Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:29

Борбор Азиядагы маңзат соодасы: Миф жана чындык


Ооганстандын апийим талааларынын бири

Ооганстандын апийим талааларынын бири

МКФКнын башчысы Борбор Азияда ички дүң жыйымдын 40 пайызга жакынын мыйзамсыз ишмерликтен, анын ичинде маңзаттарын сатуудан түшкөн киреше түзөөрүн билдирди. "Өңүт" программасы чөлкөмдөгү наркосооданы иликтейт.

Орусиянын Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (МКФК) башчысы Виктор Ивановдун 15-майда жасаган билдирүүсү Кыргызстанга да таандык. Даражалуу чиновниктин бул сөзүнө региондун расмий чөйрөлөрү жана эксперттер макул эмес. Мисалы, Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу башкармалыгынын төрагасы Зайнидин Муминов:

- Ички дүң жыйымдын 40% маңзаттарына байланыштуу бизнестен келип түшсө, дагы 40% тыш өлкөлөрдө иштеген эмгек мигранттарынан келет экен. Андай болгондо улуттук экономикага ички дүң жыйымдын 20% гана таандык болбойбу?! Билдирүү негизсиз, куру кыялдан жаралган. Мындай билдирүүлөрдү Орусиянын расмий адамдары өтө көп жасашат. Биринчи жолу жасалып жаткан жок. Алар мас болуп алып, оюна келгенди оттоп жаткандай көрүнөт. Алар маңзаттарын ташууда дешип жалгыз Тажикстанды гана күнөөлөшөт. Ооганстан менен чек аралаш бизден башка да өлкөлөр бар экенин унутушпаса дээр элем.

Москвалык талдоочу Аджар Куртов “Азаттыкка” курган маегинде Виктор Ивановдун Борбор Азия мамлекеттериндеги мыйзамсыз маңзат соодасынын деңгээли тууралуу жалпы бир бүтүм чыгарганы жаңылыштык экенине көңүл бурду. Ал экс-советтик Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстанда гана маңзат аткезчилиги экономикага олуттуу таасир эткенин да айтты:

- Эгер пост-советтик Борбор Азияны алсак, бул цифра ашыкча чоңойтуп айтылган. Анткени Түркмөнстан менен Казакстанда негизги кирешени табигый кен байлыктарын иштетүүдөн алышат. Өзбекстандын ички дүң жыйымынын 40% наркобизнес берет деп айтканга болбойт. Беш өлкөнүн арасынан Тажикстанда гана ички дүң жыйымдын олуттуу бөлүгү маңзаттарын мыйзамсыз соодалоого байланыштуу десе болот. Мен так санды айта албайм. Бирок маң бизнесинин үлүшү Тажикстанда ички дүң жыйымдын үчтөн бирине тете болушу ыктымал деп ойлойм.

Борбор Азияга маңзаттары апийимдин дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүсү Ооганстандан келет. Расмий маалыматтарга караганда, ооган дыйкандар менен наркотөбөлдөрдын апийимден тапкан жылдык кирешеси 4 миллиард долларга жетет. Бул улуттук дүң жыйымдын бештен бирине барабар сумма.

Маңзат соодасы терең иликтене элек

Эксперттер Өзбекстандын экономикасында маңзат аткезчилигинин үлүшү Тажикстан жана Түркмөнстандан аз дешет. Орусиялык серепчи Аджар Куртовдун айтымында, Өзбекстан-Ооганстан чек арасы Тажикстан-Ооганстан жана Түркмөнстан-Ооганстан чек арасына салыштырганда алда канча аз.

Экинчи жактан расмий Ташкендин кылмыш топторуна каршы айоосуз мамилеси алардын өлкөдөгү кырдаалга таасир этүүсүнө жол бербейт, дейт Аджар Куртов:

Ооганстандан Австралияга келген жүктөн табылган 97.7 кило героин жана 118.4 кило псевдоэфедрин.

Ооганстандан Австралияга келген жүктөн табылган 97.7 кило героин жана 118.4 кило псевдоэфедрин.

- Маңзаттары менен соода кылууну көбүнчө мафиялык топтор көзөмөлдөшөт жана алардын өз максаттары бар. Алар Ооганстандагы радикалдуу ислам топтору менен байланышкан. Өзбек бийликтери өлкөнү тышкы жана ички коркунучтардан аябай эле катаал, репрессивдүү иш чаралар менен коргойт. Ошон үчүн Ташкен кылмыштуу чөйрөлөрдөгү ислам радикалдары менен байланыштагы мафиялык топтордун мамлекеттин ички ишине кийлигишүүсүнө жол койбойт. Мындан улам кылмыштуу бизнестин экономикадагы үлүшү 5 пайыздан болушу мүмкүн эмес.

Александр Зеличенко маңзаттарына каршы күрөшүү боюнча Кыргызстанда жана тыш өлкөлөрдө таанымал адис. Ал азыр Наркосаясат боюнча Борбор Азия борборун жетектейт. Александр Зеличенко МКФКнын башчысынын билдирүүсүнө кошулбайт. Анын айтышынча, Түштүк Америкадагы арабөк мамлекеттерде гана маңзат соодасына байланыштуу ишкердиктен түшкөн киреше экономиканын тең жарымына чукул сумманы түзөт:

- Биринчиден, бул санды тастыктоо мүмкүн экенине ишенбейм. Бирок наркобизнестин экономикага катышы бар экенин танууга болбойт. Иванов мырза Борбор Азиянын экономикасынын 40% маңзат аткезчилигине көз каранды деп, бизди Колумбия жана Боливия сыяктуу Латын Америка мамлекеттерине теңеп салууда. Экинчиден, Борбор Азия элдери этностук курамы, саясий түзүлүшү, менталитети, үрп-адаты боюнча жана социалдык жактан айырмаланып турушат. Иванов мырза болсо Борбор Азия деп жалпылап, бизди окшош, эч айырмасы жок деп, бир себетке батырып салууда. Бул натуура. Үчүнчүдөн, наркосооданын экономикадагы үлүшү боюнча эч ким, эч качан кеңири масштабдагы изилдөө жүргүзгөн эмес. Ошон үчүн маңзат соодасынын улуттук экономикадагы орду тууралуу кандайдыр бир санды айткандан мурда атайын изилдөө жүргүзүү зарыл.

Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев Орусиянын маанилүү мекемесинин башчысынын Борбор Азия өкмөттөрүн наркосооданы ооздуктай албады деген тейдеги сөзүн адепсиздик катары сыпаттоо менен маңзат аткезчилиги Орусиянын өзүнө да таандык кубулуш экенине токтолду.


Маңзат аткезчилигине албетте наркозаттан түшкөн киреше да таасир этери айкын. Орусиянын Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын билдиришинче, Москвада бир килограмм таза героиндин баасы 100 миң доллар, ал эми гашиштин баасы 25 миң доллардан кем болбойт.

Москва саясий ордун бекемдейт

Көмүскө экономика сөзсүз эле наркосоодага байланышпайт. Ага ишмердүүлүктүн бардык мыйзамсыз түрлөрү кирет. А бул жагынан Борбор Азия өлкөлөрү башка мамлекеттерден бир кыйла өзгөчөлөнүп турат, дейт Москвадагы КМШ өлкөлөрү боюнча институттун Казакстан жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин:

- Коррупция менен байланышкан ишкерлер жана башка көмүскө экономикалык аракеттердин баары эле наркобизнеске барып такалбайт. Аткезчилик, мыйзамсыз миграция, бизнеске калканч болуп берүү, рэкет сыяктуу түрдүү схемалар да бар. Бул өңдүү мыйзамсыз бизнестин үлүшү Борбор Азияда бир кыйла чоң.

Байкоочулар маңзат аткезчилигинин мурдагы Советтик Борбор Азия республикаларында жайылып кетүүсүн өкмөттүк мекемелерде иштеген чиновниктердин катарындагы жемсөөлүк, атүгүл күч органдарындагы жетекчи кызматкерлердин мыйзамсыз иштерге аралашып, аларга калка болуп жүргөнү менен да байланыштырышат. Ошондон улам маң аткезчилиги, аялдарды сойкулукка сатууга окшогон социалдык терс илдеттерге бийлик бут тосо албай жатат.

"Мындай жоромолдор өтө негиздүү",-деген Александр Зеличенко: "Биз бул маселе боюнча кеңири багытта изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Наркокоррупциянын кенен жайылганы талашсыз. Анын региондогу айрым бир мамлекеттердин саясатына таасир этип жатканы чындык. Бул фактыны танып болбойт. Ошол эле мезгилде аны ашыра баалап жибербөө да керек".

Ооган героинин Балканга ташуунун жолу

Ооган героинин Балканга ташуунун жолу

​Маалымат каражаттары Орусиянын Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын башчысы Виктор Ивановдун наркозаттардын агымын токтотуу үчүн Борбор Азияны өнүктүрүү боюнча атайын корпорация түзүү жөнүндөгү сунушуна анчейин көңүл бурушкан жок. Азыр эксперттик деңгээлде сыноодон өтүп жаткан бул сунуш кабыл алынса, регионго орусиялык инвесторлор Кремлдин нускоосу менен капитал салууга тийиш болот. Бул долбоор тууралуу москвалык экономист Андрей Грозин:

- Орусиянын Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы ортого салган сунуш жөнүндө массалык керектөөчүлөр үчүн ачык документтерге таянып мындай дээр элем: сунушка ылайык, Борбор Азияны өнүктүрүү корпорациясы биринчи кезекте экономикалык суроолорду, ага катар геосаясий мүнөздөгү маселелерди жөнгөрүүгө жана болочокто Орусиянын региондогу ордун, ошондой эле ал жактагы мамлекеттерге таасирин кеңейтүүгө багытталган. Жалпылып айтканда, бул долбоор АКШнын ЮСАИД агенттигинин ишмердүүлүгүнө окшош болгону менен, МКФК сунуш кылган идея эң алды экономикалык суроолорду чечкенге багытталган. Менин баамымда, саясат болочокку пайдалуу толуктама ирети каралат.

Борбор Азияны өнүктүрүү корпорациясын түзүү жөнүндөгү сунушту президент Владимир Путин өкмөттү жетектеп турган кезде шыр колдогон. Бул документ июнда орус өкмөтүнүн атайын жыйынында каралганы жатат. Корпорация жумуш орундарын түзүү аркылуу элдин жашоосун жакшыртып, Орусияга маңзаттарынын агылып келишине бөгөт коет деген кремлдик чиновниктердин сөзүн профессор Сарыбаев Борбор Азия калкын кеминтүү деп түшүнөт.


Кыргызстандын Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын эсебинче, жылына Кыргызстанга 6 тонна героин келип түшөт. Анын канчасы өлкөдө керектелип, канчасы сырт өлкөлөргө ташылып кетери беймаалым. Былтыр Кыргызстанда расмий катталган 10 миң баңги бар экенин “Вашингтон Таймс” гезити да жазган.

Профессор Айылчы Сарыбаев маңзат аткезчилиги Кыргызстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнө эле мүнөздүү көрүнүш эмес, байдөөлөт мамлекеттерде да маңзаттарына башынан жетеленген баңгилер менен аларды ак өлүм менен камсыздаган эргулдар бар экенин эске салды.

Борбор Азия, Орусиядагы маңзат колдоонуучулар (БУУнун эсептөөсү)

Борбор Азия, Орусиядагы маңзат колдоонуучулар (БУУнун эсептөөсү)

​Адистер асыресе маңзаттарын колдонуу адам ресурстарынын санын азайтарын, тагыраак айтканда, төрөттүн азайышына, оорукчан адамдардын жана эмгекке жарамдуу курактагылар арасында өлүмдүн көбөйүүсүнө алып барарын, андан өзгөчө жаш муун зыян тартарын көзгө сайып айтышат. А. Сарыбаевдин айткандай, Кыргызстанга маңзаттарын мыйзамсыз колдонуу алып келген чыгаша тууралуу өкмөттүк мекемелер даярдаган ачык маалыматтар жок.

“Мыйзамсыз маңзат соодасына каршы күрөшүү үчүн эмне кылуу керек?”-деген суроого Александр Зеличенконун пикири мындай болду:

- Эң негизгиси - наркосоода, баңгилик менен күрөшүү боюнча так, ачык айкын, деталдуу мамлекеттик саясат иштеп чыгуу зарыл. Бул боюнча Борбор Азия өлкөлөрүндө бирдиктүү саясат жок. Кээ бир өлкөлөрдө 0, 015 милиграмм героин үчүн адамдарды алиге чейин абакка салышат.(Ошол эле убакта жүздөгөн килограмм героин колго түшүүдө). Бул глобалдык илдет менен күрөшүүнүн тоталитардык жолу. Айрым бир өлкөлөрдө баңгилер героин колдонбосу үчүн анын ордуна метадон беришет. Муну метадон терапиясы деп аташат. Анын максаты маңзаттарына көз каранды адамдар арасында СПИДди алып жүрчү ВИЧ инфекциясын жайылтпоо. Менин оюмча, мыйзамсыз маңзаттарын таркатууга бөгөт койууда региондогу өлкөлөр бирдиктүү чара колдонушу шарт; ага каршы катаал мыйзамдарды кабыл алып, өз ара кызматташууну бекемдеши абзел. Анткени бул маселени күчкө салып чечүү мүмкүн эмес экени бүгүн айдан ачык болду.

Жыл башында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинде айтылган маалыматка таянсак, болжолдуу эсептөөлөр боюнча, өлкөнүн ички дүң жыйымынын 60% көмүскө экономикага таандык. Бул акча 120-130 миллиард сомду же АКШ доллары менен эсептегенде 2,5- 2,7 миллиард долларды түзөт. Ал эми эл аралык "Трансперенси Интернешнл" уюмунун баасында 2011-жылы Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 180 мамлекеттин ичинде 166 орунду ээлеген.
XS
SM
MD
LG