Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:59

Мароккодо дзю-до күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө


Мароккодогу дзю-до күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын төрт жигит коргоп жатат. Ушул жана башка спорт кабарлары.

Мароккодогу дүйнөлүк дзю-до таймашы

22-октябрда Марокконун Агадир шаарында дзю-до күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталды. Өлкөдө дзю-до күрөшүн өнүктүрүү борборунун жетекчиси Талант Беккулов:

- Кыргызстандын намысын 60 кг. салмакта Кантимур Бопоев, 83 кг. салмакта Виталий Рыжиков, 100 кг. салмакта Болот Токтогонов жана оор салмакта Юрий Краковецкий коргоп жатат. Алардын алгачкы атаандаштары аныкталды. Төрт жигиттен үмүт чоң. Айрыкча быйыл жайында Сингапурда өткөн жаштардын биринчи олимпиадасында дзю-до күрөшүнөн коло медаль утуп, үчүнчү орунду ээлеген Болот Токтогонов дагы кыргыз өңүн дүйнөгө таанытып, мөрөй алышы мүмкүн.

Германиянын кыргызстандык кайыкчыларга кайрымы

Германиянын Кыргызстандагы элчилиги Балыкчы шаарындагы Олимпиадалык резерв жел кеме спорт мектебинин окуучуларына жел кемелерди жана жабдууларын расмий өткөрүп беришти.

Мындан бир жыл мурда өлкөнүн жел кеме спорт федерациясынан Германиянын Кыргызстандагы элчилигине жардам сурап кат жиберилген. Анда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жаш спортчулардын оор абалы, спорт жабдууларынын жоктугу жөнүндө айтылган.

Германия элчилиги жаш кайыкчылардын көйгөйлөрүнө түшүнүү менен мамиле жасап, жел кеме жана яхтанын зарыл жабдууларын сатып алууга чакан гранттардын программасы боюнча 5 миң евро бөлүп берген. Жабдууларды даярдоо менен Кыргызстандын “Кирик Марин” компаниясы иш жүргүзгөн. Анын кызматкерлери даярдоочу фирмаларды табуу менен тизмеде көрсөтүлгөн бардык жабдууларды Кыргызстанга жеткирип, аны кыргызстандыктарга тапшыруу аземи болду.

Олимпиадалык алгачкы атаандаш ирандык футболчулар

Азия футбол конфедерациясы 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага талапкерлерди тандоо чучукулагын өткөрдү. Кыргызстандын футболчуларынын биринчи атаандашы Иран өлкөсүнүн командасы болуп, биринчи беттешүү 2011-жылдын 23-февралында өтөт. Ал эми жооп иретиндеги экиничи беттешүү кийинки жылдын 9-мартына белгиленди. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуев билдирди.

2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага жолдомо алуу үчүн Азиянын 35 өлкөсү талапкерлигин билдирген. Олимпиадага жолдомо алуу үчүн футбол командасы үч этап менен мөрөй талашууларда иргелип алынышы зарыл. Ошондо Азиядан үч-төрт өлкөнүн футолдук командасы Лондон олимпиадасына катышууга жолдомо алышмакчы.

Жарым финалга чыккан үч боксчу

Учурда Чымкент шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. СССРдин баатыры Каракөз Абдалиевди эскерүү мелдешинде кыргызстандык үч бокс чебери жарым финалга чыгышты. Баш байге үчүн жеңил салмакта Азат Үсөналиев, 54 кг салмакта Өмүрбек Малабеков жана 90 кг салмактагы Сергей Паренко күч сынашканы турат.

Чыгыш өнөрүнөн Португалиядагы таймаш

22-октябрда Португалиянын Портимао шаарында карате-до чыгыш өнөрүнүн сетокан ыкмасы боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында Кыргызстандын намысын Нурислам Абдурашитов коргоп жатат. Жеңүүчүлөр 24-октябрда аныкталат.
XS
SM
MD
LG