Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Студенттер паракорду сагынганда


Мыйзамдын “жакшысы” – кулпулангандагысыбы? TKy. 25.02.2011.
Мыйзамдын “жакшысы” – кулпулангандагысыбы? TKy. 25.02.2011.


Кайсы-бир ЖОЖдо бир окутуучу бар экен.

Ал дайыма сынак, зачёттор маалында акча алып туруп гана баа койчу тура. Ага көнгөн студенттер да эч нерсе окушчу эмес экен. Баары бир акчага гана баа алса, балааны окушмак беле!

Сааты келиппи, же келе электеби, айтор, бир күнү алиги паракор агай дүйнөдөн мезгилсиз качып кетет экен.

Анын ордуна кызматка келген жаңы окутуучу студенттерден сынак алып калат. Сураса эч ким ооз ачпайт. Мындан сураса да, тигинден сураса да оозуна кум толтуруп алгандай унчугушпайт.

Жини келген окутуучу:

- Эмнеге эле эч кимиң унчукпайсың? Ботом, калп эле жөтөлүп деле койсоңор боло?

Анда курска башчы болгон студент:

- Агай, бизди аясаңыз. Сизге чейинки окутуучубузга аза күтүп атпайбызбы! – деп ботодой боздоп жибериптир.
XS
SM
MD
LG