Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:49

«Иттин ээси болсо - бөрүнүн Теңири бар»


Жакында Бишкекте кыргыздын байыркы тарыхын изилдеген академик Елена Кузьмина болуп, «Азаттыктын» Бишкек студиясында кызыктуу аңгеме куруп берген. Бүгүн биз ошол теманы улантып, кыргыз тарыхын жаңыча изилдөө зарылдыгын козгоп келаткан «Теңир Ордо» коомдук фондунун жетекчиси Дастан Сарыгуловду кепке тарттык. Кеп көчмөн цивилизациянын тек-жайы, арийлер, сактар менен кыргыздардын карым-катышы туурасында жүрдү.

- Дастан мырза, буга чейин айтып-жазып келаткан көз караш, бүтүмдөрүңүзгө айрым тактоолор киргизилип жатабы?

Дастан Сарыгулов: - Сөзсүз. А биз болсо кыргыздар сактын бир бутагына таандык, деп айтып келатабыз. Бул кишинин (Елена Кузьминанын Ред.) эмгектери өтө далилдүү, 60 жылдык археологиялык казуулардын жыйынтыгынан чыкты деп айтсак болот. Анын үстүнө кыргызга кыргыз айтса ишенбейт. Кыргыз бөлөк улуттун өкүлү айтса гана ишенет. Кыргыздын жаш, орто муундун өкүлдөрү биздин айткан-жазгандарына күмөн санап ишенбейт. Анан бул кишинин (Е.Кузьминанын Ред.) тарыхый булактарга таянган далилдерин укса ишенер деген тилек менен “Теңир Ордо” фонду Москвадан келип-кетиш ыгым-чыгымын өз мойнуна алып чакырганбыз. Максат - элибиз өзүнүн түпкү тегин, байыркы доордо калыптанганын билсин деген тилек. Ушундай иш-аракет жүргүзүп жатабыз.

- Кыргыздардын арийлер менен тектештиги тууралуу сөз кийинки жылдары эле болуп жатат. Мына ушул кеп-сөздүн арбын айтыла башташынын чоо-жайына токтоло кетсеңиз.

Дастан Сарыгулов: - Кийинки эле жылдары эмес. Биз булактардан четтетилип калганбыз. Мына 19-кылымда эле Григорьев, Чайковский деген тарыхчылар муну ачык эле жазышкан. Ошол эле мезгилде Зеланд деген дарыгер кыргыздар жөнүндө жазып, бул маселени ачык эле көрсөткөн. Мурда эле айтылган. Бирок совет доорунда “силер жаш элсиңер, эми гана эл болдуңар, биз болбосок жок болот элеңер”, деген саясаттын айынан биз ошол тарыхый эмгектерге жете албай, маалымат алалбай жүрдүк. Британиялык Гордон Чайлд деген атактуу окумуштуу “Арийлер” деген китебинде улуттук белгилер катары ачык эле жазып жатпайбы. Арийлер Көкө Теңирге сыйынган, балык жеген эмес, эшек минген эмес, деп. Кайыңды ыйык туткан. Деңизди билген эмес. Негизи булар мал чарба менен жашаган. Булардын тилинде күз, демек талаачылык, жыйым-терим деген түшүнүк жок. Чочко деген түшүнүк жок. Булар чочко жеген эмес, баккан эмес, деп жазган. Белгилери бүт эле биздин улутка таандык болуп жатпайбы. Бул 1925-жылы жазылган эмгек. Ошону деле окубай келдик. Бизден аны жашырып келди. А бирок тарыхый чындык эртеби-кечпи өз ордуна келет. Биз ошого күбө болуп отурабыз. Антип айтпаганыбыз менен Орусиянын академиги (Е.Кузьмина Ред.) айтып да, жазып да, далилдеп келбедиби. Бул кишинин сөзүн талашсыз булак деп кабыл алышыбыз керек.

- Дастан мырза, көчмөн цивилизация жөнүндө кеп болуп, атайын жумушчу топ концепция иштеп чыгууга киришти. Ушул көчмөн цивилизациянын кайрылып келишин сиз кандай кабылдадыңыз?

Дастан Сарыгулов: - Бул Жараткандын талабы, мыйзамы, табияттын мыйзам талабы. Себеби отурукташкан маданият азыр жарга такалып, отурукташкан элдер рухий жакырчылыкка, тукулжуроого түшүп кетти. Бүгүн эркек эркекке үйлөнүп, табиятка жырткычтык менен мамиле кылып жатышат. Көп тармактары боюнча отурукташкан маданият 4 миң жылдык баскычтан өттү. Дүйнөлүк кризис жаңы дүйнө таанымды талап кылып жатат. Себеп дегенде, дүйнөлүк көйгөйлөрдү курал, акча менен чечүү мүмкүн болбой калды. Бул билинип калды. Ошон үчүн көчмөндөрдүн нарктуу жашоосуна, табиятты жандуу деп тааныганына, “Иттин ээси болсо, бөрүнүн Теңири бар” деп, Адилеттикти менчиктештирбей, ошону жандуулардын баарына бирдей тааныган Адилеттиктин туу чокусуна көтөрүлмөйүнчө адамзат бүгүнкү көйгөйлөрүн чече албай, кейиштүү абалынан чыгалбай кала берет. Бул мезгилдин талабы. Аны мен жазган жокмун. Бул - биздин Ата-бабадан калган рухий улуу мурас, баа жеткис дөөлөт. Биз ошого кайрылмайынча, 1 кылым биз тушкелди урунуп ким гана болгон жокпуз. Коммунисттердин саясаты менен да жашадык. Өзүбүздүн тилибизди да жеридик. Өзүбүздү басынттык. Өз мамлекетибизде өгөй болуп келе жатабыз. Бул өнүгүү жолуна алып келбейт. Биз ата-бабалардын улуу мурасына кайрылмайынча, өзүбүзгө окшоп жарга такалып тургандарды ээрчитип кетмейинче адамзат бүгүнкү кыйын абалынан башы чыкпайт. Турмуш муну ырастап берип жатат.

- Дастан мырза, ишиңизге ийгилик!

XS
SM
MD
LG