Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигинин толук укуктуу мүчөлүгүнө кошулганына жарым жыл толду.

Мамлекет алты ай аралыгында уюмга кошулганынын үзүрүн сездиби, чек аралардан кирип-чыгуу жеңилдедиби, өлкө ишкерлери өз товарларын уюм аймагына алып чыга албасына эмне себеп болууда, Кыргызстан Евразия мейкиндигинде кызматташууда кандай багыттарды өнүктүрүшү керек? Мына ушул жана башка маселелерди “Арай көз чарайда” талкуулайбыз. Ага Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев, ЖИА ишкерлер бирикмесинин аткаруучу директору Руслан Акматбек жана экономика боюнча серепчи Искендер Шаршеев катышты.

“Азаттык”: Руслан мырза, мындан алты ай мурда Евразия экономикалык биримдигине кирсек, 180 миллион эли бар рынок ачылат, соода жүргүзүү, кызмат көрсөтүү эркин болот, адамдар ээн-эркин каттайт деген жакшы үмүттөрдү арттык эле, азыр ошолор сезилип жатабы?

Руслан Акматбек: Бул биримдикке кире электе эле айтканбыз, азыр дагы айтам. Мындай сырткы интеграциялык процесстерге катышуу, кирүүдө маселе башкаларда эмес, өзүбүздө экенин сезип отурабыз. Биримдиктин алкагында башка өлкөлөргө соода-сатык жасай алган жокпуз, тескерисинче импортубуз көбөйүп, экспортубуз азайып кетти. Бул жаатта чоң маселе бар экенин көрдүк.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө да экспорттой албай жатпайбызбы. Ал эле эмес бирикменин алкагындагы өнөктөш өлкөлөр да бизди жүдөтүп, соода эркиндигибизди кысканга өттү.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстан бул бирикмеге даярдыксыз кирип алды дейсизби?

Руслан Акматбек: Ооба, ошол эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө да экспорттой албай жатпайбызбы. Ал эле эмес бирикменин алкагындагы өнөктөш өлкөлөр да бизди жүдөтүп, соода эркиндигибизди кысканга өттү. Биз бүткүл Орто Азиянын жүктөрүн ташып келгенбиз. Товар ташыгандар аябай кыйналып жатат. Ошондуктан биз кирер алдында тоскоол болгон маселелерди чечип, кандай продукцияларды экспорттойбуз, эмне сата алабыз, артыкчылыктагы позициябызды аныктап, эмнеге адистешебиз деп тактап алгандан кийин кирсек болмок. Башкаларды күнөөлөгөнгө болбойт, бардык жоопкерчилик өзүбүздө.

Искендер Шаршеев: Казакстан Кыргызстанда эки революция болгондо, андан кийин да чек араларын жаап, акыркы жылдары да ар кандай шылтоо менен товар өткөрбөй тоскоолдук кылып келди. Эгер биз түзгөн уюмга кирсеңер бул кыйынчылык жоюлат дешкен. Бирок биз киргенден кийин деле маселе азайган жок. Кыргызстанда импорт көп болчу, ошол эле учурда Орто Азиядагы эң арзан баа бизде эле. Эми импорттук салым улам жогорулап жатат. Казакстан болсо Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун талаптарына ылайык иш алып барып жаткандыктан аларда импорт Кыргызстанга караганда арзан. Бул коңшубуз биздин артыкчылыкты тартып алып, кишендеп салды деген сөз.

“Азаттык”: Насирдин мырза, Кыргызстан ЕАЭБге киргенде ага мүчө мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилебиз кеңейип, көлөмү өсөт дедик эле. Бирок 2015-жылдын аягында Кыргызстандын Орусия, Казакстан, Беларус мамлекеттери менен жүргүзгөн соодасынын көлөмү азайып кетиптир, анын себебин сиз эмнеден көрүп жатасыз?

Каалаган адам бир жолу Орусияга барып бир машина картошкасын сатып келсе болот. Бирок ал өзүн актабаган жол. Биргелешкен агрокорпорациялар аркылуу логистикалык борборлорду ачып, товарларды жыл бою сатканга мүмкүнчүлүк түзүү керек.

Насирдин Шамшиев: Акыркы 25 жылда Кыргызстандын экономикасынын 50% соода-сатык түзүп калган эле. Анын дээрлик бардыгын рэкспорт ээлеп келди. Кытайдан келген товарды эле сатып отурдук. ЕАЭБге киргенде мунун көбү кыскарды, азайды. Экинчиден, азыр дүйнөнүн көп өлкөсүндө экономикалык каатчылык өкүм сүрүүдө, сырткы факторлор да кедергисин тийгизип жатат. Улуттук валюталардын куну качты, азыр орус рубли кыргыз сомунан арзан.

“Азаттык”: Өткөн жылы Орусия ветеринардык, фито-санитардык көзөмөлдү стандарттарга келтирүү максатында 200 миллион доллар берди эле, ал иш бүтпөй былтыр фермерлер өндүргөн азыктарын сата албай кыйналды. 2016-жылы аларга товарларын сыртка алып чыкканга шарт барбы, чек арадан быйыл өтө алышабы?

Насирдин Шамшиев: Азыр толук шарт бар, өтө алат. Бирок биздин дыйкандар 100 тонна картошкасы менен ал базарга чыга албайт, үзүрүн көрө албайт. Чыгуу үчүн бир топ талаптар бар. Ошондуктан ири ишкерлер менен узак мөөнөттүү келишим түзүү керек. Товарды сактоо, ороп-чулгап жөнөтүү маселелерин талапка ылайыктоо зарыл. Каалаган адам бир жолу Орусияга барып бир машина картошкасын сатып келсе болот. Бирок ал өзүн актабаган жол.

Биргелешкен агрокорпорациялар аркылуу логистикалык борборлорду ачып, товарларды жыл бою сатканга мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Ошондо гана ийгилиги, кирешеси болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG