Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Батышта инженер, медиктерге талап чоң


Түштүк Кореяда стюардессаларга талап чоң. "Эйр Кыргызстандын" борт коштоочусу, 13.06.2013.
Түштүк Кореяда стюардессаларга талап чоң. "Эйр Кыргызстандын" борт коштоочусу, 13.06.2013.

Чет өлкөлөрдө билим алган кыргызстандык жаштар көбүнесе гуманитардык багыттарды тандаганы кадыресе көрүнүш. Ал эми Батышта иштөөнү самагандар технология жана инженерия тармагында адистешсе ишсиз калбайт.

Кесип тандоо, албетте, "жети өлчөп, бир кесчү" маселе. Кыргызстанда гана эмес, Батыштын бир нече өлкөлөрүндө да акыркы 20 жылда гуманитардык багыттарга ыктагандар көбөйдү. Бирок ошол эле маалда окуучулардын тандаган кесиби менен жумуш берүүчүлөрдүн талабы көпчүлүк учурда дал келбейт. Ошондон улам айрым кесип ээлери жумушсуз жүрсө, кээ бир иш орундары бош турат.

Британиядагы белгилүү Tarrant Lets the Kids Loose балдар телеберүүсү 3000 үй-бүлөдөгү жеткинчектердин арасында сурамжылоо өткөрүп, келечекте ким болгусу келерин сураган. Массалык маалымат каражаттарынын таасирин эске алсак, сурамжылоонун жыйынтыгы таң каларлык эмес.

Азыркы британ өспүрүмдөрү самаган эң алдыңкы он кесипти айта кетсек, биринчи орунда спортчу болуу. Балдардын оюнда, Дэвид Бэкхемдей футболист болсо атак-даңк да, акча да өзү келет. Андан кийинки орунду ырчы болгусу келгендер ээлеген. Кийинки саптарда – космонавт, юрист, өрт өчүргүч, дарыгер, ашпозчу, мугалим жана мал доктур.

Ал эми 25 жыл мурда Британияда өткөрүлгөн ушундай сурамжылоодо мугалимдин кесиби биринчи орунда эле. Банкир, чач тарач жана археолог өңдүү кесиптер да ал кезде тизмеге кирген.

Адистердин айтымында, азыркы өспүрүмдөр тез арада атактуу жана акчалуу кылчу кесиптерге кызыгат. Буга бирден бир негизги себеп – теле жана интернеттеги көңүл ача турган жана реалити-шоу берүүлөр менен спорттун коммерциялануусу.

АКШда медайымдарга талап өсөт

Эл аралык Forbes журналы 2014-жылы төмөнкү кесиптерге талап чоң болгонун, бирок адистер жетишсиз экендигин көрсөтөт.

Технология өнүккөн сайын компьютерге байланыштуу кесиптерге талап кескин өстү. Мисалы, программисттерге. Маркетолог, кесиптик даярдыкты жогорулатуу боюнча адис, каржы боюнча серепчи, физиотерапевт, веб-дизайнер, логист, маалымат базасынын администратору, иш-чара уюштуруучу, котормочу, мунай инженери жана маалымат коопсуздугу боюнча серепчи деген адистерге кайда болбосун оңой-олтоң иш табылат.

АКШнын Эмгек статистика бюросунун изилдөөсүнө ылайык, 16 жылдан кийин Америкада кол эмгегин талап кылган жумушчулар, так жана табигый илимдерге негизделген адистер жана саламаттыкты сактоодогу түркүн кесиптерге талап жогорулайт.

Медицина өнүккөн сайын адамдардын жашы узарууда. Ошондон улам кары-картаңдарды караган медайымдарга талап өсөт. Физиотерапевт, инженер-диагностик, сонографчы (кулак доктур), укалоочу, аудиолог (үн адистери) жана дарыгер изилдөөчүлөр XXI кылымдын үчүнчү он жылдыгындагы талап өсө турган кесиптерге кирет. Социалдык тармактардын менеджери дагы өтө керектүү кесиптердин бирине айланат.

Аны менен бирге медициналык жана биоинженердик жабдууларды иштеп чыккан жана аларды иштеткен адистер да жумушсуз калбайт. Кызыгы, мал доктурлар жана ветеринар-технолог адистиктери да алдыңкы саптарга илинген. Металлург, тиш доктур, велосипед оңдоочу, психолог, маркетолог, тилмеч жана ар кандай көңүл ачуучу иш-чара уюштуруучуларга дагы талап өсөт.

US News and World Report гезитинин карьера бөлүмүнүн ага редактору Жада Грейвс бул боюнча мындай маалымат берди:

- Башкаларга салыштырмалуу саламаттыкты сактоо адистерине, айрыкча медайымдар, диетологдорго зарылдык өсөт. Биздин божомолубузда, 2022-жылга чейин медицина тармагында 3.5 миллион жаңы жумушчу орун түзүлөт. Котормочуларга талап 2022-жылга чейин 46.1 пайыз өсөт.

АКШнын экономикасы кризистен кийин акырындап алдыга жылган сайын куруучулукка керектүү кесиптерге талап жогорулайт. Расмий сурамжылоого ылайык, 2020-жылда жыгач уста, сантехник, айнек кесүүчү, терезе орнотуучу, кыш куючу, таш тизүүчү жана кран оператору өңдүү жумушчуларга талап 42-55% чейин жогорулайт.
Адамдын жардамысыз эле "душманды" жок кылчу роботтор. Лондон, 2013
Адамдын жардамысыз эле "душманды" жок кылчу роботтор. Лондон, 2013


Баарын робот аткарабы?

Азия өлкөлөрүнөн Түштүк Кореяда эл аралык каржы операциялары боюнча банкирлердин айлыгы эң көп. Salary Explorer порталынын статистикасында бул өлкөдө электр инженери, мунай жана химия инженери, "С++" программисти, клиникалык изилдөөчү, мугалим, пластикалык хирург, учактардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөчү (стюардесса) жана косметолог сыяктуу адистерге талап чоң жана мындай кесип ээлери жумушсуз калбайт.

Европанын экономикалык кыймылдаткычы саналган Германияда көбүнесе так жана табигый илимдерде иштеген адистерге талап көп. Федералдык жумуш менен камсыздоо агенттиги Германияда инженерлер жетишсиздигин белгилейт. Мисалы, автомобиль, металлургия, энергетика жана моделдөө инженерлерине талап ушунчалык көп болгондуктан, бул адистерди чет жактан жалдоого туура келет. Медициналык жабдуулардын техниги, дарыгер жана медайымдарга Германияда иш көп.

Британиянын The Economist журналынын изилдөөсүнө ылайык, келечекте инженерлерге талап ар дайым көп болот. Татаал предметтерди окуткандардын маянасы барган сайын чоңоёт. Унутта калган же талап аз, так жана табигый илимдерге байланышкан кесиптерге да талап барган сайын өсөт. Мисалы, астероиддерден коргонуу адистери, океанолог, астробиолог, климатолог, астроном, биохимик, астрофизик жана башка ушул өңдүү кесип ээлери жумушсуз калбайт.

Соңунда белгилей кетчү нерсе, дүйнөдөгү мартабалуу техникалык жогорку окуу жайлардын бири Массачусетс технология институтунун дээрлик бардык окутуу материалдарын интернеттен бекер окуса болот. Америка калкынын 6.7 миллиону жок дегенде бир предметти интернеттен бекер эле окуйт. Технология демекчи, белгилүү экономист Эндрю МакАфи алдыдагы 50 жыл ичинде учурдагы көп кесиптерди роботтор аркалап калаарын айтат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG