Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:17

Анкара абхаз-грузин жаңжалынын чордонунда оңтойсуз абалда калды


Грузиялык деңиз чек арачылары Панама желеги астында сүзгөн кемени камакка алган учур. Тартылган күнү так эмес сүрөт. Поти шаары, Кара деңиз жээги. 2009.
Грузиялык деңиз чек арачылары Панама желеги астында сүзгөн кемени камакка алган учур. Тартылган күнү так эмес сүрөт. Поти шаары, Кара деңиз жээги. 2009.

Грузиянын соту Абхазияга күйүүчү май ташыган түркиялык кеменин капитанын аптанын башында 24 жылга эркинен ажыратты. Расмий Тбилисини колдогон Анкара Түштүк Кавказдын бул өңүрүндөгү ырбап бараткан жаңжалдуу кырдаалда дагы бир жолу оңтойсуз абалга туш келди.

1-сентябрда Грузиянын соту Абхазияга күйүүчү май ташып бараткан түркиялык кеменин капитанын аймактагы Грузияга таандык деңиз тилкесине уруксатсыз кирди деп айыптап, 24 жылга эркинен ажыратты. Мамлекеттик көз каранды эместигин бир тараптуу жарыялаган жикчил Абхазия болсо өзүнүн аймактык сууларына кирген грузин кемелерин жок кыла турганын билдирди.

Расмий Тбилисини ырааттуу колдогон жана Түштүк Кавказдан Түркия аркылуу Европага өтчү эл аралык газ кууру долбоору аркылуу да Грузия бийлиги менен тыгыз кызматташкан Анкара Түштүк Кавказдын бул өңүрүндөгү ырбап бараткан жаңжалдуу кырдаалда дагы бир жолу оңтойсуз абалга туш келди.

Грузиядан бөлүнүп өз алдынча суверендүүлүгүн жарыялаган Абхазияны деңиз тараптан камалоого (блокадага алууга) далаалат кылып келген расмий Тбилиси менен Сухуминин ортосундагы чети оюла элек чырдашуу Сухумиге күйүүчү май ташып бараткан бир түрк кемесинин 20-августта грузин күчтөрү тарабынан кармалып, анын капитанынын 24 жылга кесилүүсү аркылуу ого бетер курчуп кетти.

Сухуми шаршемби күнү өзүнүн ‘де факто’ суу аймагына уруксатсыз кире турган грузин кемелерин чөктүрө турганын жар салды.

Москва тарабынан колдоого алынган жикчил Абхазияны дагы эле өзүнүн аймагы катары карап жаткан Тбилиси болсо өткөн айда Сухумиге май ташып бараткан ‘Букет’ аталган жүк ташуучу түрк кемесин камакка алуусу аркылуу Түркияны да чатактын ичине тартып, Анкараны дипломатиялык жактан кыйын абалга такап койду.

Аймактагы бүткүл кошуналары менен дурус мамилелерди сактап калууга ынтызар Түркия бийлиги өлкөдө отурукташкан грузин жана абхаз диаспорасынын улам күчтөнүп бараткан кысымдарынын тушунда Тышкы иштер Министри Ахмет Давутоглуну Грузин жетекчилиги менен чатак тууралуу сүйлөшүү жана түрк кемесинин кармалган экипажын куткарып калуу максатында дүйшөмбү күнү Грузияга жиберүүнү чечти. Ошондон көп өтпөй туруп, ишемби күнү Грузия бийлиги түрк кемесинин 16 кызматчысын койо берди жана белгилүү өлчөмдө айып пул төлөнгөн абалда капитанды да бошотуп жиберүүсү мүмкүн экенин кыйытты.

Түркияда жайгашкан Жакынкы Чыгыш Стратегиялык Изилдөөлөр Борборунун (ОРСАМ) адиси Хасан Канболаттын билдиришине ылайык, Абхазияны камалоо (блокада астына алуу) далаалатын уланткан Грузия анда-санда эл-аралык мыйзамдарды да бузуудан тартынган жок.

Кийинки окуяда дагы расмий Тбилиси түрк кемесин мыйзамсыз кармап кеткен, анткени кеме кармалган учурда эл-аралык суу аймактарында жүрүп бараткан болчу.

Айрым маалыматтарга ылайык, 2004-2006-жылдар арасында 22 кеме кармалып кеткен.

Канболаттын пикиринде, 2008-жылда Орусия Абхазиянын эгемендигин тааныгандан кийин аймакта жаңыча бир реалдуулук пайда болуп, Тбилисинин Абхазияны камалоого тырышуусу Орусия менен жикчил Абхазиянын ансыз деле өөрчүп бараткан экономикалык мамилелеринин ого бетер чыңдалышына түрткү болууда.

Аймакта таасирдүүлүгү күчтөнүп бараткан Түркия Грузиядан де-факто бөлүнүп чыккан, де-юре бөлүгү катары кала берген Абхазия менен Түштүк Осетияны тааныган жок.

Түркиянын өзүндө көп сандаган абхаз жана грузин тектүү түрк атуулдары жашайт. Грузия койгон чектөөлөр Абхазия менен салттык соода жүргүзүп келген бул топтогу нечендеген кишилерге каржылык жактан зыян алып келүүдө.

Жикчил абхаздар 1990-жылдары Грузия менен айыгышкан согуштарды жүргүздү. Согуш Абхазияга ири өлчөмдө зыян алып келген. Ал эми былтыркы августтагы грузин-орус согуштук жаңжалына алып келген Түштүк Осетия окуялары Абхазия менен Түштүк Осетиядагы жикчилдердин мамлекеттик өз алдынчалыгын жарыялоосу менен аяктады.

Азырынча алардын мамлекеттик көз каранды эместигин Орусия Федерациясы жана Никарагуа президенти гана тааныды.

XS
SM
MD
LG