Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

"Радиого эмес, телеге чыкчудай даярданчу"


«Азаттык» радиосунда 24 жыл иштеген Майра Жакып келини 76 жаш курагында апрелде капыстан дүйнө салганын кабарлаган элек. Ыраматылык кесиптешибиздин кичүү кызы Жамийла Төлөмүш кызы энесин эскерип, төмөнкү баянын окурмандарга сунуш этет.

Мамет Иса Арал агай биздин Мюнхендеги үйүбүзгө энем Майранын күтүүсүз көз жумганына байланыштуу көңүл айтканы келген экен. Акыркы жолу ал Кыргызстанга 1995-жылы Манас атабыздын 1000 жылдык тоюна барып, жол кырсыгына кабылып, башынан жараат алып далай дарыланууга аргасыз болгон.

Мамет Иса Арал (“Азаттык” радиосундагы ысымы “Эркинтоолук”) 1950-жылы Ооганстанда төрөлгөн. Төрт жашында ата-эне, туугандары менен Түркияга жер которушат. Ошол жакта, Конья шаарынан анча алыс эмес айылда чоңоюп жетилет. Энеси үйдө түркчө сүйлөөгө тыюу салып, балдарынан жалаң кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылчу экен.

Мамет Иса Аралдын эскерүүсү

Мамет агай 16га чыккан кезде менин атам Төлөмүш Жакып уулу энем Майра экөө Түркияга кыргызча сүйлөгөн, сабаттуу, “Азаттык” радиосунда иштөөгө жарай турган жаштарды караганы барып калышат. Дал ошол кезде Мамет агай туулган айылынан 100 чакырым алыс жердеги Конья шаарында лицейде окуп аткан болот. Үйүндөгүлөр айылдагы жалгыз телефондон лицейге чалышып, мугалимдеринен уруксат алып, бир күнгө шашылыш үйүнө барат. Атам Төлөмүш бойго жетип калган Маметти көргөндө эле жактырыптыр. Албетте, атама бул үйдө балдарына кыргыз тилин үйрөтүп, жалаң ошол тилде сүйлөткөндөрү аябай ынаган. Атам дароо “Азаттык” радиосунун Мюнхендеги чоңдоруна телефон чалып, ушул таланттуу жигитти үйрөнчүк кылып стажировкага алууну сунуштайт. Жетекчи кызматтагылар ал кезде андай сунушка көнбөй коюшат.

Сегиз жылдан кийин Мамет агай автобуска түшүп алып Түркиядан Германияга келет. Башкы максаты – Франкфуртта жашаган агасына учурашуу эле. Немисче бир да сөз билбеген жаш жигит атама телефон чалып, Мюнхенден тосуп алып, Франкфуртка узатып коюусун өтүнгөн экен.

Атам Мамет агайды автобекеттен тосуп алып, 50 чарчы метрлик чакан батирибизге алып келет. Ал жерде ата-энем үч кызы менен жашай турган, мен анда болгону эки жаштагы кезим. Мамет агай эки күндүк узак жолдон чарчап келгендиктен курсагын тойгузуп, түнөй турган үй табылганына абдан ыраазы болгон экен.

Эртеси атам: “Азаттык” радиосунун иш кеңсесин көрүп алып, анан агаңа бар деп жумушуна ээрчитип барат. Радиодо болгон учурда атам Мамет агайды жетекчилери, башка кесиптештери менен тааныштырат. Ал кезде кыргыз редакциясы Түркстан редакциясынын бир бөлүгү эсептелип, атам Төлөмүш жана Мамат Шарип экөө гана кыргыз тилинде сүйлөй турган.

Кийинки күнү Мамет агай Франкфуртка жөнөп кетет. Бир жумага жетпей атам Төлөмүш телефон чалып: “азыр чай ичип аткан болсоң, чыныңды дасторконго койо салып, тезирээк поюзга түш. Мюнхенге эртерээк келе кал, чоңдор сени он беш күндүк сыноо мөөнөтү менен ишке алууга макул болушту” деп сүйүнчүлөйт.

Ошентип, Мамет агай “Азаттык” радиосуна ишке киришип, 13 күндөн кийин эң алгачкы ирет ободо жаңылыктарды окуйт. Атам анын колуна кагаздарды карматып: “Азыр студияда ушул кабарларды окуйсуң. Эч нерседен коркпой, арасында токтоп калбай, башынан аягына чейин окуп чык. Кай бир жерлеринде такалып калсаң, чочуп кетпе, андан ары улантып кет, башкаларга сыр алдырба. Сени угуп турган чоңдор кыргызча түшүнбөйт. Экөөбүздөн башка киши байкабайт. Такалбай окуп бере көр” деп үйрөтөт. Мамет агай студияда жаңылыктарды окуп бүтөөр замат кайдандыр бир добуштар чыгып атканын сезет, башын көтөрүп караса угуп тургандар кол чаап атышыптыр. Толкунданганынан беттери кызарып чыккан атам Төлөмүш бек кучактап куттуктап, Мамет Арал агайга радиого жумушка алынганын айтат. “Бир эле канатым менен уча албай жүрдүм эле. Эми Мамат Шарипке сен кошулуп, экинчи канатым пайда болду. Эми эч жакты карабай учам”, - деп сүйүнгөн экен атам.

Мамет агай Германиянын Анкарадагы элчилигине визага керектүү бардык документтерди алган бойдон Түркияга жөнөйт. Ал Анкарага келгенде Түркия-Кипр кризиси тутанып, элчилик жабылып калган экен. Жыл аягына чейин күтүп отуруп, Мамет агай тийиштүү кагаздары колго тийгенде, 1974-жылдын декабр айында биротоло Мюнхенге көчүп келет.

Алгачкы айлары атам Төлөмүш макаланын жарымын жазып берип, “калганын сен жазып бүтүр” деп жүрүп Мамет агайды журналистикага машыктырат. Жаш жигиттин жазгандарын окуп чыгып, “абдан туура” деп сүйүнүп калчу экен. “Кыргызстандагы угармандар уксун десең, көкүрөгүң таза болушу керек. Чын пейилден жазганды үйрөнбөсөң, макала-кабарыңды эч ким укпайт” деп кайталай берчү экен ыраматылык атам. Бир топ жылдардан кийин атам жумуштагы эки шакирти тууралуу сөз кылганда “экөө тең чала кыргыз болуп келишти эле, эми накта кыргыз болушту” деп тамашалай күлүп калар эле.

Энем Майра тууралуу эскерип отуруп, Мамет Арал агай: “жеңебиз менен 21 жыл чогуу иштедим. Майра жеңе радиого сүйлөөр алдында аябай даярданып, боюн түзөп, өңү-башын да оңдонуп алчу. Телеге чыкчудай даярданат деп таң калчубуз” деп айтып берип отурду. “Эмнеге анчалык даярданасыз? – деп сураганыбызда, - күйөөм Төлөмүш алдыңдагы микрофонго гана даярданбай, бүткүл Кыргызстан үчүн даярдан деп үйрөткөн деп жооп берген. Майра жеңе бизге макала-кабар жазып гана жардамдашпастан, курсагыбыз ачпасын деп тамак-ашын белендеп баарыбызга кам көрүп турчу эле. Эстесем, ошол 21 жыл ичинде Майра жеңе жумушта бир да киши менен кер-мур айтышып, көңүлүн чөктүргөн сөз айтпаптыр. Табиятынан назик, жумшак адам турбайбы” – деген Мамет агайдын эскерүүлөрү ансыз да жаңыдан энебизден айрылып, жүрөгүбүз тилинип турган чакта ичибиздеги ыраазылык сезимдерибизди күчөттү. Энебиз бизге жакшы адам болууну, башкаларга жакшылык кылууга умтулуу сапаттарын үйрөтүп, мураска калтырып кетти.

Жамийла Жакупоглу – Төлөмүш кызы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG