Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин укуктары чектелди


Конституциялык кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, мүчөлөрү Данияр Нарынбаев, Аида Салянова
Конституциялык кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, мүчөлөрү Данияр Нарынбаев, Аида Салянова

Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы Убактылуу өкмөт тарабынан жактырылып, коомчулукка жарыялануу алдында турат. Аталган документ 27-июнда бүткүл элдик референдумга коюлат. Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайланат жана анын ыйгарым укуктары кыйла эле чектелди.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Данияр Нарынбаевдин айтымында,
Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, президенттин ыйгарым укуктары чектелип, парламент менен өкмөтткө өткөрүлүп, президент мурдагыдай каалагандай мамлекеттик жаңы органдарды түзө албайт, өкмөттүн мүчөлөрүн премьер-министрдин сунушу менен гана кызматтан алалат. Борбордук органдардын жетекчилигин дайындоо жана кызматтан алууда да президенттин ыйгарым укуктары чектелген.

“Жаңы редакцияда адам укуктары атуулдардын укуктары жана эркиндигине өзгөчө маани берилип, Элдик курултайдын жобосу дагы киргизилди”,-дейт Д.Нарынбаев.

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев Конституциянын жаңы редакциясында Кыргызстанга парламентттик башкаруу системасы тандалып алынганын, адам эркиндигин жана сөз эркиндигин коргоого, демократиялык жол менен кетүүгө ылайыкташтырылып жазылганын билдирди.

- Кыргызстанда элди ойлогон бийлик болсо. Эл бийликке көзөмөл жүргүзсө, адилеттүү башкаруу системасы орносо деген үмүт-тилек менен сунуштаган. Мына ошол үмүт-тилекти негиз кылып алып, биз ишке ашуу формаларынын механизмдерин жалпылап, ушул жаңы редакцияга чыгардык.

Ө.Текебаев бул Конституциянын жаңы редакциясы акыркы вариант экендигин, эми өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбестигин айтты.

Ошол эле маалда коомчулукта Убактылуу өкмөт сунуштаган Конституциянын жаңы редакциясына алымсынбагандар да бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимовдун айтымында, жаңы иштелип чыкты делген Конституциянын мурдагыдан айырмасы деле жок:

-Убактылуу өкмөт сунуштаган долбоорду баштан-аяк карап чыктым. Президенттин мурдагыдай эле бардык жерде укуктары бар. Аскердин башчысы, кетирет, алат-коет, өкмөттүн курамын бекитет деп бардыгы эле жүрөт. Ошондуктан бул жерде өзгөрүүлөр жок. Бул Баш мыйзам кабыл алынса анда биздин мамлекетибизди ого бетер көп жылга токтотуп коюшу мүмкүн.

Алмамбет Матубраимов Убактылуу өкмөт сунуштаган Баш мыйзам косметикалык оңдоо, жасалмалоо болуп президенттин, өкмөттүн, соттун жоопкерчилиги жок экендигин, сот президент менен Жогорку Кеңешке көз каранды болуп каларын белгиледи.

Анын айтымында, парламенттик башкаруу формасы саясий партиялардын арасындагы карама-каршылыкты күчөтүп, шайлоодо коомчулукта кайрадан башаламандыкты жаратуу коркунучу бар.

Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева
болсо Өмүрбек Текебаев өзүнүн жазган Конституциясын элге таңуулап, референдум аркылуу өткөргүсү келип жатат деген ойдо.

- Бир эле киши өзүнүн жазган, каалаган нерсесин сунуштап, элдин алдында “мына биз жаздык, Конституцияны бүттүк”,- деп элди алдаганы турат. Биз бул Конституциядан тарыхый өзгөрүштөрдү жасай албайбыз. Себеби дегенде бул эски Конституция. Анда эл менен акылдашпай, Конституциялык кеңешме менен акылдашпай киргизилген пункттар бар. Аябай коркунучтуу бир топ карама-карышылыктар менен бул Конституция ишке ашпайт.

Өмүрбек Текебаев мындай пикирлер менен макул эместигин билдирди. Анын айтымында, бул Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору Убактылуу өкмөт тарабынан жактырылып, коомчулуктун талкуусуна коюлуп, аз убакыттын ичинде өлкө жарандары талкулоого активдүү катышты.

-Конституциялык талкуунун жүрүшүндө миңдеген сунуштар келип түштү. Жогорку Кеңешке расмий түрдө ондон ашык долбоор келип түштү. Ошонун ичинде “мен жана менин аялым иштеп чыккан долбоор” деген сунуштар да келип түштү. Албетте алар бири-бири менен айырмаланат. Бирок алардын максаттары бир: Кыргызстанда элди ойлогон бийлик болсо, эл бийликке көзөмөл жүргүзсө, адилеттүү башкаруу системасы орносо деген үмүт-тилек менен сунуштаган. Биз мына ошолордун бардыгын ушул жаңы редакцияга топтодук. Бул Баш мыйзамдын жаңы редакциясына эл аралык уюмдардын эксперттери абдан жогору баа берди.

Өмүрбек Текебаев ошондой эле жалпы элдик талкууга Конституциянын жаңы редакциясы жана “Өткөөл мезгилдеги президент жөнүндө” декрет коюларын, референдум 27-июнда, парламенттик шайлоо 10-октябрга, президенттик шайлоону келерки жылдын октябрь айынын соңунда өткөрүү болжолдонуп жатканын белгиледи.

Конституциялык кеңешменин маалыматына караганда, техникалык себептерден улам Баш мыйзамдын жаңы редакциясы бүгүн эртең менен коомчулукка жарыяланбай калды. Кечке чейин лингвистикалык жана техникалык жактан текшерилип, кечинде коомчулукка жарыяланып, эртең гезиттерде басылып чыгат.

XS
SM
MD
LG