Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

Евромейкиндикти алдастаткан кризис экс-коммунисттик Чыгыш Европага жана Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да залакасын тийгизүүдө.

Европанын өнүгүү жана реконструкциялоо банкы - ЕВРDнын прогнозуна караганда, буга биринчи кезекте эл керектөөчү товарлардын, кара майдын баасынын арзандоосу жана инвестициялардын кыскаруу мүмкүндүгү таасир этүүдө. ЕВРD Кумтөр кенинин тегерегиндеги чатакка байланыштуу Кыргызстандын ички дүң жыйымы боюнча мурдагы прогнозун 0, 5 процентке төмөндөткөн.

Европанын өнүгүү жана реконструкциялоо банкы - ЕВРD шаршемби күнү жарыялаган докладга караганда, Грекия, Испания, Италия, Португалия жана Ирландия сыяктуу Европа монетардык союзуна мүчө өлкөлөрдү тербетип жаткан экономикалык кризистин шапатасы Чыгышты көздөй согууда. Мындан өзгөчө Орусия жабыр тартат. Анын айрым бир жүйөсүн ЕВРDдин башкы экономисти Эрик Берглоф мындайча түшүндүрдү:

- Бизди узак убактан бери евромейкиндиктеги кризистин биздин регионго тийгизген таасири тынчсыздантууда. Кризистин таасири Ортолук Европа жана Түштүк Чыгыш Европа менен чектелбесин бүгүн көрүп жатабыз. Бул Чыгышта Орусияга жана Борбор Азияга жайылууда. Бул бизди өзгөчө тынчсыздандырат.

Ушундан келип, Европалык банк (ЕВРD) мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн экономикалык өсүүсү боюнча 2013-жылга карата прогнозун жарым процентке жакын төмөндөттү. Эгер май айында береги экс-коммунисттик региондун ички дүң өнүмү келерки жылы 3, 1 процентке өсөт деп боолгосо, соңку докладда өсүш 2, 7 процентти түзөт деп болжолдонот.

Борборазиялык эмгек мигранттарынын Мекеси саналаган Орусиянын экономикасы ЕВРDнын эсебинче, келерки 2013-жылы май айында прогноздолгондой 4,2 процентке эмес, андан бир кыйла аз же 3,1 процентке өсөт.

Анын себеби жөнүндө банктын улук экономисти Александр Плеханов мындай деди:

- Бул еврозонадагы кризистердин таасирине, тышкы экономикалык конъюнктурага жана баарынан мурда мунай рыногуна кризис келтирген зыянга байланыштуу. Биз азыркы прогнозду жасап жатканда, 1 баррель кара майдын наркы 90 доллар чамасында болду. Азыр мунай бир аз кымбаттады. Биз майдагы прогнозду эсептеп жатканда, бир баррель мунай 115 доллардын кырында турган. Орусиянын бюджети ушул баага эсептелип, киреше-чыгашалары балансталган. Мунайдын баасы төмөндөгөндөн кийин биз да экономикалык өсүш бир кыйла ылдый болот деп болжолдойбуз.

Орусия Еврозонадагы кризистин зыянын азыртан эле сезүүдө. Апрелде өлкөнүн экономикалык өнүгүү министрлиги быйыл ички дүң жыйым мурда боолгонгондой 3,7 процентке эмес, болгону 3,4 процентке өсөт деп билдирген. Бирок да Евробиримдик банктарды жөлөп-тайоо боюнча 29-июнда Брюсселде кабыл алган чечимин бир нокотун бузбай аткарса, кризистин мизи бир кыйла майтарылып, Чыгыш Европага зыяны аз болору шексиз дешет серепчилер.

Евроакчаны колдонгон 17 өлкөдөгү кризис алар менен түздөн түз чектешпеген Борбор Азия мамлекеттеринин экономикасына биринчи кезекте Орусия, андагы эмгек мигранттары Ата Журтуна жөнөткөн акча аркылуу таасир этери талашсыз.

Евроалкактагы кризис Борбор Азияга кандай оорчулук келтирери жөнүндөгү суроого Александр Плеханов мындай жооп берди:

- Ырас эле, Борбор Азия мамлекеттери пост-советтик региондогу башка өлкөлөргө салыштырганда Евромейкиндиктен алыс жайгашкан. Ал үчүн Борбор Азияга еврозонадагы кризис да түз эмес, кыйыр түрдө таасир этет. Ошол эле учурда бул кыйыр байланыш өтө маанилүү. Биздин регион үчүн мунай-газ жана башка табигый байлыктар рыногун бөлүп көрсөтүү зарыл. Себеби биринчи кезекте евромейкиндиктеги кырдаал дал ушул рынокко тескери таасир этиши мүмкүн. Еврозонадагы кризистин Орусияга тийгизген зыянына жараша эмгек мигранттарынын Борбор Азия өлкөлөрүнө жөнөткөн акчалары азаят. Ушуга окшош жагдайга биз 2008-2009-жылдардагы кризис мезгилинде күбө болгонбуз.

Орусиянын борбордук банкынын маалыматы боюнча, өткөн 2011-жылы эмгек мигранттары Өзбекстанга 4, 9 миллиард доллар, Тажикстанга 2, 8 миллиард доллар, Кыргызстанга 1, 4 миллиард доллар, Казакстанга 290 миллион доллар, Түркмөнстанга 22 миллион доллар жиберишкен.

Бул ырасмий жөнөтүлгөн акча. Мигранттар өздөрү же курьерлер аркылуу дагы канча акчаны которгону беймаалым.

ЕВРD май айында жана июлда жасаган экономикалык прогнозго караганда, 2012-жылы Монголиянын ички дүң продукциясы 14 процентке, Түркмөнстандыкы 10 процентке, Казакстан менен Өзбекстандыкы 5 процентке өсүүгө тийиш. Мындай жакшы көрсөткүч баарынан мурда төрт өлкөдө табият мол берген кен байлыктарды өндүрүү менен байланыштуу дейт Плеханов:

- Экономикалык өсүү темпи бийик көпчүлүк өлкөлөрдө ички дүң жыйымдын өсүшү кен байлыктардын жаңы жайларын иштетүүгө байланыштуу. Монголияда быйыл экономика 114 процентке, келерки жылы 116 процентке өсөт деп жоромол кылуудабыз. Анткени өлкөдө жездин жаңы кендерин иштеткенге даярдык көрүлүүдө. Ошондой эле алтын кенди иштеткенге камылга жүрүүдө. Бул экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошот. Баары болжолгон ыраатта жүрсө, келерки жылдан башында жаңы долбоорлор пайдаланууга берилип, иштей баштайт. Монголиянын бийик экономикалык өсүүсү жөнүндөгү прогнозубуз дал ушул долбоорлорду иштетүү менен түздөн түз байланышкан. Ушундай эле жагдай Түркмөнстан жана Казакстанда да кайталанып, жаңы кендерди иштеткенге даярдык көрүү уланууда.

Мунай-газ жана минералдык ресурстарга бай Казакстандын экономикасы өткөн он жылдыкта жылына орто эсеп менен 10 процентке чейин өсүп жаткан.

ЕВРD прогнозду жасоодо Өзбекстан менен түздөн-түз иштешпегендиктен, өлкөнүн экономикалык өсүү темпин бар маалыматтарга таянып жасаган.

Европанын өнүгүү жана реконструкциялоо банкы 25-июлда жарыялаган доклад-прогноздун жалпы түшүндүрмөсүндө Кыргызстандын талаштуу Кумтөр алтын кени боюнча чатакка атайын токтолуп, кенчилердин иш таштоосу экономикага зыян келтиргенин белгилейт. Анын натыйжасында өндүрүш убактынча 65 процентке кыскарганы, ошон үчүн алгачкы жарым жылда ички дүң жыйым 5, 6 процентке төмөндөп кеткен. Былтыр бул көрсөткүч 5, 7 процент болчу. Ошон үчүн 2012-жылы Кыргызстандын экономикасы майда эсептелген 1 проценттин ордуна 0, 5 процентке гана өсөт деп прогноздолот.

- Биз прогнозду төмөндөткөнүбүз себеби - биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы биз күткөндөн алда канча начар болду,- дейт Плеханов.- Бирок биз Кумтөрдүн тегерегиндеги жагдай жөндөлөт жана кенде алтын болжогон көлөмдө өндүрүлөт деп боолгойбуз. Мына ушундан келип, албетте биринчи жарым жылдыктын көрсөткүчү экинчи жарым жылдагыдан бир кыйла начар болот. Азыр биз өсүш алгачкы жарым жылда өсүш ылдый кеткендиктен жылдык көрсөткүч 0, 5 процентти түзөт деп чамалап жатабыз.

Анткен менен Европанын өнүгүү жана реконструкциялоо банкы келерки жылы Кыргызстандын экономикасы 7 процентке чейин өсөт деп жоромол кылат. Ошентсе да, ички дүң жыйымдын төмөндөшү бюджетке түшчү алым-салымдарды азайуусу менен коштолгондуктан, мындай абалдан Кыргыз өкмөтүнүн жүгү оорлойт.
XS
SM
MD
LG