Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Анжиян кыргыны: Өзбекстанда өчкөн, сырттан жанган жаңырык


Аскерлер Анжияндын көчөлөрүндө. 14-май, 2005-ж.
Аскерлер Анжияндын көчөлөрүндө. 14-май, 2005-ж.

13-май - Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кан төгүүнүн беш жылдыгы. Бирок өлкөнүн өзүндө бул окуянын курмандыктары ачык эскерилбей турганы анык. Бул аралыкта адам укугун коргоочулар кыргын боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү талап али актуалдуу экенин айтып жатышат.

Эл аралык мунапыс уюму кечээги билдирүүсүндө Евробиримдикке Өзбекстан менен мамиле түзүүдө Анжиян маселесин унутпоону кайрадан эске салды.

2005-жылдын 13-майында орун алган кан төгүүнү бүгүн Анжияндын өзүндө деле ачык эскере алышчудай эмес.

Өкмөткө каршы, бирок күч менен кандуу басылган ал толкундоонун акү-чүкүсүн талкуулоого президент Ислам Каримовдун авторитардык бийлиги тыюу салганына байланыштуу жергиликтүү тургундар бир чети кооптонгондуктан ал жөнүндө оозанбай эле коюуга артыкчылык беришкендей.

Анжияндын Сахибжон ысымдуу жашоочусу “Азаттык” радиосуна буларды айтты:

-Өзүңүз билесиз Өзбекстанда массалык маалымат каражаттары эркин эмес. Алар буга окшогон окуяларды талкуулашпайт. 2005-жылы эч нерсе болбогондой, үй-бүлө мүчөлөрүнөн бирөө-жарымын жоготкондор гана эскербесе, адамдардын көбү аны унутуп калгандай. Мен өзүм көп эле нерсени айтат элем. Бирок корком да, бийликтер мени ай сайын текшерип турушат.

Улуттук трагедия

Өзбекстандык көз карандысыз журналист Шохида Ёкуб өлкөнүн өзүндө эскерилер-эскерилбесине карабастан Анжиян окуясын жалпы улуттук трагедия деп атайт:

-Мен муну улуттук трагедия деп эсептейм. Бул жалпыбыздын азабыз. Бул күнү Анжиян шаарында бир миңден ашуун адам өлгөнүн унутууга акыбыз жок.

Аягы 13-майда кыргын менен аяктаган окуянын башталышы жергиликтүү жашоочулардын тынч демонстрациясына барып такалат. Алар оболу бийликтер Өзбекстанда тыюу салынган "Акрамия" кыймылынын мүчөсү, диний экстремист деп шектелген 23 ишкердин абактан бошотулуусун талап кылышкан болчу.

Демонстрация учурунда аймактагы экономикалык жана социалдык абалдын начардыгына карата да нааразычылыктар айтылган. Окуялардын өнүгүүсүнүн расмий тарап берген версия боюнча 12-майдан 13нө караган түнү адамдардын тобу аскерий гарнизонго кол салып, ал жерден курал алып чыккан.

Андан соң Анжияндын түрмөсүнө кирип абактагыларды, анын ичинде демонстранттар талап кылган ишкерлерди бошотуп жиберген.

Буга жооп кылып шаарга өкмөттүк аскерлер танктардын жана тик учактардын коштоосунда киргизилген. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, алар 13-май күнү Анжияндын борбордук Бабур аянтына элдик толкундоого колдоо көргөзүү үчүн чогулгандарга ок ачкан. Аянтка келгендер арасында аялдар менен жаш балдар да болгон.

Өкмөттүн эсебинде баары болуп 187 адам өлгөн, алардын жарымы террорчулар. Бирок адам укугун коргоочулар менен өкмөттүн оппоненттери өлгөндөр саны 1000дин тегерегинде жана басымдуу бөлүгү жөн-жай тургундар деп эсептешет.

Ишке ашпаган талап

Өзбекстандык адам укугун коргоочу, үстүнөн Анжиян окуяларына байланыштуу кылмыш иши козголгон соң өлкөдөн качууга аргасыз болгон Умида Ниязова биз менен маегинде буларга токтолду:

-Адам укугун коргоочулардын туруму мындай эле: Ооба, анда зордук-зомбулук орун алган, түрмөгө кол салынган. Бирок башка жагынан караганда, адам өлүмү ушунчалык көп санда болгондон кийин, мамлекет кол салуулар үчүн күнөөлүү деп эсептеген адамдарды соттогон соң, иликтөө жүргүзүп, атууга ким буйрук бергендигин да аныктоосу керек эле. Иш жүзүндө аскерлер аянтка чыккан, куралы жок, эч кандай деле коркунуч туудурбаган, жашырынууга аракеттенген адамдарды тороп алып, аларды көздөй ырайымсыздык менен ок чыгарышкан.

2005-;жылдын 14-майында тартылган сүрөт.
Укук коргоочу Умида Ниязованын айтымында, Анжиядагы кан төгүүдөн бери беш жыл өтсө да ага эл аралык иликтөө жүргүзүү боюнча учурунда айтылган, бирок ишке ашпаган талап али деле актуалдуу:

- Ооба, беш жыл болобу, он жыл болобу же ондогон жылдар өтөбү - бул талап биз үчүн, өзгөчө ошол күнү өлтүрүлгөн анжияндыктардын жакындары үчүн актуалдуу бойдон кала берет. Анткени эч ким жазаланган жок да.

Эл аралык иликтөө демекчи, дал ушул маселеден улам Анжиян окуяларынан кийин Ташкенттин тышкы саясатынын багыты өзгөрө түшкөн. Башкача айтканда Батыштан кол үзүп, дароо Орусия менен жакындашууга барган.

Европа биримдиги жана АКШ Анжиян кыргынын айыптап, ал боюнча эл аралык иликтөөнү талап кылганына жооп кылып, Өзбекстан өлкөдөн АКШ жана НАТО күчтөрүнүн Ооганстан үчүн пайдаланылган аскерий базасын чыгарып жиберген. Евробиримдик атүгүл Өзбекстанга санкция киргизгенге чейин барган болчу.

Бирок бара-бара санкциялар акырындык менен жоюлду жана бузулган мамилелер кайрадан оңолуу жолуна түштү. Мындай жагдай АКШ менен Евробиримдик өзбек өкмөтү менен кызматташтыкка ириде Ооганстандан улам мажбур болгонуна байланыштырылып жүрөт.

Анжиянды унутпоого чакырык

Анткен менен адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Евробиримдикке Анжиян окуясын унутпай, эл аралык иликтөө жүргүзүү үчүн Өзбекстанга кысым көргөзүүгө али деле кеч эместигин эске салууда.

Эл аралык "Мунапыс" уюму кечээ (12-майда) тараткан билдирүүсүндө Евробиримдиктин Анжиян маселесиндеги ыраатсыздыгы анын тышкы саясатынын ишенимдүүлүгүнө шек келтирип жатканын белгилеп, адам укуктары ар бир чечимдин борборунда туруусу керектигине токтолду.

Уюмдун Евразия аймагын тейлеген өкүлдөрүнүн бири Мейси Вейшердинг “Азаттыктын” Өзбек кызматы менен менен маегинде буларды айтты:

-Биз Евробиримдикке адам укуктарын унутпоосу үчүн кысым көргөзүп жатабыз. Бул алар адам укуктарын, өзгөчө Анжиян боюнча эл аралык иликтөө зарылдыгын көтөрүүнү улантуусу үчүн маанилүү. Анткени Евробиримдик санкцияларды, виза боюнча чектөөлөрдү, курал эмбаргосун киргизгенде ушул нерсе борбордук маселе болгон. Муну эскертип туруу менимче абдан маанилүү.

Эл аралык "Мунапыстын" билдирүүсүндө белгиленгендей, Өзбекстан Евробиримдик курал эмбаргосун жоюшун жакында эл аралык иликтөө маселеси жабылгандыгынын белгиси катары атаган.

Өзбекстанга Анжиян окуяларынын артынан киргизилген санкцияларынын акыркысын Евробиримдик былтыр жойгон болчу.

Адегенде Кыргызстанга келген качкындардын айрымдары Австралияга чейин кеткен.
Эл аралык "Мунапыс" уюмунун соңку билдирүүсүндө көргөзүлгөндөй, Анжиян окуяларынын катышуучуларын жазалоо али уланууда.

Анын акыркы мисалы - 44 жаштагы Дилором Абдукадированын иши.

Анжиян окуясынан соң оболу Кыргызстанга, андан соң Австралияга качып, жыл башында мекенине эми эч нерсе болбойт деген ишенимде келген Дилором Абдукадирова өткөн айдын соңунда он жыл, эки айга абакка кесилди.

Өзбек соту аны конституциялык түзүлүшкө кол салган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деген жүйөө менен эркинен ажыратты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG