Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:25

Үгүт өнөктүгү кандай жүрүүдө?


Буга чейин айрым партиялар көчөлөрдөгү үгүт баракчалары айрылып жатканына даттанышкан.

Буга чейин айрым партиялар көчөлөрдөгү үгүт баракчалары айрылып жатканына даттанышкан.

Убактылуу өкмөт парламенттик шайлоо калыс, чыныгы атаандаштык негизде өтөрүн ырастап келатат. Буга чейинки шайлоолордо колдонулуп келген административдик ресурс азыркы үгүт өнөктүгүндө пайдаланылган жокпу?

«Азаттыктын» түз ободогу талкуусу мына ушул суроонун тегерегинде болуп, ага “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов, “Кабар” маалымат агенттигинин директору Жыргалбек Турдукожоев катышты.

Мыйзам жана мык кагылган бак-дарактар

“Азаттык”: Айрым саясий партиялардын үгүт материалдары бак-дарактарга жабыштырылып атат, мык менен кагылып атат. Кайсы бир партиянын жетекчиси болсо “мен мыйзам тыюу салбаган жерлердин бардыгына каалаган үгүт баракчамды чаптаганга акым бар”, - деп шаар бийлиги менен конфликтке барып атат. Айрым жерлерде болсо жергиликтүү бийлик жетекчилери кайсы бир партиянын жетекчисин аябай чоң шаан-шөкөт менен тосуп алып, ал өткөргөн айрым үгүт жыйындарына катышып, кээде сүйлөп ийген учурлар да болуп атат. Парламенттик шайлоодо админстративдик ресурс пайдаланылбайт деген элек. Бирок ал ачык, тымызын жүрүп жаткан жокпу?

Динара Ошуракунова: Үгүт иши башталды, ошол үгүт материалдарды жер-жерлерге илгенге акысы бар. 3-4 нерселерге үгүт материалдарды такканга болбойт. Аны саясий партиялар сактап атат. Экинчиден, саясий партиялар үгүт иш жүргүзүп аткандан кийин, алардын акысы бар, концерт өткөрөбү, митинг өткөрөбү, плакаттардын чыгарып аткандан кийин аны илиши керек да. Буга чейин мамлекетибиз, өкмөтүбүз эч кандай шарттарды түзүп бербегенден кийин эч кандай бут тосуу болбош керек. Алардын акысы бар. Ошондой материалдарды чыгаргандан кийин эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Алар баккабы, башка жерге илеби, эң негизгиси кыргыз элинин баалуулуктарына, эстеликтерге илгенге болбойт. Ал эми калгандарга илгенге болот. Анткени ал мыйзамга каршы келбейт.

“Азаттык”: Дарактарга мык менен какканы боюнча, экологиялык жагы кандай болот?

Динара Ошуракунова: Экологиялык кызматкерлер чыгып өз баасын берсин. Мык менен какканы туура эмес. Таң калыштуу эмне үчүн кагазды бакка мык менен кагыш керек.

“Азаттык”: Кичинекей желектерди илип атышпайбы?

Динара Ошуракунова: Бул туура эмес. Бул жерде экологияны сакташ керек. Бул саясий партиянын өзүнүн деңгээли. Бир жерден Кыргызстанды өнүктүрөбүз деп, бирок ошол эле экологияга зыян келтирип атканына жарандар өздөрү баа берсин. Буга тыюу салыш керек. Бирок плакаттарды илгенге булардын укугу бар.

“Азаттык”: Жыргалбек мырза, мыйзам тыюу салбаган жерде каалаган ишти жасоого болот дегендей маанай өкүм сүрүп атат. Маселен, кайсы бир партиянын желектерин бак -дарактарга мык менен кадап койгону. Бул эми эки түп эмес, көчөнүн башынан аягына чейин?

Жыргалбек Турдукожоев: Динара айым туура айтып атат, мыйзам чектеген, тыюу салган учурларга биз эч нерсе деп айта албайбыз, аларга тыюу да салалбайбыз, аларды айыптаган да туура эмес мыйзам жагынан алганда. Бирок мыйзамдан сырткары моралдык, ыймандык, эл, коом үчүн зыян келтирбей турган учурлар да бар да. Мына ушуларды саясий партиялар эске албай атканын айтыш керек. Экологиялык жагдайдаларды бузган албетте эч бир партияга аброй алып келбейт. Алар өздөрүнө жакшы иш кылабыз деп, өздөрүн жакшы жагынан көрсөтөбүз деп тескери жагынан көрсөтүп калып атышпайбы. Эртеңки күндө кошумча добуштарды да алып келбейт. Муну түшүнбөй аткан партияларга таң калам.

“Азаттык”: Абдумомун мырза, парламенттик шайлоонун үгүт иштери кандай жүрүп атканын көрүп атабыз, көрүнгөн жерге үгүт баракчаларын чаптап койгон. Канчалык деңгээлде ушул иштер мыйзамга туура келет?

Абдумомун Мамараимов: Биринчи кезекте айтып кетчү нерсе, шайлоонун мыйзам негизинде өткөрөбүз деген сөз айтылып келе жатат. Биздин БШКны кыйнап аткан нерсе, ошол мыйзам боюнча өткөрүү дагы өтө татаал нерсе экен. Себеби мурдагы шайлоолор мыйзам жазылганы менен бийликтегилер айткан сценарий менен өтүп жүргөн экен. Мыйзамга өтө көңүл буруу болгон эмес экен. Азыр биз мыйзамдын ар бир тамгасын, ар бир беренесин карап туруп иштейли дегенде мыйзамга кээ бир карама-каршылыктар чыгып атат, мыйзамда каралбаган көп учурлар болуп калып атат. Ошондой кыйынчылык бар бизде. Экинчиден, мыйзамда ар бир турумушта боло турган учурлар каралышы мүмкүн эмес экен, бардыгын мыйзамга так жазып койгон болбойт экен. Ошондуктан кээ бир кездерде мыйзамда тыюу салынган эмес, бизге боло берет деген сөз да айтылып жүрөт. Мыйзамда жазылбаганы менен, бизде маданият деген да түшүнүк бар. Биз ошону да унутпашыбыз керек. Эң биринчиси, мыйзам боюнча бара турган болсок, кодекстен сыркары башка мыйзамдар да бар. Жеке менчикти коргоо боюнча да мыйзамдарыбыз бар да, административдик кодекс, кылмыш жаза кодексинде көрсөтүлгөн. Ар бир жеке мүлктүн ээси юридикалык жак болобу, же жеке адам болобу алардын мүлкүн сактоого укугу бар, мыйзам менен сакталат. Мисалы бир адамдын дарбазасына анын уруксатысыз плакаттарды чаптап кеткенге болбойт. Көп арыздар бизге түшүп атат, почта жащигине, эшиктерине чаптап кетип атышат деп. Мен партиялардын атын атабай эле сүйлөйүн. Бир партияга карата “Тазалык” ишканасы доо менен чыгып, бизге да арыз менен кайрылды, сотко беребиз дегенге чейин карап турушат. Себеби мэрия тарабынан көрсөтүлгөн жерлер бар, ошого уруксат, же уруксат эмес деген. Ошол уруксат болгон жерлерге чаптап салган. Ошону тазалаш үчүн ишкана акча короттук деп азыр доо менен чыгып атат. Ошондой учурлар бар. Бирок дагы бир айтып кетүүчү нерсе, куралчан жүргөндөр боюнча. Кодексте талапкер жан сакчы менен жүргөнгө акысы бар, же укугу жок деп жазылган эмес. Бирок шартка жараша болуп атат. Бүгүнкү шайлоо өнөктүгү, партиялардын алып барып аткан иш аракеттери бүгүнкү күндө жалпы кырдаалга, биздин жалпы маданияттык деңгээлге жараша жүрүп атат.

Куралчан жан сакчылар

“Азаттык”: Динара айым, президент Отунбаева эгерде кайсы бир партиялар, же саясий күчтөр башаламандык баштайбыз десе парламенттик шайлоону токтотуп, ал жерде өзгөчө абал жарыялана тургандыгын айтты. Билесиз, биздеги көпчүлүк саясий партиялардын жетекчилери куралдуу жан сакчыларынын коштоосунда жүрөт, айрым партиялардын өзүнүн куралдуу топтору пайда болду деген да ой айтылып атат. Шайлоо даярдыгы баштала электе эле ушундай кооптонуу бар эле. Сиз Кыргызстандын аймактарын кыдырып жагдайды билесиз. Ошондой кооптонууга негиз барбы?

Динара Ошуракунова: Бар. Узак мөөнөттү байкоочулардын биринчи отчетун алдык. Ошонун ичинде биз атайын коопсуздук боюнча элдер эмне деп ойлоп атат деген суроолорду берип, жер-жерлерден маалыматты чогултсак, эң негизги коркунуч бар экен адамдардын арасында. Биринчи, шайлоодо чоң конфликт чыгып кетет. Экинчиден, митингдер болот. Үчүнчү, курал колдонуу деген. Мен июлда эле ушул шайлоону кичине арырак жылдырып, кышында өткөрүп, эң биринчи маселе, элдердин колунан бүт куралдын барын терип алышыбыз керек, андан кийин шайлоого барышыбыз керек деген пикиримди айткам. Тилекке каршы мени эч ким колдобой койду. Мага да башкача пикирлер айтылды, эгерде шайлоо күнүн жарыялап коюп, кайра жылдырсак, бул элди кайра коркунучка келтирет. Ошон үчүн өз убагында өткөндө ал стабилдүүлүгүн көрсөтөт деп. Ага деле кошулам. Бирок ошонун ичинде, биз азыр көрүп атабыз өкмөт куралдарды чогултуу боюнча жакшы жумуш жүргүзө албай атат. Анткени төлөгөн акчасы 2 миң, же 10 миң сом беребиз дешип. Бирок базарда колдон 2 миң доллардан сатып атат. Анан адам ойлонуп туруп кимге берет? Ал мамлекетке 10 миң сомго береби, же 2 миң долларга башка бирөөгө сатып ийеби? Чоң маселе турат.

Биз да айтып атабыз, өткөн форумда башкы прокурорго атайын суроо бердим, силер өзүңөрдүн бааңарды бербейсиңерби, эмне үчүн саясий партиялар өздөрү адамдарын куралдантып алып, ошолор менен чогуу жүрүшөт. Ошонун ичинде автоматтар менен, ал жигиттер атайын окуганбы, алардын психикасы кандай? Эгерде жини келсе, же ичип алса бирөөнү атып салсачы? Биз андайдын барын байкап, көрүп атабыз. Ошондуктан андай коркунуч бар. Экинчиси, биз өкмөтөкө, башкы прокурорго талап коюшубуз керек, сөзсүз өз бааңарды бергиле деп. Партиялардын жаш канаттарынын куралдары бар деп айтып атат. Ошону карап, сурап, барбы, жокпу, колдонобу, колдонбойбу деген маалыматты так алып, анан элдерге айтыш керек.

“Азаттык”: Жыргалбек мырза, Кыргызстанда оогандык синдром деп коебузбу, же оогандашуу процесси жөнүндө да кеп болуп калды. Анткени айрым партиялар, айрым саясий күчтөр, жөнөкөй эле кишилер, жанында кайдан алганы белгисиз, мыйзамдуубу, мыйзамсызбы, бирок автомат, куралдары менен жүргөндөр бул көнүмүшкө эле айланып калган апрель окуяларынан кийин. Ошондой коркунуч барбы, же болбосо биз маселени өтө эле коюлантып ийип атабызбы?
Жыргалбек Турдукожоев

Жыргалбек Турдукожоев: Кээ бир лидерлердин куралчан жан жөкөрлөр, жигиттер менен өздөрүн коргоп жүргөнүнө байланыштуу коомчулуктун, анын ичинде жарандык сектордун нааразы болуп, каршылыктарын көрсөтүп атканы туура эле деп ойлойм. Чыныгы лидер, чыныгы элчил болсо мыйзамдарды толук сакташ керек. Эгерде өмүрүнө, ден-соолугуна коркунуч келсе албетте мыйзам жол берет сакчыларды, куралдарды алып жүргөнгө. Ушул жагынан алганда кээ бир партиялардын лидерлери болобу, же мамлекеттик бийлик органдарында иштеген жетекчилер болобу, аша чаап кеткен учурларын моюнга алыш керек. Ошол эле учурда бул жалпы массалык көрүнүш деп айтуудан мен алысмын. Тополоң, коогалаң учурунда укук коргоо органдарынын колундагы, же коргонуу мекемелериндеги куралдардын жоголуп, калк арасында тарап кеткени бул факт. Анын санын канча экенин тийиштүү мекемелердин жетекчилери айтып атышат. Алардын айтканы чындыкка туура келсе, анда өтө деле көп эмес. Мындан сырткары дагы бир жагдай бар. Өлкөбүздүн ичиндеги калктын колундагы куралдар укук оргоо органдарынан алынып кеткен куралдар элеби, же сырттан да келип атабы, бул башка маселе. Мына ушул жагына катуу көзөмөл жүргүзүп, ошолорду алуу жагынан тийиштүү мамлекеттик органдар жеткиликтүү иш алып барбай атканы бул факт, чындык. Муну моюнга алыш керек.

«Азаттык»: Абдумомун мырза, куралдуу жигиттерден улам чыкчу кеп. Шайлоодо чоң талаш чыгышы мүмкүн. Жеңилип калган партия чатак салып ийиши мүмкүн. Партиялардын үгүт иштеринде элди түндүк-түштүк, батыш-чыгышка, же башкага бөлүү боюнча фактылар, же кайсы бир жетекчинин кайсы бир партия жетекчисине ачык болбосо дагы, тымызын, же кыйыр түрдөгү колдоо көрсөтүү фактылары катталып атабы?

Абдумомун Мамараимов: Бүгүнкү күнгө карата БШКга одоно түрдө мыйзам бузган учурлар боюнча кайрылуу жок. Кээде болуп атат нааразы болгон фактылар. Бүгүн бир арыз келип түштү, бир партиянын жетекчисинин сүрөтүнүн үстүнөн, башка партиянын жетекчиси өзүнүн плакатын чаптап салган. Бул маданиятсыздык, мыйзамды бузууга да кирет. Бирок аны такташ керек. Ошол партиянын тарапкерлери жасадыбы, же эки партияны согуштуруп коеюн деген ойдо бирөө провокация уюштуруп жасадыбы. Сиз айткандай, кооптонуу бар, куралчандар жөнүндө сөз болуп атат. Бирок мен оптимисттик көз менен карайм. Биздин саясатчыларыбыз, саясий элита, партиялардын лидерлери ошондой нерсеге алып барат деген нерседен алысмын. Мамлекетти бөлүп жарганга, региондор аралык чыр чатактын чыгып кетишине жол бербейт деп мен ишенем. Ошого карабастан Роза Исаковнанын айткан сөзү убагында айтылды деп эсептейм. Эскертүү берип койду. Азыр партиялар канчалаган акчаларын коротуп атышат, канчалаган үмүттөр менен бийликке келип, мамлекетти башкарсак деп өз программалары менен чыгып атышат. Ошол жасап аткан иштери ара жолдо калып кетишин каалабаса керек. Жоопкерчиликтүү мамиле жасап, шайлоону жакшы, 100 пайыз таза болот деп эч ким айта албайт, дүйнөгө колубуздан келет таза шайлоо өткөргөнгө деп биринчи жолу көрсөтүп кое алабыз деген үмүттө жашап атам мен азыр.

Байдын уулу сүйлөсүн, дасторкон үстүндө

“Азаттык”: Динара айым, айрым партиялардын акча, буюм таратуу, ал эми кээ бир жерде керек болсо дасторкон жайып, шайлоочулардын көңүлүн алгандыгы жөнүндө маалыматтар айтылып атат. Буга чейинки шайлоолор кенен дасторкон менен, бапыраган акча менен коштолуп келди эле. Бул ирет ошондой фактылар жолугуп атабы?

Динара Ошуракунова: Биздин саясатчылар жарым жылда эле өзгөрүп кеткен жок, ыкмалары ошондой эле эски. Ар бир шайлоодо талапкерлер жер-жерлерге барып атат, программасы жок, программасы болсо дагы аны так айтып бере алган жери жок, элдер деле аны талап кылган жок программаңды айтчы, эмне кылып өнүктүрөсүң деп. Эл дагы күтүп атат ким канча сом берет экен менин добушум үчүн деп. Эл келип эмне программаң бар, акчаңдын кереги жок, эмне кылып өнүктүрөсүң, буга чейин эмне кылып жыргаттың, келгенде эмне болуп жыргатасың десе, анда аракеттер башкача болмок. Тилекке каршы бизде социалдык-экономикалык абалыбыз абдан начар. Жер-жерлерде чоң жумушсуздук. Ошондуктан жок дегенде шайлоодо пайда көрүп алалы бийликке чуркаган адамдардан деп жер-жерлерден күтөт. Талапкерлер албетте келип өз дасторконун жаят. Бизде фактылар бар, жер-жерлерде бир нече партиялар үгүт баштала электе эле ифтар (ооз ачар) өткөргөн. Анын ичинде “Республика”, “Ата Мекен”, СДПК, “Ак шумкар” жана башка партиялар бар. “Ата Журт” 47 жолу өткөрүптүр. Ал эми СДПК эң көп, 100 ифтар өткөрүптүр. Анын барын биз азыр отчетко салып, “Демократ” гезитибиз бар, ошол аркылуу жер-жерлерге таратабыз. Андан тышкары БШКга да жибердик, дасторкон жаюу, концерт берүүлөр боюнча. Башка бизде үгүт жүргүзгөнгө барынын тең тажрыйбасы бар. Башка жаңыча кандай өткөрүү боюнча саясий партиялар жол таба элек. Ошондуктан эски жол менен эле баратат.

“Азаттык”: Жыргалбек мырза, ушундай жагдайда жергиликтүү бийликтин үнү чыгып, мамилесин билдириш керек эле да?

Жыргалбек Турдукожоев: Заман, коомдун аң сезими, жарандарыбыздын, өзгөчө саясий аң-сезими бир топ жогорулады. Мамлекеттик муниципалдык бийликтердин иши болсо мурда кандай болсо, ошол эле даражада калып атат деген менин өзүмдүн шектенүүм бар. Жаңы нукка өтпөй, жаңыча иштебей, мурдагыдай жогорку бийлик алардын колу-бутун байлап, жолуна бөгөт болуп, административдик ресурстарды көрсөтүш керек деп аларга кысым, басым көрсөтүп аткан жери жок. Ушундай учурда өздөрүнүн укуктарын, өзгөчө ыйгарым укуктарын толук пайдаланып, өздөрүнүн күчтөрүн көрсөткөнгө азыр толук жол ачылды. Тилекке каршы аны пайдаланбай атышат.

«Азаттык»: Азыр дагы айрым партиялар, шайлоочулардын көңүлүн алыш үчүн акча таратуу, ичкилик куюп берүү, же болбосо өзүнчө той жасап ийүү фактылар болуп атабы, сиздерге жетип атабы?
Абдымомун Мамараимов

Абдумомун Мамараимов: Ошондой сөздөрдү биз алып атабыз. Бирок расмий түрдө бизге кайрыла элек бул маселе боюнча. Той, акча таратуу деген сөз мурдатан болуп келген, азыр да булардын бардыгы токтоп калат деп айтууга болбойт. Бирок ошондой фактылар такталып, катталып атат. Далилдеп алып келишсе, биз ошого чара көрүп бералабыз. Азыр биздин буга күчүбүз да жетет, мыйзам да буга жол берет, биздин ошондой мүмкүнчүлүгүбүз бар деп ойлойм.

“Азаттык”: Динара айым, мына ушундай мыйзам бузуулар массалык түрдө болбосо дагы негизинен кездешип атат. Кыргызстан мыйзамдык деңгээлде калыс, ачык, демократиялуу шайлоо өткөрүүгө даярбы?

Динара Ошуракунова: Даяр. Эски шайлоо эмес бул, бул башкача шайлоо. Бул жерде 29 саясий партия бири-бири менен күрөшүп, жарышып атат. Макул, арасында эркелери бар экен. Бирок алардын баарына тең мамиле. Эч кандай бир чоң режим, бийлик бир партия үчүн иштеген жок. Бул биринчиси. Мыйзам бузуу болуп атат. Албетте болбой койбойт. Бул шайлоо. Эң демократиялуу өлкөлөрдө деле ошондой мыйзам бузуулар болот. Бирок шайлоочулар ойлобогула, бүт жерде одоно мыйзам бузуу болуп атат, бул эски шайлоо деп. Жок, бул жаңы, бул башкача шайлоо. Административдик ресурс жалгыз бир партия үчүн иштеген жок. Албетте жер-жерлерде ар бир саясий партиялардын бийликте өз өкүлдөрү бар. Алар эскиче өзүнүн партиясын колдоп, аракеттерди жасайт. Бирок бардыгы тең бир партия үчүн иштеген жок. Бул эң негизгиси. Экинчиси, БШК мурда бийликке толугу менен баш ийип, бүт айтканын жасачу. Азыр андай эмес. Азыр БШК чынында эле көз карандысыз орган. Бүт барына тең мамиле жасап, фальцификацияга барбайт. Ошондуктан бул бизге тарыхый мүмкүнчүлүк. Тең мамиле болуп аткандан кийин бүт партиялардын мүмкүнчүлүгү бар. Албетте бир партияларга жер-жерлерде ар кандай мамиле жасайт эл дагы, бийлик орган өкүлдөрү дагы. Бирок жалпы караганда барында мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан азыр күрөш курч болуп атат, бири-бирин көзөмөлдөө жүргүзүп атат.

“Азаттык”: Анда ушундай жакшы маанай менен бүгүнкү кебибизди жыйынтыктасак.



Талкууну "Азаттыктын" кабарчысы Бекташ Шамшиев уюштурду
XS
SM
MD
LG