Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

2010-жылы Кыргыз мамлекетинин алдында Конституцияны өзгөртүү, бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүү маселелери турат. Андан сырткары бийликтин кошуна өлкөлөр, оппозиция менен мамилесинин андан ары өрчүшү жаңы жагдайларды жаратышы ыктымал.


Өткөн жылдагы негизги окуялар:

2009-жыл январь айы


Медет Садыркулов президенттик администрация башчысы кызматынан бошотулуп, анын ордуна Данияр Үсөнов дайындалды. Марат Султанов, Өмүрбек Бабанов жогорку кызматтарга дайындалып, Президент “Жаңылануу багыты” боюнча калкка кайрылуу менен чыкты.

Февраль

Президент Курманбек Бакиевдин Россияга сапары болуп, анын жыйынтыгы боюнча Москва Кыргызстанга 150 млн. грант, 300 млн.
доллар женилдетилген насыя берди. Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 1 млрд 700 млн. доллар насыя бөлүү жана 193 млн. доллар карызды кечүү боюнча келишимге жетишилди. Бирок бул акыркы келишимдер ушул кезге чейин аткарылбай турат.

Март

Медет Садыркулов шектүү жагдайда каза тапты. Журналист Сыргак Абдылдаев катуу сабалды. Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүү аракети оңунан чыкпады.

Апрель

Аксыда жер көчкүдө 16 киши каза тапты. Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевди атып кетишти. Петровка айылында улуттар аралык жаңжал чыкты.

Май

Жогорку Сот Ноокат окуясы боюнча акыркы чечим кабыл алды. Ал боюнча 32 киши тогуз жылдан жыйырма жылга чейин кесилди. Түптө оппозициянын курултай уюштуруу аракети чагымга кабылып, кууп таратылды.

Июнь

АКШ президенти Барак Обама президент Курманбек Бакиевге Ооганстан боюнча кайрылуу жолдоду. АКШнын "Манастагы" аскердик базасы Транзиттик борбор болуп түзүлө турган болду.

Июль

Кыргызстанда президенттик шайлоо болду.

Август

Нарында Жетим-Тоо темир кенинин айланасында жаңжал чыгып, эл кенди иштетүүгө каршы чыкты.

Сентябрь

Курманбек Бакиев парламентте сөз сүйлөп, рефомарлар тууралуу билдирүүсүн жарыялады. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыров Балыкчы окуясы боюнча айыпталып, андан депутаттык кол тийбестик алынды.

Октябрь


Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоону баштады. Президенттик администрация, Коопсуздук кеңеш, Мамлекеттик катчы кызматтары жоюлуп, Президенттик институтут түзүлдү. Өкмөт алмашып, президентти кичи уулу Максим Бакиев жогорку кызматка дайындалды.

Ноябрь

Журналист Кубанычбек Жолдошев Ошто сабалды. Петровка, Балыкчы окуялары жана Исмаил Исаков боюнча соттук териштирүүлөр жүрдү.

Декабрь

Журналист Геннадий Павлюк өлтүрүлдү. Саясатчы Болот Жанузаков, саясат таануучу Александр Князев, журналист Евграфов сабалды.
“Түндүкэлектрону” сатуу боюнча тендер өткөрүлдү.

Конституцияны өзгөртүү

Азыркы Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоор өткөн жылы декабрь айында Президент тарабынан Жогорку Кеңешке берилип, парламент өз кезегинде аны Конституциялык Сотко жолдогон.

Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнүн жол-жоболоруна ылайык, берилген долбоорго Конституциялык Сот үч айдан ашпаган убакытта же быйылкы жылдын алгачкы үч айынын ичинде өзүнүн корутундусун берүүгө тийиш.

Конституцияга өзгөртүү киргизилиши менен өткөн жылы октябрь айында президент тарабынан ишке ашырылган башкаруу системасындагы өзгөрүүлөр мыйзамдаштырылат. Бирок Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр аны менен эле чектелип калбайт.

Жаңы өзгөртүүлөрдө Президент каза болсо же кызматын аткара албай калган шартта, анын милдетин аткаруучу Конституцияга ылайык эмес, Президенттик кеңешме тандап алышы сунушталууда.

Мындай жол-жобого оппозиция кескин каршы чыкты. Ал эмес бийликке лоялдуу позицияда келген “Ак шумкар” партиясы да каршылыгын билдирди. Бул партиянын лидери Темир Сариев Конституцияга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүүгө мындай пикирин ачыктаган эле:

- Президент киргизген долбоордо Президенттин укуктары кеңейтилип, өкмөттүкү кыскарып атат. Анан эң опурталдуусу, эгерде Президент кандайдыр бир себептер менен өзүнүн милдетин аткара албай калса, анын ордун убактылуу Жогорку Кеңештин аткарчу эле. Ал болбосо өкмөттүн башында турган адам аткарчу эле. Эми мунун баарын тең Президенттик кеңешмеге беребиз деп атат. Анын аты так аталбаган адам болуп атат. Биз муну Президенттин өзүнүн ыйгарым-укуктарын бекемдеп, анан мураскерине ыңгайлуу шарт түзүү деп эсептейбиз.

Кыргызстанда көптөгөн жолу Конституция өзгөртүлгөн. Баш мыйзам өзгөртүлгөндөн кийин шайланган бийлик бутактарынын легитимдүүлүгү жөнүндө маселе саясий ыңгайга жараша козголуп келген. Бул ирет да Конституция өзгөргөндөн кийин бийликтин легитимдүүлүгү боюнча маселе чыгып, референдум жарыяланыш ыктымалдыгы айтылууда. Бирок коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев легитимдүүлүк маселеси чыкпайт деген пикирде:

- Бизге жөнөтүлгөн Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү мыйзам долбоордо Конституциялык негизде Президентке, Парламентке түзмө-түз тиешеси жок. Ошондуктан легитимдүүлүк жөнүндө маселе чыкпайт го.

Энергетика. Оппозиция. Бийлик

29-декабрда “Түндүкэлектрону” сатуу боюнча тендер соңуна чыкты. Өлкөдөгү бөлүштүргүч компаниялардын эң ириси болгон “Түндүкэлектрону” сатып алуу үчүн үч компания катышты. Алар: Росиянын “Якутспецгидро” компаниясы, Казакстандын “Алматаэнерго”, Кыргызстандан “Спецэнергострой” аттуу буга чейин аты чыкпаган компания болду. 2-февралда болсо “Ошэлектро”, “Чыгышэлектро” жана “Жалал-Абадэлектронун” мамлекетке тийшелүү 80 % ашуун акциясын сатуу боюнча тендер аяктайт. Ошону менен быйылкы жылы өлкөдөгү бөлүштүргүч компаниялар толугу менен менчик колдорго өтүүсү ишке ашышы күтүлүүдө.

Бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүү электр энергиясына тартифтерди эки-үч эсеге көтөрүү менен коштолууда. Белгилүү болгондой быйылкы жылдын 1-январынан тарта бир киловатт саат электр энергиясы 1 сом 50 тыйындан сатыла баштады. Ал эми июль айынан тарта бир киловатт саат электр энергиясы 1 сом 90 тыйын болоору белгиленген.

Өлкөдө жылуулукка да баа 1-январдан тарта көтөрүлдү. Эгерде буга чейин Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары бир гикакалорий жылуулук үчүн 500 сомдон төлөп келсе, жаңы жылдан кийин 1050 сомдон төлөй баштайт. Ал эми июлдан да бир гикакалорий жылуулуктун баасы 2500 сом болоору белгиленген.

Бийликтин энергетика тармагындагы мына ушундай саясатын оппозиция кескин сынга алып, бул саясатка калк ичинде нааразылык кыймылдары пайда болсо аны колдоого алаарын жарыялаган.

Ал эмес оппозиция өкүлдөрү бийликтин кысымдарына сот аркылуу акыйкатка жетүү мүмкүн эместигин айтып, каршылык көрсөтүүнүн башка жолдооруна өтөөрүн айта баштады. Мындай жарыя Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандар төрт, эки жылдан кесилгенден кийин ачыкталды. Оппозиция өкүлдөрүнө байланыштуу бардык соттук жараяндарга адвокат катары катышып келаткан Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров мына ушундай позицияны билдирди:


- (Балыкчы окуясы боюнча) Соттун чечими мыйзамга негизделбей эле жогору жактан эмне айтылса ошондой чечим чыгып калды. Эч кандай мыйзамга ылайык чечим эмес, саясий чечим болуп калды. Мындан ары апелляциялык арыз жазсак деле ушундай чечим чыгарарына биздин көзүбүз жетти. Ошондуктан арызданбай жөн эле коелу деп чечтик. Күрөштүн башка жолу тандайбыз.

Бийлик менен оппозициянын ортосундагы ажырымды журналисттерди өлтүрүү жана сабоолор ого бетер күчөтүүдө. “Ата Мекен” социалисттик партиясы менен кызматташып келаткан журналист Геннадий Павлюктун Алматыда өлтүрүлүшү бийлик менен оппозициянын эле эмес, кыргыз бийлигинин казак бийлиги, башка чет өлкөлөр менен мамилесине да залакасын тийгизе турган болууда. Анткени Павлюктун өлтүрүлүшүнө байланыштуу Россиядагы Кыргызстан элчиси Аттокуров 24-декабрда Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды...

Казакстанда болсо тергөөнүн жүрүшүндө Павлюктун өлүмүнө кыргыз жарандарынын тиешеси бар экени жарыяланды. 29-декабрда болсо Казакстандын КТК телеканалы өлтүрүүгө Кыргызстандын атайын кызматынын кызматкерлери тиешеси бар экенин айтып чыкты. Бул маалыматты Кыргызстандык атайын кызматтар четке кагып жаткан менен маалымат чыгаруудан шилтеме жасалган казактын атайын кызматтары жокко чыгарган жок.

Ошондуктан быйылкы жылдан баштап Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна төрагалык кылууга киришкен Астана Павлюктун ишин аягына чыгарууга аракетин жасайт, деп эсептейт “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Кошуналар менен мамиле же тышкы саясат

Тышкы саясатта Кыргызстан 2010-жылы албетте Өзбекстан, Тажикстан менен чек араны делимитациялоо боюнча аракетин улантат. Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр 2009-жылы уланып, 970 чакырым келген чек ара тилкесинин 503 чакырымы аныкталган. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча 2009-жылы дээрлик сүйлөшүүлөр болгон жок. Чек араны делимитациялоо маселеси болгону декабрь айынын соңундагы кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинде козголду.

Чек араны делимитациялоодон сырткары Бишкек Россия, Казакстан, Беларусь түзгөн бажы биримдигине кирүү аракетин жасаарын билдирүүдө. Бирок февраль айында ири келишимдерге жетишип, андан кийин салкындай түшкөн Россия менен Кыргызстандын мамилеси кайсы багытта өнүгөөрү азырынча белгисиз.

Мамиленин салкындаганы Москва тараптан 193 млн. доллар карызды кечүү жана Камбар-Ата-1 долбооруна насыя бөлүүнүн кечеңдеши менен байкалып турат. Кыргыз бийлик төбөлдөрү мына ошол абалга жараша кадамдарды жасоого аракет кылууда. Маселен, февралдагы Москвага сапары учурунда Курманбек Бакиев Москваны стратегиялык өнөктөш, тышкы саясатта артыкчылык бериле турган өлкө катары мүнөздөгөн. Бирок Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин мааракесине арналган декабрь айындагы жыйында президент Бакиев Кыргызстан тышкы саясатта бир өлкөгө артыкчылык бербеш керек деп чыкты:

- Тышкы саясаттагы каражаттарды өлкөнүн өнүктүрүү багытына топтош керек. Тышкы саясатты жүргүзүүдө түзүлүп калган байланыштар жана салттар менен чектелип калбай, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана жаңы байланыштарга ачык болуш керек.Биздин тышкы саясат көп векторду болууга тийиш. Тышкы саясатта бир өлкөгө артыкчылык берүү эмес, акылга салынган баланс үстөмдүк кылууга тийиш.

Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандын Россия, Өзбекстан менен мамилесинин келечегине карата мындай пикирин билдирди:

- Менин оюмча азыр орток пикир табыш абдан татаал. Менин оюмча, азыркы мезгилде Өзбекстан менен Россиянын мамилеси жылый баштады. Ошон үчүн Өзбекстан Кыргызстанга кысым кылып, ар кандай маселелерди курчутуп, көтөрүп жатат. Камбар-Ата-1ге 1 млрд. 700 млн. доллар насыя бөлүү дагы токтоп жатат. Мунун баары байланыштуу. Бул Москва менен Ташкендин бир тил табышына да байланыштуу. Ошого жараша Кыргызстан менен Өзбекстан мамилеси сууп баратат. Кыргызстан Москванын талаптарын бүт аткарып жатат. “Дастан” боюнча маселен аткарды. Ошого карабай 1.7 млрд. доллар инвестициянын токтоп жатышы бийликке абдан эле зыян алып келет. Муну Бишкек да сезип турат. Ошондуктан Москвадан насыя келбесин да туюп жатат. Маселени кандай чечерин билбей Батыш менен сүйлөшүп жатат. Ошондуктан жалпысынан абал аябай начар болуп атат.

Ошентип Кыргызстан тышкы саясатында да 2010-жылы башы ачыла турган бир топ олуттуу маселелер турат. Алардын кандай чечилишин же кайсы багытта өнүгүшүн мезгил гана так көрсөтүп бералат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG