Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Эл аралык укук коргоочу уюмдар чынында эле акыйкаттык жана адам укуктарынын сакталышы үчүн бейтарап күрөшөбү же айрым учурда бир тарапка тартып, экинчи тарапты каралоого жол береби? HRW уюмунун Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар боюнча отчетундагы айрым жагдайлар бейтараптуулуктан күмөн туудурду.

Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаң боюнча отчетун август айынын кап ортосунда жарыялаган эл аралык Хюман Райтс Уотч (Human Rights Watch) уюму өлкөдө ур-тепкиге кабылды. Кээ бирлер «отчет өзбектерге тартат» деп айыптап демонстрацияга чыкса, башкалар «бизге акыл үйрөтпөсүн» дегендей текебер мамиледе болушту.

Иш жүзүндө бул уюмдун жазгандарына Кыргызстанга окшогон жарды өлкөлөргө жардам берген Бириккен Улуттар уюму, Европа Биримдиги, Батыш өлкөлөрү өтө кылдаттык менен мамиле кылышат. Ушул сепептен улам бул уюмдардын айткандарына Кыргызстан да олуттуу мамиле жасоого мажбур. Бирок бул уюмдардын таасири өтө чоң болгондуктан, аларын отчетторунун бейтарап болушу да өтө чоң мааниге ээ.

Штаб-квартирасы Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch уюму июнь коогалаңы боюнча терең жана фактылардын негизинде кеңири отчет жазган алгачкы тарап болуп калды. Документте 10-14-июндагы кылмыштар кеңири сөзгө алынат. Аскер жана тартип коргоочулардын ролу, кийин кылмыштарды иликтөөдө өзбек улутундагыларга ыдык көрсөтүлүшү, кыйноолор тууралуу күбөлөрдүн жана бийлик өкүлдөрүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде абдан оор кырдаалдардын бети ачылып көрсөтүлөт. Алар менен отчеттон кеңири таанышуу мүмкүн.

Бир тараптуулук кокустукпу же…

Ошол эле убакта, акыйкаттык үчүн белгилей кетчү кырдаал, отчеттун авторлору коогалаңдын башталышында өзбек тектүүлөр биринчи болуп кыргыздарга жоон тобу менен кол салып, турак-жайларын өрттөй баштагандыгын жазды.
Кыргызстанда ар бир жаран өзүн коопсуз сезбесе мунун кесепети абдан жаман болот.


Кыргындын алгачкы күндөрүндө кыргыздар эл аралык маалымат каражаттарында бир тараптуу каралангандай сезим калтыргандыгын эске алганда бул өтө маанилүү тыянак болуп саналат. Бирок отчет кыргыз улутундагы жарандардын тарткан азабы үстүрт берилгендей сезим калтырат. Мисалы, бир өзбек аял күйөөсүн издеп, беш айлык ымыркай баласы менен көчөгө чыкканда аскер киймин кийген төрт киши аны зордуктап, аңга таштап кетишет. Баласы ошол бойдон жоголот. Бей тараптуулук зарылдыгынан улам болсо керек, буга тең салмактоочу мисал катары Жалал-Абадда көчөдө бараткан кыргызга 4-5 өзбек кол салып, ал киши жанындагы карындашы менен качып кеткендиги жазылат. Кыргыздарга карата мындан алда-канча оор кылмыштар жасалганын эске алганда, аялдын жоон топ эркектин зордукташынан кийин бир кишинин анча-мынча токмоктолушун мисалга тартуу менен, авторлор бир тарапка тартып жаткандай сезим калтырат.

Мындан тышкары Базар-Коргондо милиция өкүлүнүн өлтүрүлүп, өрттөлүшү тууралуу тетири маалымат берилген жана Сузакта өзбектер жол тосуп турган Сампадагы киши өлтүрүүлөр тууралуу бир да сөз айтылган эмес. Бул окуялар Жалал-Абад менен Оштон сырткары аймактардагы эң кандуу кесепеттерге алып келген окуялардын катарына кирерин эске алганда, отчеттун мындай кемчилиги кокустукпу же бейтараптуулуктун одоно бузулушубу деген суроо жаралбай койбойт.

200дөн ашык кишини сурамжылоонун негизинде жазылган отчеттун автору Оле Солванг менен ал отчет жарык көргөн күнү эле маектешкен элек. Отчет менен кеңири таанышкандан кийин пайда болгон күдүк суроолор менен бүгүн Солванг мырзага кайра телефон чалдык.

Маалыматтын жетишсиздиги чоң ролду ойноду

Солванг Human Rights Watch уюму кыргыз элин күнөөлөп жатпаганын, болгону конкреттүү кылмыштардын бетин ачып, конкреттүү кылмышкерлерди жазалоо маселесин көтөрүп жаткандыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле отчет даярдалып жатканда айрым маалыматтар жетишсиз болгондугун моюнга алып, бирок кийинки отчетто Базар-Коргон, Сампа боюнча да кошумча иликтөө болот деп сөз берди:

- Биз албетте ар түрдүү жолдор менен түшкөн маалыматтарды ачыкка чыгарабыз. Кээде доклад жарыялайбыз, кээде пресс-релиз жазабыз, кээде бийликтерге кат жазабыз. Азыр эл аралык иликтөө жүргүзүп жаткандарга да маалымат беребиз. Абалга жакындан байкоо салууну уланта беребиз деп ишенип коюңуз. Биз чогулган маалымат акыйкаттыкты камсыздоо үчүн максаттуу пайдаланат деп ишендире алам.

Human Rights Watch уюмунун отчетунда, Солванг айткандай, маалыматтын тартыштыгынан улам, айрым маанилүү кырдаалдар көңүлгө алынбай калган болушу мүмкүн. Балким отчетту даярдашкандардын арасында өзбек улутундагылар болгондон улам, айрым маалыматтар бир тараптуу болуп калган жокпу? Бул суроого өзү түпкүлүгү норвегиялык Оле Солванг уюмда өзбек же кыргыз улутундагылар иштебейт, сурамжылоо жана маалымат чогултуу иштеринде да кыргыздар же өзбектер катышкан эмес деп жооп берди:

- Мындай коогалаңда жергиликтүү тургундардын өкүлдөрүн катыштырбоо Human Rights Watch уюмунун ички саясаты эмес. Мындай татаал кырдаалда кыргыз жана өзбек кызматкерлерибиз болгондо, бизге көп артыкчылык болмок. Экинчи жагынан биз андай кызматкер өз улутуна тартып, бейтараптуулукту бузуп коюшу мүмкүнчүлүгү бар экендигин эң жакшы түшүнөбүз. Биз буга этият мамиле кылабыз. Бирок узун сөздү кыскартканда, бизде кыргыз да, өзбек да иликтөөчүлөр иштебейт.
Отчеттун авторлору коогалаңдын башталышында өзбек тектүүлөр биринчи болуп кыргыздарга жоон тобу менен кол салып, турак-жайларын өрттөй баштагандыгын жазды.


Human Rights Watch уюмунан бир жумадан кийин эл аралык Кризистик топ өз докладын жарыялаганы маалым. Ал документте кыргыздардын арасында улутчулдуктун күч алышы эл аралык коомчулук көңүл бура турган кырдаал экендиги белгиленген. Уюмдун докладында бул коркунучка көңүл бурулбаган менен, Солванг бул маанилүү маселе экендигин белгиледи жана тыкыр көз карандысыз иликтөө жүргүзүү, кылмышкерлерди жана кыргынга жол берген же аны алдын ала албаган жетекчилерди жазага тартуу талаптары улутчулдуктун тегирменине суу куйган менен акыйкаттык болмоюнча, кайсы да болсо өлкөнүн келечегине кедери тийгизерин белгиледи.

Июнь окуялары Кыргызстандын коомуна терең доо кетирип, орду толгус жоготууларга алып келди, мамлекеттик келечеги да, анын бүтүндүгү да коркунучка туш келди. Ушул шартта сиз жеке өзүңүз келечекке үмүттүү карайсызбы же жокпу? Бул суроого иликтөөнүн автору «оптимистмин» деп жооп берди:

- Мен үчүн бир нерсе айдан-ачык, ушундан улам да мен оптимист болууну чечтим. Мен үчүн ушул нерсе айдан-ачык. Кыргыз болобу, өзбек болобу, Кыргызстанда ар бир жаран өзүн коопсуз сезбесе, ар бир жаран өз өкмөтүнө ишенбесе, өкмөт мага жардам берет деген ишенимде болбосо, борбордук жана жергиликтүү бийликтер мына ушундай сезимди жарата албаса, мунун кесепети абдан жаман болот. Ушундан улам мен оптимист болууну чечтим. Себеби мындан башка бир гана жол бар: Кыргызстанда бардык баскычтагы бийликтер чыныгы элдешүүгө шарт түзүп, өлкөнүн тынчтык келечегин камсыздай алат деп үмүттөнөм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG