Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

2-мартта Саламаттык сактоо министрлиги 2009-жылдагы энелердин өлүмү боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык каза болгон 97 кош бойлуунун 27синин өлүмүнүн алдын алууга болмок деген чечим чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинен жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган комиссия мүчөлөрү 2009-жылы төрөттөн көз жумган 97 аялдын 27 син өлүмдөн алып калууга мүмкүн болчу деп жыйынтык чыгарып, 97 энелик өлүмдүн үстүнөн учурда сот иштери каралууда.

Мына ошол жыйынтыктын негизинде Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетовдун айтымында, республика боюнча 6 башкы дарыгер жана энелер өлүмгө учураган төрөт үйлөрүнүн бөлүм башчылары ээлеген кызматтарынан алынышы керек эле. Бирок бул иш төмөнкү себептерден улам сөгүш берүү менен чектелди:


- Өлкөдө дарыгерлер жетишпейт. Өзгөчө акушер-гинекологдор андан бетер жетишсиз. Мисалы борбор калаа Бишкекте ооруканалардын дарыгерлер менен камсыздалышы - 62 пайыз, ал эми калган аймактарда андан да аз, 50-40 пайыз. Таласта дарыгерлердин камсыздалышы 28 пайызды гана түзүүдө. Өлүмгө алып келген төрөттөргө түз катышкан, күнөөлүү болуп табылган акушер-гинекологдор соттук иликтөөлөрдө жооп беришүүдө. Бирок төрөт үйлөрүнүн жетекчилерин, бөлүм жетекчилерин сөгүш берүү менен кызматтарында калтырдык.

Энелердин төрөттөн өлүмгө учурашы - Ош, Нарын жана Чүй облустарында жана Бишкекте көп болуп, учурда энелердин өлүмү боюнча козголгон 97 териштирүү иштеринин ичинен 32 ишке кылмыш иши козголуп, сот иши уланууда. Өлүмгө учураган төрөттөрдү кабыл алган гинекологдор жана адистер соттук суракта жооп беришүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын айрым райондорунда бирден же экиден гана гинеколог иштеп жатат. Ал турсун мисалы, Алайда бир да гинеколог жок. Жаш адистер болсо барышпайт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Зулхабира Бекенова жана Бүмайрам Мамасеитовалар жоюлуп кеткен Союз учурундагы Аялдар консультациясы кызматын кайра кийирүү сунуштарын айтып чыгышты жана өзгөчө аймактарда медициналык кызматкерлерди окутууну жакшыртуу маселесин да коюшту.

Жыйында ошондой эле кийинки учурда балдардын тубаса кемтик оорулары да өсүп жатканы айтылды. Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, төрөтканаларга алгачкы айларда кайрылбай, төрөөрдө гана аргасыз кайрылган айымдар алгачкы эки ай ичинде дарыгерлерге көрүнсө, тубаса кемтик менен төрөлүүнү кыскартууга да болор эле.

Узакбаевдин жыйында белгилешинче, балдар дарыгерлерин даярдап чыгаруу да кыйла кыскарган. Андыктан балдар адистери жетишпейт:

- Кийинки учурда балдар дарыгерлиги боюнча адистиктерге жаштарыбыз барбай жатат. Ымыркайлардын саламаттыгына адистешкен неонотолог деген адистик эстен чыгып баратат. Бул адистиктеги дарыгерлерибиздин саны 0,03 пайызды түзүүдө бүгүн.

Аз убакыттын ичинде 2009-жылы Кочкор райондук төрөт үйүндө 4 кош бойлуу каза болгон. Комиссия экөөнүн өлүмүнүн алдын алууга болор эле деп жыйынтык чыгарган. Сөгүш берилген Кочкор аймактык ооруканасынын директору Рыскулбекова жыйында энелердин өмүрү үчүн колдон келишинче күрөшүп жатканын айтты:

- Төрөттөн каза тапкан келиндин төрөтүн кабыл алып аткан акушерибиз, кирип барсам эси дал болуп жерде отуруптур тизелеп. Келин кетип калган экен... Кадимкидей ыйладык. Колдон келгенин кылдык. Ошол акушердин күйөөсү мага "аялымды жумуштан чыгарып алам" деп келиптир бир күнү. Түнү менен уктабай, бир аз көзү жумулса эле чоочуп ойгонуп, ооруп калды деди. Мен албетте акушердин кетишине жол бербей келатам. Себеби Кочкор боюнча эки гана акушер-гинеколог бар. Бирөө кантип жетишет.

Бишкектеги Гематология борборунун директору Абдухалил Раимжанов энелердин жана балдардын өлүмүн азайтуунун төмөнкүдөй жолдорун сунуштады:

- Мен Баткенге барганда көрүп келдим. Эки бир туугандын балдары үйлөнө берет экен. Ар кандай кемтиктер менен төрөлүүгө - бул бирден бир себеп да. Анан калса адамдык нарк-насилге да туура келбеген иш го бу... Үй-бүлө куруу боюнча борборлор, айылдык кеңештер эмне кылып жүрөт ушул маселелер менен иш алып барбай?

Энелердин жана балдардын эң орчундуу коркунутуу дарты – бул аз кандуулук. Андыктан өлкөнүн бардык төрөт үйлөрүнүн реанимациялык бөлүмдөрүн лабораториялык гемостаз менен камсыздоо керек. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан адистериңиздерди жөнөтсөңүздөр, биз аларды гемостаздын эң негизги 10 параметринде окутуп чыгарабыз. Кан жетишпей каза болуп калуунун алдын алуу боюнча кан куюу борбору жана кош бойлуунун өзү жана туугандары менен иштешели.

Абдухалил Раимжановдун андан аркы айтымында, мисалы Москвада кош бойлуу аял кош бойлуу кезинде кан куюу борборуна келип, бир литрге чейин ауто-плазмасын берет. Ал кан минус 25-30 градуста кармалат да, эне төрөп жаткан учурда эгер керек болуп калса, тез арада кан куюлуп, өлүм коркунучу артта калат.

Кыргызстандын Кан куюу борборундагы эң олуттуу маселе да – донор канынын жетишсиздиги.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG