Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Петровка чатагы боюнча сот уланат


Бүгүн Петровка чатагына байланыштуу сот жараяны уланып, жабырлануучулар көрсөтмө берүүнү улантышат.

Петровка айылында жаңжалды уюштурду деп айыпталып жаткан “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” бирикмесинин башчысы Сапар Аргымбаев жана дагы бир укук коргоочу Улан Рыскулов камакка алынганына жарым жылга чукулдап калды.

Буга чейинки 9-октябрда болгон соттук териштирүүдө жабырлануучулар суракка алынып, соттолуп жаткан Эркин Бөлөкбаевди, Сапар Аргынбаевди жана Уран Рыскуловду башаламандыкты уюштуруучулардын арасынан көрүшпөгөндүгүн билдиришип, дооматтары жок экенин билдиришкен эле.

“Жашылдар” партиясынын жаштар канатынын лидери Каныбек Сарымсаковдун айтымында, Петровка чатагы боюнча ишти сот башынан баштап эле акыйкат карабай, айыпталуучулардын күнөөсү жок экенин далилдеген бир катар материалдар жоголуп да кетүүдө:

- 26-апрелде Петровкада болгон окуя видео тартылган, ал иштин материалдарынан жок болуп кеткени, экинчиден, мамлекеттик айыптоочулардын С.Аргынбаев менен Э.Бөлөкбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүп, Бөлөкбаев көрсөтмөлөрдү берген деп айыптап жатышат да, коомдук жактоочулар ошол сүйлөшүүлөрдүн басылышын көрсөткүлө деп сураса баш тартып жатышат. Ал эми сот өз кезегинде керектүү, маанилүү документтерди, далилдерди жокко чыгарып жатышат.

Анвар Артыков, Асия Сасыкбаева, Азимбек Бекназаров өңдүү бир катар коомдук жактоочулар да соттук териштирүү бир жактуу башталганын байма бай айтып келишүүдө.

Айыпталуучулардын адвокаттары ишти карап жаткан Москва райондук сотунун төрагасына жана мамлекеттик айыптоочуларга ишенбөөчүлүк да көрсөтүшкөнү маалым.

Саясий серепчи Темир Жумакадыров Петровка айылында орун алган чатакта ким күнөөлү экенин так айтуу, жалпы эле баа берүү өтө татаал деп эсептейт. Ал мындай оюн “Азаттыкка” берген интервьюсунда төмөндөгүчө билдирди:

- Бул окуяда ар бир тарап эмнени көргүсу келсе ошону көрүп жатат. Мисалы жактоочулар оппозицияга кысым болуп атат деп эле, ошону айтып турушат. Ал эми айыптоочу тарап болсо ушуларда күнөөсу бар деп эле карап туруп алышты.

Серепчинин пикиринде, маселенин калыс чечилишин эки тараптын тең окуяны объективдүү карап, ишти саясатташтырбоосу негиздейт:

- Бул окуяда оппозицияга тиешеси бар саясатчылардын тиешеси бар делинип калганы үчүн гана коомчулукта ушундай кызуу талкуу болуп жатат. Менин жеке оюм боюнча, эки тарап тең объективдүү, чындыкка жанаша болгон позицияда болсо туура болот эле, дейт Темир Жумакадыров.

Ушул жылдын 26-апрель айында Москва районундагы Петровка айылында бир топ жигиттер күрттөрдү чектен чыккан ээнбаштык кылышты деп айыптап, алар жашаган үйлөрдү таш бараңга алышкан. Алар күрттөрдүн 24 саат ичинде көчүп кетишин талап кылышкан. Эки ортодо ок атылып, эки адам жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG