Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

АКШ: Өзөктүк куралсыз дүйнөгө багыт


АКШнын Мамлекеттик катчысы Х.Клинтон айым менен Коргоо министри Р. Гейтс 2010-жылдын 6-апрелиндеги Вашингтондогу маалымат жыйынында.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Х.Клинтон айым менен Коргоо министри Р. Гейтс 2010-жылдын 6-апрелиндеги Вашингтондогу маалымат жыйынында.

АКШ президенти Барак Обама дээрлик бир жыл илгери эл аралык коомчулукту “бүткүл дүйнөнү өзөктүк куралсыз аймакка айландыруу” үчүн күрөшкө чакырган. Шейшембиде (6-апрелде) ал АКШ өкмөтүнүн өзөктүк куралдарды кескин кыскартууга багытталган жаңы саясатын жарыялады.


АКШ президенти Барак Обама 6-апрелде жарыялаган улуттук жаңы саясат өзөктүк куралдардын ролун жана жалпы санын акырындап азайта берүү жана узак мөөнөттө бүткүл жер жүзүн өзөктүк куралсыз дүйнөгө айландыруу мүдөөсүн көздөйт.

Жаңы стратегия тууралуу документте Кошмо Штаттар өзөктүк куралды колдонууга аргасыз болчу учурлар өзгөчө чектөөгө алынган. Маселен, анда АКШ өзөктүк куралы жок өлкөлөргө каршы эч качан мындай кыргын куралын колдонбой турганы таасын белгиленген.

Чектөөлөр

Бирок расмий Вашингтон бул саясатын Өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу келишимдин талаптарын кыйшаюусуз сактаган өлкөлөргө карата гана жүргүзөөрүн АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кабарчылар менен жолугушуу маалында мындайча баса айтты:

- Биз бул келишимге карата милдеттенмелерибизди ырааттуу жүзөгө ашырып жатып, төмөнкү жагдайды – Кошмо Штаттар Өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу келишимди колдогон жана андагы милдеттенмелерди аткарган өзөктүк куралсыз мамлекеттерге каршы өзөктүк курал колдонбой тургандыгын жана колдоном деп коркутпай тургандыгын - биринчи жолу таасын белгилөөдөбүз.

Ал эми Клинтон айым менен бирге 6-апрелдеги маалымат жыйынын өткөргөн АКШнын Коргоо министри Роберт Гэйтс мырза болсо өзөктүк курал жасоого далаалат кылган жана анысы менен башка өлкөлөргө сес көрсөтүүгө умтулган өлкөлөр үчүн эч кандай жеңилдик жоктугун да баса белгиледи.

- Биз, өзгөчө көрсөтүп айтканда, Өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу келишимди кадырлабаган Иран жана Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөргө карата башкача мамиле жасайбыз. Бул топтогу өлкөлөргө жана учурда өзөктүк куралы жок болгон менен болочокто өзөктүк куралга ээ болушу ыктымал башка өлкөлөргө карата да ар кандай чараларга барышыбыз ажеп эмес.

Өзөктүк коопсуздук талкуусу

Келээрки аптада (12-13-апрелде) Вашингтонгдо 40тан ашуун өлкөнүн лидерлери жолугуп, дүйнө жүзүндөгү өзөктүк коопсуздукту чыңдоо жагдайларын талкууламакчы.

Ал эми 8-апрелде болсо президент Обама Чехиянын ордосу Прага шаарында орусиялык кесиптеши Дмитрий Медведев менен бирдикте бул эки ири өлкөдөгү өзөктүк куралдардын санын андан ары кыскартуу тууралуу жаңы келишимге кол койоору күтүлүүдө.

Кошмо Штаттар - Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, 1945-жылы августта өзүнүн жоосу Жапонияга каршы өзөктүк курал колдонгон (демек, адамзат тарыхында согуш кырдаалында башка мамлекетке өзөктүк чабуул жасаган) жападан-жалгыз мамлекет болуп саналат.

XS
SM
MD
LG