Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Кыргызстанда мусулман кыз-келиндеринин укугу бузулган учурлар арбындыгы Бишкекте өткөн эл аралык жыйында айтылды.

25-апрелде Бишкекте "Азыркы заманда ислам укугунун өнүгүшү" аттуу эл аралык конференция өтүп, анда ааламдашуу шартында ислам динин тутунгандардын укугу, дегеле бул жаатта кандай маселелер бар деген суроолорго жооп изделди.

Заман шартындагы ислам укук-милдеттери

Жыйынга катышкан адистер глобалдык өзгөрүүлөр, рыноктук атаандаштык дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда мусулмандардын жүрүм-турумуна, укук-милдеттерине таасир этип жатканын белгилешти. Маселен, исламдык насыя берүүчү банктарды алалы. Шарият пайыздап насыя алууга жана берүүгө тыюу салат. Бирок заман талабы менен исламдык банктар бардык жерде пайда болууда.

Араб эмирлигинин Дубай шаарындагы ири банктардын биринде менеджер болуп иштеген Нурбек Кенжебаев бул ислам динин тутунган жарандардын ишкердик кылуу максатынан улам болуп жатканын айтууда.

- Биз муну альтернативдүү жол катары карашыбыз керек. Анткени дүйнөдө исламдык каржылоонун көлөмү 1 триллиондон ашты. 2015-жылга карата 2 триллионго жетет деп айтылууда. Бизде исламдык каржылоо үчүн булактар бар. Кыргызстан ошолорду пайдаланса болот.

Кийинки кезде Кыргызстанда жоолук салынган кыз-келиндер саны көбөйдү. Буга чейинки калыптанган көз караштан уламбы, жоолук салынуу кыргыз коомунда талкуу предметине айланган кез.

“Мутакаллим” бирикмесинин төрайымы Жамал Фронбек кызынын айтымында, жоолук салынган мусулман кыз-келиндерди окууга киргизбей, жумушка албай койгон учурлар бар.

- Акыркы 15 жылда мусулман аялдардын укугу тебеленип келатат. Биздин жоолукчан кыздарыбызды көп эле жерде жумушка албайт. Жумушка кирейин дешсе, ар бир мекемеде, ошол эле Ак үйдө болобу, башка министрликте болобу өздөрүнүн шарттары бар. Тизеге чейин көйнөк кийишиңер керек, дагы башка деген шарттары бар. Билими жетип турса дагы жоолукчан кыздарды жумушка албай жатышат.

Көп түрдүү коомдогу ымала

Кыргызстанда диний көп түрдүүлүк кыртыш алгандыктан, диний жол-жоболор менен мамлекеттик мыйзамдарды кантип айкаштыруу керек деген маселе да жаралды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын деректири Абдилатиф Жумабаев көп диндүү мамлекетте жарандардын диний укуктарын жана милдеттерин жакшылап билүү зарылдыгы жетилгенине көңүл бурду:

- Кыргызстанда мурда бир гана ислам жана православ дини болсо, акыркы кездери көп багыттуу, көп конфессиялуу ар түркүн диний агымдар пайда болду. Ошол диний агымдардын ортосунда касташуу, араздашуу болбош үчүн ар бир диндин илимий жана интеллектуалдык деңгээли өтө жогору болушу керек.

Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов ар бир адам динине карабастан, укуктары менен кошо мамлекет жана мыйзам алдындагы милдеттерин билүүгө тийиш деген ойду карманат. "Ошондо гана жарандар менен жарандар, жарандар менен мамлекет ортосунда кадыресе алака-катыш калыптанат эле", – деди муфтий.

- Мамлекеттин, элдин жана жеке адамдардын баарынын Кудай астында өз ара милдеттери бар. Алар адамдарга бактылуу жашоого шарттарды жана жумуш орундарды түзүп берүүгө, алардын күнү-түнү коопсуздугун камсыздоого, адамдын ден соолугун, өмүрүн, абийирин, мал-мүлкүн, динин сактоого милдеттүү.

Ырасмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан калкынын 80 пайыздайын мусулмандар түзөт. Андан тышкары, совет доорунан бери христианчылыктын православ багыты салттуу болуп калыптанган. Кыргызстан эгемендик алып, өзүн демократиялуу эркин коом деп жарыялагандан кийин башка диний конфессиялар да аздыр-көптүр өз жактоочуларына ээ болду. Ал эми өлкө Баш мыйзамында Кыргызстан динден тышкаркы светтик мамлекет деп жазылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG