Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:45

Оогандар шарият сотторуна нааразы


Кабулда 24-сентябрда дагы бир демонстрация өттү. Бул ирет чагымчыл видеого байланыштуу эмес, жүздөгөн студенттерди көчөгө чыгууга сүйүү маселеси, тагыраак айтканда сүйүшкөн улан-кыздын шарият сотунда соттолуп, өлтүрүлүшү түрткү болду. Дагы бир кызды ушул эле кине менен өз айылындагы эркектер зордуктагандыгы маалым болууда.

Сентябрдын башында Ооганстандын батышындагы Герат шаарында 16 жаштагы кыз жигити болгону үчүн балакталып, экөө бирдей өлтүрүлгөн эле.

Мындан көп өтпөй, түштүктөгү Газни дубанында Сабира деген 15 жаштагы кызды Ягори ооданынын үч молдосу эл алдында балакташты. Ал эми анын 18 жаштагы айылдаш жигитине жергиликтүү шарият соту 1600 доллар өлчөмүндө айып салды.

Окуя ошону менен бүтүп калган жок.

Сабиранын эжеси Шафиканын айтымында, сиңдиси балакталгандан кийин айылдаштары келип, үй-бүлө мүчөлөрүн сабашып, үй ичин талкалашкан. Шафиканын сөзү боюнча, айылдаш эркектер Сабираны сабап, анан кезектешип зордукташкан:

- Сиңдимди зордуктап коюшту. Молдолор элди чогултуп, биздин үйгө ээрчитип келишкен. Үйдөгүлөрдүн бирин калбай сабашты, атам менен апамдын абалы азыр оор, ары кетип эле кайра келишти. Молдолор сиңдимди 100 жолу балакташ керек деген чечим чыгарышкан. Аны талаага алып барып сабашканда, эки миңдей киши чогулуп келип, карап турушту.

Ушул окуялар Кабулда демонстранттарды көчөгө чыгууга мажбурлады. Калифорнияда тартылган чагымчыл видеого каршы акцияларда жалаң эркектер болсо, бул жолу көчөгө студент жигиттерге кошулуп, кыздар да чыгышты.

Алар Кабулдун көчөлөрү менен басып, "Сотсуз киши өлтүрүүлөр токтосун", "Мыйзамдын үстүмдүгү орносун" деп ураан чакырышты.

Кабул университетинин студенти Ахмат "Азаттыкка" мандаты так аныкталбаган шарият соттору элди өз билгениндей соттоп жатканы туура эмес экендигин айтып, молдолордун балактоо буйруктарын «оор кылмыш» деп мүнөздөдү:

Биз өкмөттөн Ооганстанда мындай окуяларды токтотушун талап кылабыз. Биз мындай мыйзамсыз өкүмдү ишке ашырууга укугум бар деп ойлогондордон тажадык. Бүгүн бизде өкмөт бар, мыйзамдар бар, ошолор иштесин.

Ахматтын пикиринде, шарият сотторунун буйругу менен адамдардын өлүм жазасына тартылышын токтотуу үчүн ооган өкмөтү элет жерлериндеги таасирин күч алдырышы керек.

Элет жерлеринде адатта талиптердин таасири күчтүү. Жергиликтүү сотторду ордунан козгой албайсың, же дагы акча сурайт деп жүрөк заада болгон жергиликтүү тургундар талиптердин сотторуна барышат. Ал эми талип сотторунда таш бараңга алып, же башка жолдор менен өлүм жазасына тартууну караган шарият мыйзамдарын колдонушат.

Шарият сотторунун макамы так аныкталган эмес, анын ишмердүүлүгүн, анын ичинде адамдын күнөөсү канчалык далилденгендигин көзөмөлдөө кыйын. Мисалы, шарият боюнча, аялдын башка эркек менен жыныстык мамиледе болгонун далилдөө үчүн буга төрт эркек күбө түшүшү керек. Бирок жогоруда сөз болгон эки кыз боюнча, төрттөн эркек күбө болгон-болбогону беймаалым. Балким алар жигиттери менен сүйлөшүп койгону үчүн гана жаза алган болушу толук ыктымал. Себеби дүйнөдөгү эң эскичил салттары бар өлкө саналган Ооганстанда диний эрежелер кыздар менен аялдарга күйөөсүнөн, же тууганынан башка эркек менен сүйлөшүүгө да тыюу салат.
XS
SM
MD
LG