Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Ош: кооптонуу дале бар


Орозо айттын алдында Ош шаарынан миңдеген адам коопсуздугунан чочулап сыртка чыгып кетти. Ошол эле учурда шаар тургундары кырдаал дале курч бойдон калып жаткандыгын айтышууда. Бул маселе Коопсуздук кеңешинин катчысы катышкан Оштогу жыйында талкууланды.

Шартка байланыштуу үй-бүлөсү менен Аравандагы туугандарыныкында убактылуу жашап жаткан Ош шаарынын тургуну Тахмина Арипжанова буларды айтат:

- Калк арасында дале корккондор толтура. Мамлекет, ошондой эле тартип коргоо органдары бир нерсеге этибар бербей жатышкандай. Мурдатан айтылгандай, шамал жүрбөсө дарактын башы бекер кыймылдабайт. Жанагы миш-миштерде баары бир чындыктын үлүшү бар. “Дагы бир уруш болот экен” дегенден кийин ар ким өз жанын сактоо мажбур болууда.

Жеке ишкер Ороз Жанышбеков Ошто эмгектенчү. Ушул тапта аргасыздан Алайдагы ата-энесинин үйүндө башкалкалап жүргөн чагы.

- Ошко барган күндө деле түнү көчөдө жүрүү абдан кооптуу болуп калды. Ушундай опурталдуу мезгилде Ак үйдөгүлөр парламенттик шайлоолорду кийинкиге жылдырып таштаса жарашмак. Жаңы бийликке ишеним эбак жоголгон. Июндагы жаңжалды оңойлук менен баса албай коюшпадыбы. Коменданттык саатты 10-августта токтотпогондо, калк арасында мынчалык чочулоо болмок эмес. Кырдаал, менин баамымда, анчалык чеке жылытпайт.

Калк имиштерден чарчады

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов катышкан Ош облусундагы жана шаарындагы күч органдарынын кеңейтилген жыйынында аймактагы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Курсан Асанов жердештери акыркы күндөрү дүрбөлөңгө түшүп жаткандыгын төмөнкүдөй маалыматтар менен байланыштырды:

- Акыркы кездерде “биринчиси, бизге башка мамлекеттерден согушчандар келүүсү күтүлүүдө. Алар ошого улай диверсиялык аракеттерди жасашат экен. Экинчиси, тоо тараптардан улакчандар кол салып, өзбек туугандар жашаган аймактарды басып алышат экен. Үчүнчүсү, тескерисинче, өзбек диаспорасынын мурунку лидерлерине кошулуп өлкөдөн чыгып кеткен эки жүз чакты жигит мекенине кайтып, он биринчи-он үчүнчү сентябрь күндөрү Ош шаарында башаламандык уюштурат экен” деген ушак-айыңдар күчөдү. Албетте аларды басканга күч жетет. Бирок тартип коргоо органдары мындайда чатакты алдын алууда макулдашып, комплекстүү чараларды көрүшүбүз зарыл деп эсептейм. Кокус бирдеме башталып калса, анда кеч болот.

Курсан Асанов сөз арасында ушундай жагдайдан улам бир катар ата-энелер уул-кыздарын мектептерге жана бала бакчаларга жөнөтпөй жаткандыгын кошумчалады.

Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков жайда араздашкан тараптарды элдештирүү аракетине карабастан райондордо деле абал дурус эместигин билдирди:

- “Коогалаңда жапа чеккен өзбек туугандар артына кайтып өч алышат экен” деген кептер тарады. Ачыгын айтыш керек, райондордогу кыргыздар да жооп кайтарганга даяр турушат деген маалыматтар бар. Эки тарапка тең ушундай туура эмес сяасат жүргүзүп жаткан күчтөр арбын. Тилекке каршы, ошолорду таппай жатабыз. Булар акыркы кезде абдан активдүү иштеп атышат.

Сооронбай Жээнбеков
Ал эми шаардын биринчи вице-мэри Таалай Сабировдун айтымында, Орозо айттын алдында Ош шаарынын миңдеген тургундары коопсуздугунан чочулап сыртка чыгып кетишти.

- Биздеги маалыматка караганда, кечээ миңге чукул аял балдары менен тыш жактарга агылышты. Булар көбүнчө чек арага жакын Араван районуна караштуу Достукта жана Сүрөө-Ташта жайгашкан. Үйлөрүнөн бала-чакасы менен кошо продуктуларын ала кетишкен. Ошол жерде бактын түбүндө баш калкалап отурушат. Жергиликтүү калк бизге кайрылып, “элиңерди алып кеткиле” деп жатышат. Чындыгында, эл бийликке ишенбей, атүгүл бизди укпай калды.

Таалай Сабировдун пикиринче, өкмөт журт которгондорду үзгүлтүксүз кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөсө, көчүп кетүүлөр токтобойт.

Коопсуздук көзөмөлдө

Ошентсе да жыйынга катышкан чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленов Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралар катуу көзөмөлдөнүп жаткандыгын, азырынча ал жактардан куралчан топтор өтө электигин маалымдады.

Сөздү улаган ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Фуркат Үсөнов күч органдары ар кандай агрессивдүү аракеттерге аеосуз сокку урууга даяр экендиктерин белгиледи.

- Эгерде кандайдыр бир үчүнчү күчтөр арам ойлорун жүзөгө ашырууну каалашса, аларды токтотконго жана басканга кудуретибиз жетет. Бизге жардамдашуу максатында Бишкектен да беш жүздөн ашуун киши жөнөтүлдү.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жыйынды корутундулап жатып, элден түшкөн маалыматтар тастыкталбагандыгын, ошентсе да ар кандай чыр-чатакты ырбатпай басууга мамлекеттик органдар даяр туруусу зарылдыгын билдирди.

- Жанагындай кептердин чын-бышыгын айтуу азырынча кыйын. Андай ушак-айыңдарды тараткандарды, албетте, таап жазалоого аракет кылмакчыбыз. Канткен күндө да ушундай жоруктарды алдын алууга күч органдары камданып турушат. Чынында, биз июндагы жаңжалдын кайталанышын болтурбайбыз.
XS
SM
MD
LG