Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:48

Апта: Коалициядагы ыйкы-тыйкы, Бордюжа сапары


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев парламент төрагасы Ахматбек Келдибеков менен, 2010-жылдын 17-декабры.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев парламент төрагасы Ахматбек Келдибеков менен, 2010-жылдын 17-декабры.

ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа Бишкекте болуп кайтты. Башкаруучу коалициянын ичинде ыйкы-тыйкы чыкты.

Узап кеткен аптада мындан сырткары кымбатчылык боюнча Кыргызстан дүйнөдө алдыңкы орундарга чыкканы маалымдалды.

Бордюжа баарына ыраазыбы?

Орусия менен Кыргызстан кызматташууларын жандантуунун жолдорун караштырууда. 10-февралда кыргыз-орус өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдөн кийин аскердик багыттагы сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул үчүн 15-февралда Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа келди. ЖККУнун сайтындагы расмий маалыматка караганда, Бордюжанын сапары Кыргызстандагы абалды талкуулоо, аскердик-техникалык кызматташуу, жардам берүү максатын көздөйт.
Президент Роза Отунбаева ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа менен жолугушууда. Бишкек, 16-февраль.

Андан сырткары Кыргызстандын бийлик системасы жана андагы адамдар менен таанышуу, кимдер иштешерин аныктап алуу дагы сапардын максаттарынын бири экени айкын болууда. Кимдер менен иштешүүнү аныктоо үчүнбү, айтор Николай Бордюжанын Бишкектеги жолугушуулары кеңири болду. Ал президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, төрага Ахматбек Келдибеков, вице-премьер-министр Шамиль Атаханов жана күч структураларынын жетекчилери, расмий эмес шартта оппозициянын айрым лидерлери менен жолугушуп кетти.

Кыргызстандын коопсуздук системасында сырткы агрессиядан коргоо боюнча ЖККУ негизги ролдо турат. Мындай формула уюмга мүчө бардык өлкөлөргө таандык. Бирок азыркы мезгилде Кыргызстандын түштүгүндөгүдөй кырдаалда уюм кандай аракеттениш керек деген суроого жооп табылбай турат.

Муну талдоочу Валентин Богатырев да тастыктады:

- Менин оюмча бул маселени кандай чечүүнүн жообу жок. Эгерде ЖККУга мүчө мамлекеттерге кол салуу жөнүндө болсо бир жөн. Ал эми Кыргызстандын түштүгүндөгүдөй кырдаалга кандай реакция жасоо аныктала элек нерсе.

Николай Бордюжа өткөн жылдагы Кыргызстан түштүгүндөгү жана Тажикстандагы окуялардын түбү бир экенин билдирип, ЖККУнун алкагында экстремизмге каршы биргелешип күрөшүүнү күчөтүүнү сунуштаган.

Мына ушул жагынан алганда ЖККУ абдан керектүү уюм дейт генерал Мирослав Ниязов:

- Негизи ЖККУ бул бизге дагы, башка мамлекеттерге дагы өтө керектүү уюм болуп жатат. Анткени мунун потенциалы күчтүү. Бирок биз ал потенциалды туура пайдалана албай келатабыз. Бул структура тажрыйбаны топтоду. Ошондуктан ал Кыргызстанга дагы, башкаларга да керектүү уюм.

ЖККУнун Баш катчысы Кыргызстанга сапарынын соңунда адатта маалымат жыйынын өткөрүп, сапарын жыйынтыктап кетчү. Бул ирет андай болбоду.

Кыязы орус маалымат каражаттары жазгандай, орус тарап Кыргызстандын азыркы жетекчилигинин айрым кадамдарына ыраазы эмес. Бул ошол эле "Мегакомдун" айланасындагы кырдаал, жыштыктарды алмаштыруу жана өзгөчө “Дастанга” байланыштуу маселеде болуп жатат. Кезинде “Дастандын” акциясы үчүн Москва Кыргызстандын 180 млн. доллар карызын кечүүгө макул болгон эле. Бирок маселе ушул кезге чейин чечилбей турат. “Дастанга” түрк тараптын көз артуусу эки ортодогу “интриганы” ого бетер күчөткөнү байкалууда.

Коалициядагы ыйкы-тыйкы

Быйылкы жылдын бюджети кабыл алынбай, өлкөнүн финансы тармагынын келечеги бүдөмүк болуп турган чакта башкаруучу коалициянын ичинде ыйкы-тыйкы чыкканы айкын болду. Келишпестиктин булагы кадр маселеси экен. “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев коалициялык келишим боюнча, фракцияга убада кылынган кадрдык орундарды камсыз кылууну талап кылган. Бул талап 14-февраль, дүйшөмбү күндөн тарта кайсы бир деңгээлде орундала баштады. Маселен, “Кыргызпатент”, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, “Айылбанкка” жана башка орундарга “Ата-Журттун” адамдары коюлду.
Коалициялык өкмөттүн мүчөлөрү парламентте, 2011-жылдын 27-январы.

Ушундай эле дайындоолорду “Республика” фракциясы дагы жүргүздү. Бул партиянын адамдары Нарын облусуна губернаторлукка, “Манас” аба майданына, “Учкун” басмаканасына жана башка майлуу-сүттүү орундарга отурду.

Мына ушуну менен коалиция таркайт деген сөздөр убактылуу токтоп, парламент өз ишин улантты. “Ата-Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаев коалициянын ичиндеги абалга мындай баасын берди:

- Коалициянын ичи нормалдуу эле. Күнүмдүк тартышуулар бар болуш керек. Негизинен дурус эле.


Оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков коалициянын ичинде проблемалар бар экенин мындайча тастыктады:

- Коалициянын ичинде келишпестиктер аябай көп. Кадр маселеси боюнча, өздөрүнүн идеологиялык багыттары, алдыларына койгон максаттары боюнча. Мисалга ала турган болсок, келечектеги президенттик шайлоо коалициянын ичинде карама-каршылыктарды жаратып жатат. Кадр маселери чечилбей карама-каршылыктарды жаратып жатат. Алардын келечектеги мамлекетти өнүктүрүү, көрүү багыттары боюнча кадамдары карама-каршы келип жатат. Ошондуктан ушул кыйынчылыктар кийинки бир жуманын ичинде коалиция кулайт деген божомолдорду бере баштады.

Чындыгында коалициянын Башкы прокуратура жана Улуттук банк боюнча “эсеп-чоту” бүтө элек. Бул эки жогорку кызматка Кубатбек Байболовду жана Бактыгүл Жээнбаеваны бекитүүнү президент Роза Отунбаева парламентке сунуштаган. Бирок ал тийиштүү комитеттерден да өтүп келе элек.

“Ата-Журт” фракциясы Башкы прокуратурага өзүнүн кишисин дайындоону көздөп жатканын байкоочулар белгилешүүдө. Ошол эле мезгилде “Ата-Журттун” депутаты Мыктыбек Абдылдаев Конституцияга ылайык Башкы прокурорду президент көрсөтүп, парламент бекитерин, ошондуктан бул тармак президентке караштуу экенин белгиледи.

Коалиция өкмөттө да, парламентте да “эки тизгин бир чылбырды” колго алган. Бирок парламент менен өкмөт бюджетти кабыл ала элек. Өткөн жылы кабыл алынган Конституциянын толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон мыйзам долбоорлору да кабыл алына элек.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков бул маселелерге карата мындай пикирин билдирди:

- Бюджеттин абалы аябай кыйын. Бюджетте киреше бөлүгүнүн булактары такталган эмес. Экинчиден, бюджеттин чыгаша бөлүгү аябай өсүп кеткен, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерди кармоого кете турган чыгашалар. Ошентсе дагы, оппозиция болсок дагы бюджетти кабыл алып бергенге даярбыз. Себеби эртең өкмөт оппозицияны, Жогорку Кеңешти силер бюджетти кабыл албай койдуңар, биз ошондуктан кыйналып жатабыз деп күнөөлөбөш үчүн.

“Атамекенчи” депутаттын айтымында, парламентке жаңы конституциянын толук кандуу иштешин камсыз кыла турган мыйзам долбоорлор өкмөт тараптан келбей жатат. Ошондуктан иш токтоп турат. Мыйзамдардын келбей жатышы өкмөттүн толук кандуу бир команда катары иштей албашына байланыштуу болуп жатат.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров коалициялык өкмөткө иштөөгө убакыт берилиш керек деген пикирин билдирген.

Кыргызстанды кымбатчылык каптады

Кыргызстанда азык-түлүккө баалар 54% көтөрүлүү менен дүйнөдө биринчи орунга чыкканын маалымат каражаттары кабарлады. Кымбатчылык маселесин жума күнү Жогорку Кеңеш дагы талкуулады.
Ош базарындагы ун саткан жер, 2010-жылдын 2-сентябры.

Бишкектин базарларында 1 кг. эт 300 сом, 1 кг. картошка 25-30 сом, бир кап ун 1500 миң сомго жетип калды.

Парламентте сөз сүйлөгөн экономика министри Учкун Ташбаев баалар дагы 10-15% көтөрүлүшү мүмкүндүгүн билдирди:

- Биздин прогноз боюнча жылдын аягына чейин орто эсеп менен 10-15% көтөрүлөт. Биринчиден, бул базарлардын жетишсиздиги. Экинчиден, биз азыр буйрук бердик жергиликтүү бийлик жарманкелерди жума сайын өткөрүп туруш керек. Ошондо эл билет жарманкеге келсем, дыйкандын колунан арзан алам деп.

Азык-түлүккө баалардын өсүшү дүйнөлүк тенденция болууда. Бирок Кыргызстан сыяктуу жакыр өлкөдө анын кааты калкка катуу тийиши турган иш.

Өкмөт бааларды ооздуктоо үчүн антимонополдук комитетти иштетүүнү, тийиштүү мыйзамдарды кабыл алууну көздөп жатат. Бирок административдик ыкма менен бааларды кармап калуу бийлиги күчтүү СССРдин мезгилинде да оңой болгон эмес.

2007-жылы баалардын көтөрүлгөн учурунда өкмөт мамлекеттик стратегиялык корундагы буудайды сатуу менен чет өлкөдөн алынып келине турган азык-түлүккө бажы төлөмдөрүн алып салууга, жеңилдик киргизүүгө аракет жасаган.

Айыл чарба министри Төрөгул Бековдун маалыматы боюнча, Кыргызстан буудай менен өзүн 63% , шекер менен 13%, өсүмдүк майы менен 22% камсыз кыла алат. Мындай шартта административдик чаралар менен бааларды кармап калуу женил эместиги айкын.

Ошондуктан депутаттар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесинде айдоо аянттарын кеңейтүү, түшүмдүн асылдуулугун арттыруу, дыйкандарга көңүл бурууну арттыруу зарылдыгын белгилешти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG