Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанга келип, Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.

Бордюжа Бишкекте

Жамаатттык коопсуздук келишими уюмунун Баш катчысы адатта президенттер саммитинин алдында уюмга мүчө өлкөлөрдү кыдырып, саммитте каралчу маселелерди тактоо миссиясы менен жүрөт. Николай Бордюжанын Кыргызстанга 15-февралда башталган үч күндүк сапары андан айырмаланып турат. Бул сапардын максаты Кыргызстандын бийлик системасы жана андагы жаңы жетекчилер менен таанышуу экени айтылууда.

Чындыгында ЖККУнун Баш катчысы уюмга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчылары менен иш жүргүзөт. Кыргызстанда болсо андай кызмат жоюлуп, анын ордуна Коргонуу кеңеши түзүлгөн. Коргонуу кеңештин жетекчиси президент, катчысы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов.
ЖККУга мүчө өлкө башчыларынын саммити, Ереван, 2010-жылдын 20-августу.

ЖККУнун сайтынан алынган расмий маалыматка караганда, Бордюжанын бул сапары учурунда Кыргызстандагы абал, коопсуздук, аскердик кызматташуу, ЖККУнун алкагында Кыргызстанга жардам көрсөтүү маселелери талкууланат.

Кыргызстан, Тажикстандагы окуялардын түбү бирби?

Бул үчүн Николай Бордюжа 15-февралда премьер-министр Алмазбек Атамбаев, вице-премьер-министр Шамиль Атаханов менен жолугушту. Атаханов менен жолугушуу учурунда Бордюжа өткөн жылы Кыргызстан жана Тажикстандагы окуялардын байланышы бар экенин атап, экстремизмге каршы күрөштө ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракети зарылдыгын билдирген.

Бул маселелерди Бордюжа президент Роза Отунбаева, төрага Ахматбек Келдибеков жана күч структураларынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда да талкуулашы күтүлүүдө.

1992-жылы түптөлгөн Жамааттык коопсуздук келишими уюму уюмга мүчө өлкөлөрдү сырткы агрессиядан коргоо максатын койгон. Мына ошого байланыштуубу, Кыргызстандагы июнь коогалаңы учурунда өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева коогалаңды басууга ЖККУнун алкагында аскерий күч сурап, орус президенти Дмитрий Медведевге кайрылган. Бирок ал канааттандырылган эмес. Аскердик-техникалык жардам берүү маселеси көтөрүлүп, бирок анын да натыйжасы болгон эмес. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун өкүлдөрү Ошко келип, консультация берүү менен чектелишкен.

Бул жагдай ЖККУнун өткөн жылы 10-декабрдагы Москва саммитинде кызуу талкууланып, Беларус президенти Александр Лукашенконун кескин сынына кабылган. Бирок ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн кайсы биринде пайда болгон же пайда боло турган кризистик кырдаалда кандай аракеттенүү маселеси ушул кезге чейин аныкталып, такталып бүтө элек.

Муну белгилүү талдоочу Валентин Богатырев мындайча тастыктады:

- Менин оюмча, бул маселени кандай чечүүнүн жообу жок. Эгерде ЖККУга мүчө мамлекеттерге кол салуу жөнүндө болсо бир жөн. Ал эми Кыргызстан түштүгүндөгүдөй кырдаалга кандай реакция жасоо аныктала элек нерсе.

Кыргызстандын жоюлуп кеткен Коопсуздук кеңешинин мурунку катчыларынын бири Мирослав Ниязов Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун пайдаланыла элек потенциалы көп экенин белгилеп, ошол эле мезгилде кризистик кырдаалдарда ар бир эгемен мамлекет өзүнүн маселесин өзү чечиши керектигин атады:

- Эгемендүү, көз каранды эмес мамлекет ички кырдаалды өзү жөнгөрүш керек. Ал эми таптакыр эле болбой бараткан учурда, эл кырылып кетпеш үчүн ЖККУ күчүн пайдаланса болот деп кийинки учурда бир жыйынтыкка келбеди беле булар, деген Ниязов бирок мындай кырдаалда кандай аракеттенүү боюнча конкреттүү чечим кабыл алына электигин кошумчалады.

Адистердин пикиринде, Николай Бордюжа сапары учурунда Кыргызстандын абалын иликтеп, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттерине Кыргызстанга кандай көмөк көрсөтүү боюнча сунуштарын берет.

ЖККУ быйылкы жылды азык-түлүк коопсздугун бекемдөө жылы деп атаган. Ошондуктан кымбатчылык күчөп турган азыркы шартта бул уюм үчүн иш жетиштүү десек болот.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Россия, Армения, Беларус жана Өзбекстан мүчө. Уюм 1992-жылы түзүлгөн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG