Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

1-июлга жетели, калганын көрө жатарбыз


Бишкек шаар башчысы ушул жылдын 17-июлунда "Азаттыкка" маек курган
Бишкек шаар башчысы ушул жылдын 17-июлунда "Азаттыкка" маек курган

Электр менен жылуулук акысынын кескин жогорулашы Бишкектеги жону жука калктын социалдык абалын дагы начарлатат.

Аларга түшкөн оорчулукту жеңилдетүү амалында башкалаа бийлиги 350 миллион сом бөлүүдө. Бул акча каржылык колдоого муктаж кожолуктардын маселесин толугу менен чечип бере албайт.

Эмдиги жылдан тарта электр энергия баасы эки эсе, жылуулук акысынын 5 эсе көтөрүлүшү жону жука калк үчүн кыйла оорчулукка туруп жатканын 20-ноябрдагы маалымат жыйынында Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев ырастады. Анын ырасташынча, бишкектиктер эмдиги жылдын 1-июлуна чейин эмне кыларды ойлонушу абзел. Калганын, албетте, убакыт көрсөтөт.

- Эки киши болобу, үч киши болобу, ар бир киши үй-бүлө боюнча бөлө келгенде 2100 сомго жетпей калса шаар - турак-жай субсидия деп коет, ошону менен жабат. Пенсионерлер коркпой эле койсун. Мында менде сандар турат. 3,5 миң сомго чейинки пенсия алгандар 470 сом төлөйт. Булар тариф көтөрүлгөндөн кийин 1081 сом төлөшү керек,- деп айтты Н.Түлеев.

Ортодогу айырма акчаны – 611 сомду - шаар өз жанынан карыларга төлөп бермекчи. Ошентип пенсиясы 3,5 миң сомго жетпегендерге, тапкан акчасы киши башына бөлө келгенде 2100 сомго чыкпагандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Нариман Түлеев жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны Бишкекте 18 миңге жетерин, мамлекеттен бөлүнүп жаткан 350 миллион сом калктын мына ушл катмарына үлөштүрүлөрүн маалымдады.

Ал эми эмдиги жылдын 1-июлунан тарта дагы көтөрүлчү жылуулук менен электр акысы үчүн жону жука калкка кандай жардам көрсөтүлөрүн Бишкек шаар башчысы айткан жок. Анын маалымдашынча, тарифтердин кескин көтөрүлүшү Бишкектеги жардамга муктаж калкка кандай оорчулук алып келерин өкмөт эсепке алган эмес.

Н.Түлеев баалардын экинчи көтөрүлүшүнө чейин өкмөттүн энергетикалык компанияларды текшерип чыгуу жөнүндөгү чечимин колдой турганын, энергетикадагы бүдөмүк иштердин башы ачылышы керектигин, алардын катарында Бишкек жылуулук борборунда буга чейин топтолгон акчалар кандай сарпталганын иликтеп көрүү зарыл экенин белгиледи.

- Энергетиканы башынан аягына чейин узуну менен туурасынан текшерип чыкканда, ошондо жанагы 2,5 миң сом негизделсе 1-июлга чейин. Анда, көрөбүз.

Парламенттин мурдагы депутаты Б.Бешимовдун маалымдашынча, 2006-жылы өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия энергетика тармагын баса жатып текшерип, бирок да анын жыйынтыгы ачыкка чыгарылбай калган. Бул ирет өкмөттүн аракети кандай натыйжага жетишин айтыш кыйын. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов энергия баасынын көтөрүлүшү жону жука калкка оорчулук келтирбеши үчүн бюджеттен 2,5 миллиард сом бөлүнөрүн айтып келатат.

- Дагы бир жолу айтып кетейин, бүгүнкү тариф менен эсептесек, айына бир кишиге 150 киловат болсо - 70 тыйындан 105 сом төлөп жатабыз. Эми жаңы тариф боюнча канча төлөйбүз? 225 сом. Ошондо айырмасы – жаңы тариф менен эски тарифтин – бир айда 120 сом болуп жатат. А мынабу кошумчалар 1,5 миллион адамга ар бир айга 200 сомдон.


Өкмөт убада кылган каржылык жардам социалдык колдоого муктаж калктын абалын жеңилдете албайт.

- Алган пенсиябыз 2000 сом. Ал эми төлөй турганыбыз 5000 сом экен. Бул деги кишинин башына келбеген оокат,- дейт Бишкек шаар тургуну Айша Бектурганова.

Антип эмдиги жылдан тарта көтөрүлчү баадан жүрөкзаада болгондор жалгыз Бишкекте эмес Кыргызстандын булуң-бурчунда толтура. Баа көтөрүлгөнү артынан азык-түлүк, унаа, күйүүчү май сындуу товарлардын, кызмат көрсөтүүнүн акысын кымбаттата келери турулуу иш.

Көпчүлүк адистердин айтуусунда, энергетика тармагындагы толгон-токой уурдоочулук, оңор эмес акчалардын кайсы бир таасирдүү чөнтөктөргө агылып, алардын текши баары “коммерциялык жоготуулар” эсебинде келишинин эсесин өкмөт кайра эле калктын акчасы менен толтурууну көздөөдө.

Бишкектеги маалымат жыйынында Н.Түлеев “Ататүрк” багынын жанынан үй курууга жер бөлүү жөнүндө Бишкек мэриясынын жок 412-делген токтомуна таянып бакты аралатып үй салгандар үч соттон жеңишке жетишкенин, андай жел токтомдорду көтөрүп барып мыйзамсыз жерге үй кургандардын биртобу жерге ээлик кызыл күбөлүгүн алууга жетишкенин, мындайлардын саны 200 жакын экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG