Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:39

Арген үндүү ырчы Демис Руссос каза болду


Демис Руссос айтылуу "Сопот" ыр фестивалында. Гданьсктын жанында, Польша. 03.9.2006. (EPA/B.OSTROWSKA).
Демис Руссос айтылуу "Сопот" ыр фестивалында. Гданьсктын жанында, Польша. 03.9.2006. (EPA/B.OSTROWSKA).

Доошу менен дүйнө калкын арбаган грек ырчысы Демис Руссос үчтүн айынын (январдын) 25ине караган түнү 68 жашында дүйнө салды. Кыргызстанда да анын талантын жогору баалаган замандаштары арбын эле. Даңазалуу ырчынын сөөгү үчтүн айынын 30унда Афина шаарында жерге берилмекчи.

Демис Руссос (грекче: Ντέμης Ρούσσος; өз аты — Артемиос Вентурис Руссос, грекче Αρτέμιος Βεντούρης Ρούσσος; 15-июнь 1946-жыл, Александрия, Египет (Мысыр) - 25-январь 2015-жыл, Афина ш., Грекия) - заманбап грек ырчысы. Бүт дүйнө өлкөлөрүндө анын чыгармаларынын альбомдору 60 миллиондон ашуун нускада сатылган.

Мысырда төрөлгөн грек чүрпөсү

Демис Руссос 1946-жылдын кулжа (июнь) айынын 15инде Египеттин (Мысырдын) байыртадан грек-египет маданияттары ширелишкен Александрия шаарында музыка устаттарынын үйүндө туулган. Анын энеси Ольга (сахнадагы аты - Нелли Мазлум (1929—2003) - теги мысырдык италиялык бийчи айым болгон. Ал эми атасы Жорж (Йоргос) Руссостун теги - грек. Ал адистиги боюнча инженер болгон жана гитарада ойной билчү.

Ушундай музыкага жакын үй-бүлөдө чоңойгон Демис Руссос орто мектепте окуп жаткан чагында эле гитарада ойноону үйрөнгөн.

1950-жылдардын ортосунда Демис Руссостун ата-бабасынын тарыхый мекени Грекияга көчүп келген.

Европаны жеңип алуу

1963-жылы Демис Руссос шериктери Вангелис жана Лукас Сидерас менен чогуу “Афродитанын чүрпөсү” («Aphrodite's Child») тобун негиздеген.

1968-жылы, Грекиядагы аскер төңкөрүшүнөн соң, бул топ Франциянын ордосу Парижге көчүп келген. Мында алар “Жамгыр жана Көз жашы” («Rain & Tears») ыры менен калайыкка таанылган.

1971-жылы Демис Руссос“Афродитанын чүрпөсү” тобун таштап, жекече концерттерин уюштура баштаган.

1974-жылы ал “Түбөлүккө жана Ар качан” («Forever & Ever») альбомунун ийгилигинин аркасында бүт Европада жана дүйнө жүзүндө ого бетер атакка ээ болгон.

Ошондон бери анын репертуарындагы улам жаңы ырлар ар кыл өлкөлөрдө калайык жүрөгүн таба алган.

Демис Руссос ирандык ырчылар Эби (Ebi) жана Нуш Афарин (Noosh Afarin) менен.
Демис Руссос ирандык ырчылар Эби (Ebi) жана Нуш Афарин (Noosh Afarin) менен.

Ала-тоолуктар аздектешчү

Арген үндүү Демис Руссос жана анын чыгармачылыгы тууралуу кабар Кыргызстанга 1970-жылдары жеткен.

Анын жан дүйнөнү тазарткан мукам чыгармалары табактарга жазылып, 1980-жылдары советтик Кыргызстанда эркин сатылган.

Кыргыз жаштарынын оюн-зоокторунда Демис Руссостун чыгармалары байма-бай уктурулуп, далай студенттик кечелердин көркү болгон.

Борбор Азиянын башка жумурияттарында да Демис Руссостун ырлары эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

Ай ушул салмак ай!

Грек ырчысын беймаза кылган бир жагдай бар эле. Ал – эткээл салмагы.

1980-жылы анын салмагы 147 килограммга жеткен. Демис Руссос жылдар бою арыктоо үчүн алпурушканы маалым. Кийинчерээк ал 50 килодой салмак таштаган.

Террорчулардын барымтасында

Демис Руссос 1985-жылдын кулжа (июнь) айынын 14үндө башка жүргүнчүлөр менен бирге “Хизбулла” (“Алланын партиясы”) террорчу тобунун өкүлдөрүнүн барымтасында калган.

Ал болочок жары Памела менен бирге түшкөн “Боинг-727” учагы Афинадан Римге учмак. Америкалык “Транс уорлд эйрлайнз” компаниясынын бул учагын басып алган эки террочу учакты Жакынкы Чыгышка бурууну талап кылган.

Бир нече күндөн кийин Руссос барымтадан бошотулган. Анын атагы учурунда араб өлкөлөрүнө да жеткендиктен, террорчулар ага ырайымдуу мамиле кылышкан экен.

Талыкпаган талант

1990-жылдары Демис Руссос элди тамшандырган жаңы ырларын тартуулоосун уланткан.

Алардын арасында 1993-жылы обого чыккан “Ички дүйнө” ("Insight"; бул ырды “Таң супа салганда” - "Morning Has Broken" деп да аташат) ыры дүйнө жүзүнө кеңири таркалган.

Жаңы кылымдын алгачкы он жылдыгында ал Бириккен Араб Эмирдиги, Бразилия, Орусия, Польша, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө концерт берип, жаңы жана эски ырлары камтылган дисктерин жарыялап, миллиондогон замандаштарына ыракат тартуулады.

Үй-бүлөсү

Демис Руссос төрт ирет үйлөнгөн. Соңку жубайы – Мари аттуу париждик француз айым.

Демис Руссостун Эмилия деген кызы (Парижде жашайт) жана Сирила деген уулу (Грекияда байырлайт) бар.

Опаасыз дүйнө

Демис Руссос 2015-жылдын үчтүн айынын (январынын) 25ине караган түнү Афина шаарындагы ооруканалардын биринде каза болду.

Маркум ырчынын сөөгү 2015-жылдын 30-январында (үчтүн айынын 30унда), жума күнү чак түштө, гректердин даңазалуу атуулдарынын сөөгү коюлган “Афина шаарынын Биринчи көрүстөнү” деп аталган көрүстөндө түбөлүк жайына берилмекчи.

XX кылымдын акыркы үчилтиги - XXI кылымдын башындагы грек улуттук музыкасын поп-музыкага ширелтип, грек музыка телегейине (космосуна) дүйнө элдери үчүн жаңы көпүрө курган бул ырчы жалпы адамзаттын руханий мурасына өзүнүн көөнөргүс салымын кошуп кетти.

Дисктер тизмеси

1. “Афродитанын чүрпөсү” (''Aphrodite’s Child'') альбомунун алкагында

'End of the World' (1968)

'It’s Five O’Clock' (1969)

''666'' (1972)

2. Жекече альбомдору

''Fire and Ice'' (1971)

''Forever and Ever'' (1973)

''My Only Fascination'' (1974)

''Auf Wiederseh’n'' (1974)

''Souvenirs'' (1975)

''Happy to Be on an Island in the Sun'' (1976)

''Die Nacht und der Wein'' (1976)

''Kyrila'' (1977)

''The Demis Roussos Magic'' (1977)

''Ainsi soit-il'' (1977)

''Los super 2 LP'' (1977)

''Demis Roussos'' (1978)

''Universum'' (1979)

''Man of the World'' (1980)

''Roussos Live!'' (1980)

''Demis'' (1982)

''Attitudes'' (1982)

''Reflection'' (1984)

''Ballads'' (1984)

''Senza tempo'' (1985)

''Greater Love'' (1986)

''The Story of…'' (1987)

''Come All Ye Faithful'' (1987)

''Le Grec'' (1988)

''Time'' (1988)

''The Golden Voice of Demis Roussos'' (1988)

''Voice and Vision'' (1989)

''My Friend the Wind'' (1989)

''Insight'' (1993)

''Adagio'' (1994)

''Demis Roussos in Holland'' (1995)

''Oro'' (1995)

''Gold'' (1995)

''Immortel'' (1995)

''Too Many Dreams'' (1996)

''Best of Demis Roussos'' (1996)

''Serenade'' (1996)

''Colection Mi Historia'' (1997)

''Mon île'' (1997)

''Auf meinen Wegen'' (2000)

''Live in Brazil'' (2006)

''Demis'' (май 2009)

XS
SM
MD
LG