Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Демонстранттар Тай премьеринин үйүн канга бойошту


Таиланддын атайын полициясынын таман астында мурдакы премьер-министр Таксиндин тарапкерлери төгүп кеткен кан көлкүлдөп жатат. Премьер-министр Абхиситтин үйүнүн жаны. 17-март 2010
Таиланддын атайын полициясынын таман астында мурдакы премьер-министр Таксиндин тарапкерлери төгүп кеткен кан көлкүлдөп жатат. Премьер-министр Абхиситтин үйүнүн жаны. 17-март 2010

Таиланддын байтакты Бангкокто төрт күндөн бери премьер-министр Абхисит Ветчачиванын кызматтан кетүүсүн талап кылган демонстрация өтүүдө.

17-март күнү нааразылык жүрүшүнүн катышуучулары премьер-министрдин үйүнүн алдына желим идишке куюлган кандарын төгүштү. Анти-өкмөттүк акцияны 2006-жылкы аскерий төңкөрүштүн натыйжасында кулатылган премьер-министр Таксин Чинавардын

Премьер-министр Абхисит толкундоолор башталгандан тарта Бангкоктун четиндеги аскерий базада баш калкалоодо.

тарапкерлери уюштурууда.

Таиланд полициясы премьер-министр Абхисит Ветчачиванын үйүнө кеткен жолду бөгөшүүдө. Бангкок. 17-март 2010
Шаршемби күнү жол бууган полиция күчтөрү премьер-министр Абхисит Ветчачиванын үйүнө логлогон демонстранттардын азын гана өткөрдү.

Алар премьердин үйүнүн алдында акциянын катышуучуларынан чогултулган желим идиштердеги кандарды төгүштү. Кабарчылардын билдиришинче, дубалга, тамдын чатырларына тийип төгүлгөн желим идиштерден аккан кан тегеректи кызыл кочкул өңгө бойоп салды.

Демонстранттар Абсихит Ветчачаванын өкмөтүн бийликке мыйзамсыз келген дешип, кезексиз жалпы элдик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Ал эми премьер-министрдин орун басары Сутеп Тоусубан 17-мартта кабарчылар менен болгон кездешүүдө өкмөт шайлоого барбасын баса
Мурдакы премьер-министр Таксин Чинаватанын колдоочулары. Бангкок. 12-март 2010
белгиледи:

- Алар (демонстранттар) бизди жаңы шайлоо өткөргөнгө мажбурлай алышпайт. Жаңы өкмөт бир нече күн же бир нече ай иштегенден кийин нааразылыкка чыккандар тарабынан кайра кетирилет. Бул токтотулуш керек.

2006-жылкы аскерий төңкөрүштө бийликтен оодарылган Таксин Чинавар азыр чет өлкөдө жашайт. Аны сот жемсөөлүк кылган, пара алган деп айыптап, сыртынан эки жылга кескен.

Жоокерлер премьер-министр Абхисит Ветчачива баш пааналап иштеп жаткан аскерий барактын жанында. Бангкок. 15-март 2010
Таиланддын азыркы премьер-министр Абхисит толкундоолор башталгандан тарта Бангкоктун четиндеги аскерий базада баш калкалоодо, Ал 15-мартта кызматтан кетпесин жана кезексиз шайлоого ынанбасын билдирген.

16-мартта кворум болбогондуктан, парламент иштеген жок. Ал күнү демонстранттар биринчи жолу өкмөттүн жана башкаруучу Демократтык партиянын башкеңсесинин алдына адам канын төгүшкөн.

17-мартта Бангкоктогу Кошмо Штаттардын элчиканасынын алдында бир нече миң кызыл жегдечен демонстрант топтолду. Алар Тай өкмөтүн АКШнын чалгындоо кызматы анти-өкмөттүк акция учурунда тополоң чыгып кетет деп эскерткени тууралуу маалыматтын чын-төгүнүн ачык айтууну талап кылышты.

Жекшембинин түнүндө нааразылык акциясына 150 миңдей адам чыккан болчу. Бүгүнкү жүрүшкө, полициянын айтышынча, 40 миңдей адам катышты. Алардын бири Рунгсак өкмөт алмашмайын үйүнө кетпесин айтат:

– Мен кетпейм. Мен биз жеңип, демократияга жетмейин күрөштү токтотпойм.

Кээ бир таиландыктар кан төгүп, нааразылык билдирүүнү “ашыкча ысырапкорчулук, андан көрө канды муктаж кеселдерге беришпейби” деп сындашты. Акция катышуучуларынын сөзүнчө, мындай жөрөлгө тынч демонстрацияны кубаттандыруу үчүн жасалган.

Көчө жүрүштөрү башталгандан бери кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Бангкокто коопсуздук күчтөрүнүн он миңдеген кызматкерлери тынбай нөөмөттө турушат. Бу тапта кызыл жегдечендердин лидерлери жана өкмөт тарап тополоңго жол берилбесин айтышууда.

XS
SM
MD
LG