Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Армения-Азербайжан: жолугушуудан кийин ок атылды


Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен АКШнын мамкатчысы Жон Керри.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен АКШнын мамкатчысы Жон Керри.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта 17-майда болгон атышуудан бир аскери набыт кеткенин кабарлады. 16-майдын кечинде Армения менен Азербайжандын президенттери Венада жолугушкан.

Азербайжандын Коргоо министрлиги шейшембиде тараткан билдирүүдө “17-майда Армения ок атышпоо режимин бузуп, анын натыйжасында жоокер Натиг Тахирли набыт болду” - деп жазылат. Ереван менен Тоолуу Карабактагы жикчилдер бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Окуя 16-майда Армениянын президенти Серж Саргсян менен Азербайжандын лидери Илхам Алиев Венада жолугушкандан кийин болду.

Венадагы эки президенттин сүйлөшүүсү ЕККУнун алдындагы АКШ, Франция жана Орусия кирген Минск тобунун демилгеси менен уюштурулду. Жыйынга эки өлкөнүн лидерлеринен тышкары АКШ, Франция жана Орусиянын дипломаттары катышты.

Жолугушуудан кийин Минск тобу жарыялаган билдирүүдө эки президент Тоолуу Карабактагы кризисти тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар экени белгиленет.

Эки саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин тараптар бир катар маселелер боюнча бир келишимге келгенин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Сергей Лавров менен Серж Саргсян
Сергей Лавров менен Серж Саргсян

- 1994-1995-жылдары сүйлөшүлгөн ок атышпоо режими боюнча келишимди сактоо туралуу макулдашышты. ЕККУ аймактагы жаңжалдарды иликтөө боюнча так кадамдарды жасай турганы тууралуу сөз болду. Андан тышкары ЕККУ дайынсыз жогологондорду издөөгө да жардам берет.

Эки мамлекеттин лидерлери 2-апрелде Тоолуу Карабакта тутанып, бир нече күнгө созулган куралдуу жаңжалдан кийин биринчи жолу кезикти.

Маалыматка караганда, президенттер сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын бир-эки айдын ичинде өткөрүүнү макулдашты. Ал кайда жана качан өтөөрү июнь айында маалым болот. Венада Серж Саргсян жана Илхам Алиев менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини да жолукту.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Баку-Ереван ортосундагы кризисти толук чечүү оңой иш эмес экенин белгиледи:

- Биз бул ишти аягына чейин чыгарууга даярбыз. Албетте, эки тарап ортосундагы чыңалууну эске алуу менен бул иш баскыч-баскычы менен өткөрүлүшү ыктымал.

Азербайжан менен Армения ортосундагы Тоолуу Карабак жаңжалы 1990-жылдын башында тутанып, талаштуу аймак Ереванга ыктаган жикчилдердин колуна өткөн.

Быйыл 2-апрелде абал кайрадан курчуп, куралдуу салгылашууда эки тарап жүзгө чукул аскерин жоготту. 5-апрелде жаатташкандар ок атышууну токтотуу жараянын жарыяласа да, келишим маал-маалы менен эки жактан тең бузулганы маалым.

XS
SM
MD
LG