Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

“Москвада жашагың келеби? Кодекске баш ий!”


Жакында Москва бийлиги четтен келип ордо шаарда жашагысы, же иштегиси келгендер үчүн алардын жүрүм-туруму боюнча атайын мыйзам кабыл алууну пландаштырууда. “Москвалыктын кодекси” аттуу документ туурасында орус өкмөтүнүн мүчөсү Михаил Соломенцев “Российская газета” басылмасына курган маегинде айтты.

Михаил Соломенцевдин айтымында, короонун ичинде кой союп, көп кабаттуу үйдө эт куйкалоо, же шаарда улуттук кийим кийип чыгуу туура эмес. Ошондой эле шаардын көчөсүндө жүргөндө орус тилинен башка тилдерде сүйлөөгө да болбойт. Себеби ордо калаанын айттырбай түшүнө турган эрежелери бар, ошол эрежени бузбоо керек деп айтылат.

Бул демилге иш жүзүндө аткарылышы үчүн диаспоралардын сунуштары чогултулууда. Ошондон кийин “Москвалыктардын кодекси” мыйзамы иштелип чыкмакчы. Бирок Москвада төрөлүп чоңойгондор үчүн анын тийешеси жоктой.

Мыйзам негизинен Кавказ жана Борбор Азиядан келгендер үчүн жазылып атканы байкалат. Кой сою же улуттук кийим менен көчөдө жүрүү, кээде боз үй да тигүү кыргыз жана казак улутундагыларга мүнөздүү көрүнүш. Эгерде кодекстин москвалыктарга да тиешеси болгондо анда көп кабаттуу үйдө арак ичүү, ыр ырдап же кыякта ойноого тыюу салынмак. Бирок мындай тыюу жок.

Укук коргоочулар бул кодекс чет өлкөдөн келгендердин укугун бузаарын айтышууда. Укук коргоочу Светлана Ганушкина буларды айтат:

- Мыйзам немистер, француздар үчүн эмес, мыйзам мурдагы Советтер союзуна мүчө өлкөлөрдүн атуулдарына каршы багытталганы айтпаса да түшүнүктүү. Бул түздөн түз расизм!

Москва шаар бийлиги жаңы кодекске “башка улуттагы адам көчөдө бартып эне тилинде сүйлөбөшү керек” деген жобону киргизүүдө. Ошону менен катар азыркыдай балдарды мектептерде эне тилинде окутпоо да керек деген тема көтөрүлүп жатат. Жободо сабактар эне тилинде окутулса да, ал мектепте сабак аяктагандан кийин гана, эс алуу учурунда болушу ыктымал деп айтылат.

Мындай жобого каршы чыккандардын бири - армяндар диаспора жетекчиси Ара Абрамян:

- Москва шаар бийлигине, Лужковго, Мамдумага кайрылып, мындай эреже киргизерден мурда ойлонуп чыгышын суранабыз. Тыйып салуу оңой иш.

Түндүк Кавказ же Борбордук Азияда дили башка, тили башкалар аралаш жашап аткан өлколөрдө бирдей кийим кийип, бир тилде сүйлөө эрежеси жок. Бул туурасында Москвадагы өзбек жараны Хаимхон Насрединов айтты:

- Ким-кимди кандай кийим кийип, кайсы тилде сүйлөө керек экендигине мажбурлоо, менимче, аша чапкандык. Муну менен дагы бир жолу келгиндерди акыл эси артта калган кылып көрсөтүү аракети.

Коомдук пикирлерди иликтөө борборунун (ВЦИОМ) маалыматы боюнча, москвалыктар үчтөн экиси мигранттар келүүсүнө чек коюуну каалашат. Сурамжылоого катышкандардын 36 пайызы мигранттар менен мамиле «кыйла тирешкен абалда» десе, 15 пайызы «оор абалга жетти» дешкен.

Айрым байкоочулар бул кодекстин артында өз элин, алар менен бирге келгиндерди ооздуктоо аракети жатаарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG