Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:50

Өмүрбек Текебаев Швециядан шерденип кайтты


"Ата Мекен" партиясынын лидери швециялык социал-демократтардын курултайынан алдыңкы идеяларды угуп, шерденип кайтканын билдирди.

- Өмүрбек мырза, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидерлери Швецияга барып келдиңиздер, ошол сапардын максаты жана андагы жолугушуулар тууралуу айта кетсеңиз?

- Бүгүн дүйнө чоң изденүүнүн алдында турат. Бул дүйнөлүк кризистен улам ашынган фундаменталдык рынок идеясы универсалдуу эмес экен деген, анын акыркы 20-30 жылдан бери дүйнөгө, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнө таңуулап жаткан жеке кызыкчылык, жеке пайда деген пир туткан идеялардын туура эмес экенин дүйнөлүк кризис көргөздү.

Оңчул рынок экономикасынын Мекеси болгон АКШ дагы Кудайга тобо келтирип, мамлекеттик жөнгө салуу мене өз экономикасын колдой баштады. Биз дүйнөлүк социал-демократиялык кыймылдын мүчөсүбүз. Биз Кыргызстандын, Орто Азиянын шартында социал-демократиялык идеологияны кандай пайдаланууну изилдеп жүрөбүз. Тажрыйба алмашуу максатында, партиялар ортосундагы мамилени түзүп, андан ары бекемдеп улантуу максатында швециялык социал-демократтардын чакыруусу менен курултайына барып катышып келдик.

Курултай 4 күн жүрдү, 30дай өлкөнүн партия өкүлдөрү келди. Биз алардын көпчүлүгү менен пикир алмашып, тажрыйба алмашып, туруктуу мамилелерди түзүп келдик. Съезддин жыйналышына бир нече өлкөнүн социалисттик өкмөтүнүн башчылары келип катышты. Социнтерндин төрагасы, лидери Грециянын азыркы премьер-министри Папандреу

Грециялык социалисттер жакында парламентте жеңип чыгып, өкмөттү колго алышты. Папандреу сөз сүйлөп, биздин социалисттердин эң негизги милдети дүйнө адамдарына ишеним берүү, адилеттүүлүк орнотсо болот, адилеттүү коом түзсө болот деген ишенимди берүү керек деген идеяны айтты.

Бүгүн Кыргызстанда көпчүлүк адамдар адилеттүүлүк болбойт экен, бийлиги, байлыгы бардын заманы экен, шайлоо адилеттүү өтпөйт, турмуш оңолбоойт деп мөңгүрөп турган убакыт. Бизге окшогон элдер дүйнөнүн башка жактарында дагы бар. Бирок дүйнөлүк тарыхтан биз үлгү алып, дүйнөлүк саясатчылардын тагдырын көрүп, дем алып, шерденип, дүйнөнү өзгөртсө болот экен, өкүмзардык, зордук-зомбулук түбөлүк эмес экен деген бир пикирге келишибиз керек.

Мен ушул барган жолугушууда көптөгөн дүйнөнүн – Африкадагы, Азия, Латын Америкасындагы саясий лидерлери менен жолугуп, алардын тагдыры биздикинен да татаал болгонун, бизден да чоң кыйынчылыктарды көргөнүн, бирок ошого карабастан жеңишке жетишкенин, алар өз өлкөсү эмес, дүйнөнү өзгөртөбүз деген алдына чоң максат койгонун көрүп, биз да шерденип келдик.

Социалдык Интернационалдын башкы секретары Луис Айова чилилик болот өзү. Ал Чилиде аскердик диктатурасы орногонун, адамдар жоголуп, өлтүрүп, концлагерлерге камалгандыгын, ушундай кыйын кезди башынан өткөрүп, күрөшкөндүгү жөнүндө айтып, анын жеке үлгүсүндө Кыргызстандын демократтары сынбагыла, мөңгүрөп чөкпөгүлө, эртеби-кечпи мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жеңет деп айтты.

Кыргызстанга, жалпы эле Орто Азияга Социнтерндин көңүлүн бура алдык. Социнтерндин башкы катчысы январь, март айларында Кыргызстанга келип кеткен атат. Биз Социнтерн менен бирдикте Борбордук Азия чөлкөмүндө демократиялаштыруу процессин андан ары күчөтүү, социал-демократиялык идеологияны таратуу боюнча иш чараларды, сунуштарды иштеп чыгып, дүйнөлүк Социнтерн уюмуна сунуш жасайбыз дейбиз.

Кудай буюрса ушул жылдын аягына чейин биз Борбордук Азиянын саясий, социалдык реформалары боюнча өзүбүздүн сунушубузду киргизе алабыз.

- Өмүрбек мырза, сиз айттыңыз, ашынган оңчул күчтөрдүн саясаты кыйроого учурады деп. Бизде азыркы кезде ошол саясат уланып жатпайбы?

- Абдан туура баамдадыңыз, дүйнөлүк кризис дүйнөлүк процесстерге баа салбастан, Телибай тентектей болуп "тызылдасаң-тызылда, мен акамдын айтканын аткарам" деп Акаевдин убагында чийилген линияны Бакиев улантып атат. Анын негизги көрүнүшү - мамлекет бул бечел башкаруучу, баарын жеке менчикке берип сатышыбыз керек, өзгөчө чет элдик жеке менчик келип биздин байлыгыбызды кайтарып, сактап көбөйтүп берет деген көз караш болуп отурат. Ашынган либералдык фундаменталдык саясат бизде жүрүп жатат. Муну мен радикализмдин бир түрү деп эсептейм.

- Европалык социализм менен СССРдин убагындагы биз жашаган социализмдин айырмасын айта кетсеңиз. Сиздердин партия курууну көздөгөн социализмдин негизги өзгөчөлүктөрү эмнеде?

- Бул демокартиялык социализм деп аталып, саясий демократия негизин түзөт, андан кийин социалдык жана экономикалык демократияга жетиш керек. Эгер саясий демократия болуп адам саясатты аныктабаса, жеке адамдын кызыкчылыгын, анын кадыр-баркын, ар-намысын бийлик мыйзам коргобойт.

Ошондуктан саясий демократия социал-демократиялык баалулуктарга жетүүнүн, адам укугун сактоонун жападан жалгыз негизги жолу деп биз эсептейбиз. Мына ушуну менен коммунисттик доордогу жана башка азыр тоталитардык Кытайга окшогон солчул идеологияны карманган өкмөттөрдөгү идеологиядан биздин айырмабыз мына ушунда.

- Сиздер Европада жүргөндө Кыргызстанда кадрдык дайындоолор болуп, Максим Бакиев Өнүктүрүү агенттигине жетекчиси болуп дайындалды. Бул өзгөрүүлөргө сиздин көз карашыңыз?

- Бул өзгөрүүлөрдү үй-бүлөлүк жеке бийликти бекемдөө, өлкөнүн экономикасына жеке кызыкчылыктан улам көзөмөлдү бекемдөө деп эсептейм. Саясатчылар мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынын деңгээлинде ой жүгүртүп, элдин кызыкчылыгын коргош керек. Муну биз патриотизм деп айтабыз.

Андан кийин төмөнкү тепкич бул регионализм. Бакиевди биз ушул кезге чейин регионалист, түштүктүктөрдү гана колдойт деп айыптап келдик. Андай болсо ал өлкөнүн калкынын жарымын колдомок. Ал андан да төмөнкү тепкичке түштү, бул трайбализм деп аталат. Биз трайбалист Бакиев дедик. Андай болсо дагы социалдык баалуулугу болгон. Анткени ичкиликтер кыргыз элинин үчтөн бирин түзүп, Бакиев кыргыз элинин үчтөн биринин кызыкчылыгын коргомок.

Бакиев андан да тепкичке төмөн түшүп, непотизмге келди. Непотизм деген бул кандаш туугандарынын кызыкчылыгын коргоп, ошолорго таянууну билдирет. Деградация болуп беш тепкичке төмөн түштү.

- Бул саясаттын келечеги кандай болот эми?

- Бул саясат келечексиз. Мындай режимдер күч колдонуп элдин аң-сезимин бурмалоо жолу менен гана өзүн убактылуу сактап тура алат. Ошон үчүн эркин басма сөздөргө басым жасалып жатат, көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Ал эми оппоненттерин коркутуп-үркүтүү жолдору менен колдонуп жатат. Тарых көргөзгөндөй бул жол менен булар узакка баралбайт.

- Чоң рахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG