Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:05

Куба, Америка, Евразия жана Борбордук Азия


АКШ Президенти Барак Обама менен Куба Президенти Раул Кастро. Гавана ш. 21.3.2016.

АКШ Президенти Барак Обама менен Куба Президенти Раул Кастро. Гавана ш. 21.3.2016.

АКШ менен Куба акыры бири-бирине достук кол сунушту. Ал эми Аксы жергесинде боордош калктардын өлкөлөрүнүн чек ара тилкесинде болоор-болбос жерден чатак чыгып кете жаздады. Куба менен АКШ болсо бир кездери согуш отуна кабылып кала жаздаган учурду жылмая эскеришүүдө. Тарых сабагы улантылууда.

Ушул күндөрү АКШнын президенти Барак Обама 88 жыл бою эч бир америкалык президент жасабаган ишти жүзөгө ашырып, Куба жергесине келди; акын, публицист жана ыңкылапчы Хосе Мартинин (1853-1895) айкелине гүлчамбар коюу жөрөлгөсүнө да катышты. Ал коммунисттик байрактан баш тартпаган расмий Гаванага достук кол сунган алгачкы америкалык президент болуп калды.

Ошентип, Кошмо Штаттар кансыз согуш маалындагы жаңылыштыктарынын биринен баш тартты: баарлашуу жана достук мамилелер ар кандай булчуң көрсөтүүдөн миң эсе кубаттуу экендигин мойнуна алды.

Албетте, адам укуктары маселеси көңүл чордонунда турат. Бирок дал ушул АКШ бийлиги Чилиде Салвадор Алйенденин (Альенде) демократиялык өкмөтүн кулатып, аскердик төңкөрүш аркылуу келген генерал Пиночеттин кандуу хунтасын антикоммунисттик мүнөзү үчүн гана колдоого алып, чоң катачылыкка жол бергени деле тарыхта калды.

Борбордук Азиядачы...

Бир кезде бирдей эле коммунисттик режимдин таман астында болгон коңшу эки жумурият пост-советтик доордо эки башка нукка ажырай берип, бири парламенттик демократияга ооду, экинчисинде авторитардык бийлик күчөгөндөн күчөдү. Саясий айырмачылыктар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чечилиши кыйла жеңил болгон орток көйгөйлөрдү чечмек түгүл, бул эки боордош жумурияттардын саясий каймактарын бири-биринен обочолотуп, буга чейинки салттык карым-катнаштарды ого бетер татаалдантып салды.

Аксы аймагындагы талаш-тартыштуу делген чек ара тилкесиндеги соңку кырдаал тирешүүнүн дагы бир түйүнүн пайда кылгансыды.

Бул жагымсыз кырдаалды апыртып, көбүртүп-жабыртып жиберүүгө жол коюуга да жарабайт, көрмөксөнгө салуу да ылайыксыз.

Кубанын бүгүнкү сабагы эмнеде?

Саясий жана башка көз караштардын айырмачылыгын майнапсыз согушка жетелей турган карама-каршылыктын тегирменине суу куюу үчүн пайдаланбастан, бири-бирине түшүнүү менен мамиле жасаган дурус коңшулуктун жаңы салтын жаратууга пайдалануу керек.

Дал ушул жагдай – Кубанын мыкты сабагы. Михаил Горбачевдун 1980-жылдардын экинчи жарымындагы дүйнөнү жаңыча түшүнүү далаалаты, көрсө, Барак Обама сыяктуу Батыштын азыркы лидерлерине деле керек экен.

Борбордук Азия түгүл, жалпы Евразия Куба менен АКШдан үйрөнүүсү керек.

Дүйнөлөшүүнүн жүрүмү ар кыл мамлекеттерди тынчтыкта жана өз ара урматташкан коңшулукта жашоого милдеттендирген жаңы талаптарды кабыл алууга чакырууда.

Евразиянын Жапониядан жана Кытайдан Испанияга жана Улуу Британияга чейинки ири мейкиндиги ушундайча өз ара түшүнүшүүнүн деңгээлине өтүшү зарыл болуп жаткан тапта, чакан пост-советтик Борбордук Азияда ич ара атаандашуунун агымы араздашуу деңгээлине чейин төмөндөп кетишине жол коюуга болбойт.

Мындан дээрлик чейрек кылымдай илгери айрым кыргызстандык айдыңдар Борбордук Азиянын ич ара конфедерациясын (Демократиялуу Түркстанды) түзүү жөнүндө кыялданышкан. Чын-чынында, бул кыялды жүзөгө ашыруунун ошол кездеги анча-мынча мүмкүнчүлүгү бул өлкөлөрдөгү саясий каймактардын өз ара атаандаштыгынын айынан колдон чыгып кеткен болчу.

Бирок болочокто өз эгемендигин сактоо жана чыңдоо менен кошо эле, бири-бирине калыс, теңата карым-катнаштыктын жана достуктун колун сунуу аркылуу Борбордук Азия мамлекеттери чөлкөмдүк биримдикке жетиши деле мүмкүн. Буга жандуу өрнөк – азыркы Европа Биримдиги. Андагы Малта, Лүксембург сыяктуу чакан мамлекеттер – Германия жана Франсия сыяктуу кубаттуу жана ири мамлекеттерге теңата мүчөлөр.

Бүгүнкү кыйынчылыктар – убактылуу

Чек ара тактоодогу айрым көйгөйлөрдү чечүү жаатында кыйынчылыктар жок эмес. Бирок бул кыйынчылыктарды ого бетер тирешүүгө жол ача турган нукта эмес, тараптарды элдештирүүчү нукта чечүүгө умтулуу – азыркы муундардын парызы.

Мындан чейрек кылым же жарым кылым өткөн соң, бүгүнкү айрым көйгөйлөр болочокто бири-бирине цивилизациялуу жолдор менен чырмалышкан аймактардагы өлкөлөрдүн калктары үчүн тек гана бейкапар үйрөтүлчү тарыхый окуяларга гана айланат.

Эгерде 1960-жылдары азыркы Куба менен АКШнын кайрадан жакшырган мамилелерин элестетүү дээрлик мүмкүн эмес болсо, ал эми ошол эле жылдары Борбордук Азиядагы пост-советтик жумурияттар жыйырманчы кылымдын токсонунчу жылдарында эгемендикке жетишет жана чек ара, суу, мунайзат жана башка маселелерде бири-бири менен эрегишүүгө чейин барат деп ойлоого эч мүмкүн эмес болчу.

Куба менен АКШда азыр да бири-бирине каршы согуш жалынын бүрккүсү келгендер бар, бирок алардын мамлекеттик жетекчилигинин саясий эрки бул тарыхый коңшулардын азыркы жана болочокку ынтымагы үчүн достук кол сунууга мүмкүн кылды.

Борбордук Азиядагы тарыхый коңшулар, менимче, чечилбей жаткан көйгөйлөрүн мынчалык узак мөөнөткө (55тен көбүрөөк жылга) создуктурбастан, 55 айдын ичинде эле өз ара түшүнүшүү менен жайгарууга аракет кыла алышаар эле...

Жаңы Улуу Жибек жолу

Тарыхта калган Улуу Жибек жолун тынчтыктын, эркин сооданын жана теңата карым-катнаштын жаңы мейкиндиги катары кайрадан калыптандыруу чакырыктары жана кадамдары жасалып жаткан азыркы дүйнөлөшүү жүрүмү маалындагы эң башкы маселе – эч кандай аймактык, чөлкөмдүк тирешүүлөргө жана араздашууларга жол койбоо зарылдыгы.

Эгерде Махатма Ганди, Дэн Сяопиң, Чыңгыз Айтматов сыяктуу чыгаандардын осуяттарын туура кабыл алсак, анда болочокку жалпы евразиялык туруктуу бейпилдик менен ынтымактын пайдубалын бүгүнтөн тартып өзүбүздүн чөлкөмүбүздөн баштап чыңдоо керектигин аңдайбыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG