзгөчө жабыркап жатат.

- Жаактын суусу деп коет.Балык ушунча көп эле. Мына мен 2005-жылы бардым. Ал балыктардын бирөө да жок. Биздин экологиябыз абдан бузулду.

Нарын дарыясы башталган тоолордогу мөңгүлөрдүн тез эришинен тоо ичиндеги көлдөрдүн жарылып кетиш коркунучу жыл санап күчөп баратат. Сергей Ерохин 1952-жылдан 2007-жылга чейин андай көлдөрдүн 70 жарылып, алардын салакасы аябай оор болгонун маалымдады.

XS
SM
MD
LG