Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Коалициядагы кызмат бөлүшүүлөр


Коалициялык өкмөттүн мүчөлөрү парламентте, 2011-жылдын 27-январы.
Коалициялык өкмөттүн мүчөлөрү парламентте, 2011-жылдын 27-январы.

Кыргызстанда жума башынан бери жогорку мамлекеттик кызматтарга бир нече дайындоолор болду.

Өкмөттүк коалиция жаңыдан түзүлгөндө “Ата-Журт” партиясынын лидери Акматбек Келдибеков да, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев да коалициялык өкмөт жалаң гана кесипкөйлөрдөн, мыкты адистерден кураларын жарыя кылган. Бул өкмөт өлкөнү оор абалдан чыгаруучу антикризистик өкмөт болоору да айтылган эле. Эми иш жүзүндө чын эле ошондой болуп жатабы?

Аманатка - кыянатпы?

Коалицияга кирген партиялар министрликтерден мамлекеттик компанияларга чейин ич ара бөлүшүп алышты деген дооматтар болсо тынбай айтылып келатат. Мындай дооматтарды партия лидерлери негизсиз деп, бири символикалуу көрүнүш катары бааласа, дагы бири коалициялык негизде түзүлгөн өкмөт үчүн мындай көрүнүштү мыйзам ченемдүүлүк катары баалап келет.
Кыргыз парламенти

Иш жүзүндө жогорку кызматтык дайындоолор көпчүлүк учурда кесипкөйлүк өңүттөн эмес, дал ошол коалициялык келишимдин негизинде ишке ашырылып жатканы маалым.

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Өмүрбек Абрахмановдун пикиринде, коалициялык өкмөт парламенттик системага кыянатчылык кылып жатат.

- Парламенттик системанын табияты боюнча коалицияга кирген партиялар өкмөттүн башындагы саясий бийликке гана адамдарды коюшат. Ал эми калгандары болсо, иштеринде кала берет, эч ким тийбеш керек. Эгер профессионалдуулугу жетпей, ишти жаман алып барып жатса, талдап, каталыктарын көргөзүп, андан кийин жумуштан алып, ордуна кесипкөйлүгү жогору, иш билген адамдарды дайындаш керек.

Жогорку мамлекеттик кызматтан акыркылардан болуп, 15-февралда Нарын облусунун губернатору Турдубек Мамбетов алынды. Ал “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү болчу. Анын ордуна “Республика” партиясы менен кызматташып жүргөн Канатбек Муратбеков келди. Жума башында болсо мурдагы “акжолчу” депутат Ажыбай Калмаматов “Кыргызпатентке”, Юруслан Тойчубеков каржылык рынокту көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилигине, Ормон Шаршенов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башына барганы белгилүү. Булардын баары “Ата-Журт” партиясынан.

Социал-демократтар партиясынын тизмесинен шайлоого катышкан мурдагы маданият жана маалымат министри Рыскелди Момбеков болсо бул жумада Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчылыгына дайындалды.

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде өкмөттү түзгөн коалицияда регионалдык баланс каралган. Мунун өлкөдө туруктуулуктун сакталышына пайдасы тийип атат. Бирок мамлекеттин өнүгүүсү үчүн мындай жол өзүн актай албай калат.

- Өнүккөнгө профессионалдар керек. Ошон үчүн азыр Айгүл Рыскулова, Учкун Ташбаев жана башка жаш министрлер иштеп жатат. Булар өкмөттү жакшы тартып кетет го. Ошентип иштесе эле, мен ойлойм, профессионалдар келмек. Бирок алдыдагы президенттик шайлоодо күрөш башталат. Кайра эле, саясатка малынып калабыз го.

Жаңы жетекчилер эмне дейт?

“Кыргызпатентке” жаңыдан дайындалган Ажыбай Калмаматов менен байланышып, анын аталган кызматка кандайча дайындалганына кызыгып көрдүк:

- Критерий тууралуу айтсак, патент боюнча адис болуп төрөлбөйт. Мен өзүм инженер-куруучумун. Административдик органдарда, партиялык кызматтарда иштедим. 1971-жылдан бери быйыл эмгек стажыма кырк жыл болду. Чет элдик фирмалар, англичандар менен иштедим. Англисче алар менен оозеки тилде сүйлөшкөндү да үйрөнүп алдым.
Ажыбай Калмаматов "Азаттыктын" студиясында, 2009-жылдын 18-январы.

Ажыбай Калмаматов ошондой эле бул тармакта кандай гана кадр болбосун алардан кем калышпай иштей аларын кошумчалады.

- Компьютерде иштейм, илим-билимдүүмүн деген кандай гана жаш кадр менен болсо дагы же менин деңгээлимдеги кадр менен болсо да, кайсы багытта гана болбосун талаша алам. Ал эми “Кыргызпатентке” келип, бул жерди жетектеп иштей албасак, анда бизден башка ким иштейт.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрөгалыгына келген Рыскелди Момбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып буларды белгиледи:

-Бул элдин тандоосу жана каалоосу болгондон кийин андай сөздөрдү айтканга чынында биздин акыбыз жок. Анткени, эл кандай шайласа, ошол боюнча үч партия коалициялык өкмөттү түздү. Бардык эле демократиялуу мамлекеттерде ушундай. Бийлик башына келген партиялар өздөрүнүн талапкерлерин сунуштайт.

Бирок коалициялык өкмөттүн кадр саясатына Рыскелди Момбековдун өзүнүн деле ичи чыкпайт экен:

- Менин азыркы өкмөттүн курамына ичим жылыбайт. Анткени, башында сапатына, деңгээлине, иш билгилигине карата алабыз деген. Арасында андайлар жок.

Күмөн саноолор көп

Депутат Өмүрбек Абдрахмановдун пикиринде, коалициянын азыркы кадр саясаты жакшылыкка алып барбайт.

- Элдин мамлекетке болгон ишеничин, нааразычылыгын жана бийликке каршы чыгууларды көбөйтөт. Бул туура эмес саясат.

Бул аптада кызматка дайындалган жетекчилер интернеттеги социалдык сайттарда да кызуу талкууланып, алардын айрымдарынын кесипкөйлүгүнө күмөн санаган пикирлер айтылууда.

Маалымат үчүн айта кетсек, Ажыбай Калмаматов “Ата-Журт” партиясынан шайлоого катышып, тизмеде 51-болуп турган. Жашы 55те. Мурдагы чакырылышта “Ак жол” партиясынан депутат болгон. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия башчылыгына барган Ормон Шаршенов да “Ата-Журт” партиясынын өкүлү. Жашы 69да. Ошондой эле, Каржылык рынокту көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилигине келген Юруслан Тойчубеков былтыркы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясынын шайлоо штабын жетектеген. Жашы 62 де.
Рыскелди Момбеков

Рыскелди Момбеков болсо Социал-демократтар партиясынынын атынан тизмеде 49-болуп, шайлоого катышкан. Жашы 44тө. Апрель ыңкылабына чейин “Форум” гезитинин редактору, 2010-жылы 7-апрелден тартып декабрга чейин Маданият жана мааалымат министрлигин жетектеп турган.

Ошентип мамлекеттик жогорку кызматтарды коалициялык өкмөттү кураган партиялар тарабынан бөлүштүрүү аягына чыгып калгандай. Бирок өлкө башынан кечирип жаткан экономикалык кризистен качан чыгары белгисиз бойдон калууда. Бул аралыкта күндөн-күнгө азык-түлүккө болгон баа өсүп, кымбатчылык күчөп барат. Көпчүлүк серепчилер мындай шартта жогорку кызматтарга иш билги адистердин келиши шарт болчу деген пикирде.

XS
SM
MD
LG