Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Энеге нурдесте


"Баатыр эне" сыйлыгын алган апалар, 15-май, 2015-жыл
"Баатыр эне" сыйлыгын алган апалар, 15-май, 2015-жыл

Эми дүйнө мага эки нерседен: энелүүлөрдөн жана энесиздерден турат. Бүгүн мен экинчи тизмеге кошулдум... 2005-жыл. 9-январь

Эски дептерден: “Адамда эмне жакшы нерсе болсо ошонун баары – Күндүн нурунан анан Эненин сүтүнөн”, “Эне – дайым өлүмгө каршы” М.Горький

Мен СССРдин эң соңку жоокерлеринен болдум. 1989-жыл. Баетов айылынан беш сары автобус бала аскерге жөнөп атабыз. Ал күн Чыңгыздын Майсалбегин узаткандай эле болгон. Автобустар дүр этип мына жөнөй берерде апам менен эжем автобустун терезесине чуркап келди да апам айтты “Тиште балам мобуну!!!” деди. Ал жыйырма тыйындык экен. Кадимки советтик 20 тыйын. Мен терезеден эңкейип апамдын колундагы тыйынды тиштедим. Апамдын тыбыт жоолугу желкесине түшкөн. Тыйынды муштумуна бекем түйүп алган, анан, декабрдын аязын үйлөп апамдын оозу бууланды: “Алдыңа кетейиним..!!!”

Ошону менен “Калашниковду” кучактаган эки жылдык керемет жашоого кеттим. Поюзда баратып алиги оозумда даамы калган тыйынды эстейм... Мен ал ырымды билчүмүн. Мурда аскерге же согушка жөнөп аткан балдырына энелер ошентип тыйын же нан тиштетип калчу экен, “аман келип кайра ушуну жесин, пайдалансын, жашоосу улансын” деп ырымдап баштыкка салып, үйдүн шыбына илип коюшчу экен. Биз кайда болсун аман эсен жүргөнүбүзгө, кырсыктан алыс болгонубузга Энелердин тынымсыз тилеги да жардам кылганын билдикпи, түшүндүкпү?

Ошентип эки жыл өттү. Кызыгы, аскерге Фрунзеден кетип Бишкекке келдим. Мекеним - Кыргыз ССРи эле эми, Кыргызстан болуптур. “Айыл кандай, эмне жаңылык?” десем, "Айыл жатат, дыйкан чарба деген чыккан, барганда көрөсүң", - дешти. Көрсө ал жөн гана жаңылык эмес, бир замандан экинчи жаңы заманга өткөн тарыхый, анык өткөөл мезгил экен.

Ошондо айылда жаңы замандын жарчысы катары бир жаңылык бар эле... ал латын америкалык өлкөлөрүнүн сериалдары. “Байлар да ыйлайт”, “Жөн эле Мария”, анан Американын “Санта Барбарасы”... Булар ал кезде “сыртка чыкпаган” советтик элди окуялары менен жакасын карматып, таңгалтып, ичкен ашын унуттуруп, толкундатып турган эле. Аны менен кошо жашап, аны талкуулабаган жан жоктой болчу. Ошол кездери заман оорлоп кетпедиби - бир көчөдө ашып кетсе 10 үйдө телевизор бар. Элдер топ-топ болуп алып, бир үйдөн чогуу көрүшөт. Апам анда ооруканада медайым. “Биздин больницанын кыздары” деп коер эле апам кесиптештерин. “Бүгүн сериалды Турсундукунан, эртең Жаркындыкынан барып көрөбүз” дечү. Ошентип баарысы чогуу барып, чогуу келишчү. Мага ошол көрүнүш абдан жагаар эле. Бир күнү да сериалга баратышып апам үйгө чуркап кире калыптыр. “Балам, мына муну жылытып же муну ич” деп менин курсагымы ойлоп кире калат да. Аңгыча артынан Нават эже шашып кирет. “Ой Сакен апа, бас омей, сериал башталып калат. Армиядан келген уулуңуз чайды өзү эле кайнатып ичет” деп мага көзүн кысып коет. Анан баары ээрчишип алып кетишет. Анан аларды терезеден карачумун. Апам. Айылдык медик эжелер. Күнгө чагылган калың кар. Кар менен кошо ошол кызык заманды чүмкөнүп тынч жаткан айыл. Бар-жокту билгизбей, бирге көтөрүшкөн айылдыктар. Анан ошол сыйкырдуу сериалдардын күрү-күүсү. Ошонун баарысы биригип жүрөккө эмнедир бир жылуулук алып келчү. Бейпилдик берчү. Сыйкырдай сезилчү. Көрсө ал бейпилдик бул жарыкта ЭНЕнин бар экени тура. Эртең менен өз колу менен жагып кеткен оттун табы тура. Терезем толуп турчу анын ошол карааны тура. Эми үйдөгү меш да негедир ошо кездей ысыбайт. Үстүндө чайнек да эмнегедир антип үн салбайт.

Бирок бүгүн муну өксүк үчүн эмес эртеңки жакшы күн, майрам үчүн эстедим. Сен дегенде мага ошондой бактылуу, бейпилдик келээрин ойлоп эстедим. Сен дегенде мен да, кайдадыр алыстагы сен да нурданаарыңды ойлоп эстедим. Сага, өткөн өмүрүңдөгү таттуу ирмемдердей жаныңа тынчтык болуп турса экен деп анан дагы менде, уул-кыздарыңда баарысы жакшы экенин билгизгим келип эстедим.

Жеңишбек Эдигеев

XS
SM
MD
LG