Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

1940-60-жылдары кыргыздарда Автандил, Тариэль, Тинатин, Рустеван сыяктуу ысымдар көп коюлган. Бул адамдар грузиндердин "Жолборс терисин жамынган баатыр" дастанынын башкы каармандары. Быйыл көөнө дастандын автору Шота Руставелинин 850 жылдык мааракеси.

Жазылган грузинче бул дастанды,

Баяндап өзүңөргө айткандарды -

Каухардай бирден иргеп, кураштыргам,

Кадимки каухарлардан Ирандагы.

Түптүгөл зыяны жок эритилди,

Кандырар ашыктыкка чаңкаганды.

Кыргыз окурмандары Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасы менен Алыкул Осмоновдун котормосунда тааныш. Поэмада аруу сүйүү, бекем достук, жакшылыктын түбөлүктүүлүгү, жамандыктын утурумдук мүнөзү ырдалат. Руставелинин баатырлары таалайлуу жашоонун ачкычы - жакшылык үчүн өмүрүн сайып күрөшөт жана жамандыкты жеңишет. Бак-таалайдын, сүйүүнүн күчү каармандар баштан кечирген азап-тозок менен ченелет.

Ашыктык күчөй берет, кайра жанбайт.

Жүрөгүм мажнундардан айрыла албайт,

Түгөнүп түтөп жаным бүтмөк болдум,

Эмесе бул күйүттүн дарысын айт!

Айтууга үч баатырдын махабатын,

Каламым ошондуктан алга ылдамдайт.

Үч баатыр. Үч дос. Алар - Автандил, Тариэл жана Нурадин-Фридон. Үч шер кажеттердин1 сепилин алып, Нестан-Дарежанды бошотушканда көздөгөнүнө жетишти. Жакшылык салтанатка батты.

Орто кылымдык эпос

Байыркы грузин адабияты боюнча адис Манана Гигинейшвили “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасын орто кылымдык эпос деп атап, поэманы сөздүн бүгүнкү маанисинде түшүнбөө керек дейт:

Шота Руставелинин сүрөтү. 1852-жылы Flerier басмасынан чыккан китептин мукабасы, Париж.

Шота Руставелинин сүрөтү. 1852-жылы Flerier басмасынан чыккан китептин мукабасы, Париж.

- Бул орто кылымдык эпос. Эпостогу реалдуу окуялар, реалдуу каармандар өтө терең проблеманы көрсөтөт. Алар жөн эле каармандар эмес. Мисалы, Нестан-Дарежан сепилге камалган. Ал идеал. Анын сүйүүсүнө жетүү үчүн рыцарь согушуусу керек; аял турпатындагы идеалды түрмөдөн бошотуу керек; аны менен биригүү керек. Орто кылымдардагы башка поэмаларда дагы ушундай. Лейли жана Мажнунду, Данте жана Беатриченин сүйүүсүн эстеңизчи. Аял идеалды адамзаттын руханий көрөңгөсү, түпкү негизи деп түшүнүү байыртан белгилүү. Одиссей өз сүйгөнү Пенелопага жетүү үчүн 10 жыл дүйнө кезип жүрөт. Тариел да Одиссей сыяктуу сүйгөнүнө өзү жетпесе, аны башка рыцарлар, жигиттер алып кетет. Мунун терең мааниси эмнеде, билесизби? Адам өз мекенине кайтуусу керек. Бул жерде мекен-руханий түшүнүк. Адам өзүнүн бийик рухун жоготпой дайыма өзү менен кошо ала жүрүшү керек. Байыркы жана орто кылымдык түшүнүк боюнча, бул адамдын ички дүйнөсүнө алып барчу жол. Шота Руставелинин поэмасындагы жөнөкөй ыр саптарынын артында ушундай терең маани жатат. Ал жол каармандарды азап-кыйынчылыктардан бийик максаттарга алып барат.

Гүл бакчага көктө жамгыр куйгандай,

Менин күнүм көтөр башты ыйлабай!..

Улуу арабдын Урматуу улуу ханысың,

Көрөгөч бол, акылман бол жалтанбай:

Жакыр дебей, жарды дебей көз салгын,

Нуруңду чач бардык элге тартынбай.

Күн жаркырап гүлгө нурун чачкандай,

Тегиз нур чач, шордууларды калтырбай,

Ким март болсо, береке да ошондо

Сараң болгон өлүп кетет жарыбай.

Берекеңди жая бергин кең-кесир

Булак-булак суусун бөлгөн дайрадай.

Чындыкка айланган уламыш

Шота Руставелинин өмүрү - уламыш. Грузин элинин улуу акыны 1160-65- жылдардын аралыгында туулган деп эсептелет. Ал өз доорунун эң билимдүү бекзадаларынын бири болгон. Орто кылымдык араб, перс адабиятына, байыркы грек ойчул акындарынын чыгармаларына жана христиан философиясына бала кезден сугарылган. Адегенде Кахетиядагы2 Телави, анан Имретиядагы3 Исхалто диний академиясында окуп, кийин билимин Грецияда өркүндөтөт.Тамара падышанын (1166-1213) казына башчысы кызматын да аткарат. 1190-жылкы бир документте Руставелинин кол тамгасы да сакталып калган.

Тамара падыша

Тамара падыша

Филология илимдеринин кандидаты Манана Гигинейшвилинин айтуусунда, Руставели “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасын Тамара падышага ашык болуп тартуу кылган деген ырастоолор да уламыш.

- Поэманын кириш сөзүндө айтылгандай, поэма Тамара падышага белек. Бирок ал заман үчүн чыгарманы падышага тартуу кылуу кадимки салт. “Лейли жана Мажнун” дастаны, Фирдоуси менен Нисаминин жана башка чыгыш акындарынын поэмалары ушундай сөз менен башталат. Биз Руставели жөнүндө абдан аз билебиз. Ал Тамара падышанын сарайында кызмат кылганын, китебин падышага тартуулаганын баарыбыз билебиз. Ырас эле ушундайбы же жокпу так билбейбиз. Шота Руставели падыша сарайындагы тартипти өтө мыкты билгенин поэма күбөлөйт. Ошон үчүн окумуштуулар Руставели падыша сарайында чоң кызмат аткарган деп ойлошот. Мунун баары божомолдор. Себеби поэма жазылгандан төрт кылым өткөн соң гана Шота деген анын ысымы тарыхый булактарда пайда болот. Чыгармада эки жолу поэманы мен Руставели жаздым дейт. Бирок Руставели не жеке ысым, не фамилия эмес. Руставели деген шаар болгон. Бирок Грузияда Рустави деген бир нече жер болгон. Рустави деген сөз дарыянын башатын түшүндүрөт. “Ру” деп грузинче булакты айтат. Акын кайсы Руставиден экени беймаалым. XII кылымда саясий-маданий жактан мыкты өнүккөн эки жер Рустави деп аталат. Бири Түштүк Грузияда (Месхетия), экинчиси Чыгыш Грузияда, Тбилисиге чукул жерде. Руставели балким ушул экинчи шаардан болушу ыктымал. Мунун баары божомол сөздөр.

Өрттөлбөгөн дастан

“Жолборс терисин кийген баатыр” дастаны өзүнүн баштапкы түрүндө бүгүнгө чейин жетпеди. Кол жазма варианттардын негизинде 1712-жылы падыша Вахтанг VIнын демилгесине ылайык биринчи жолу китеп болуп чыгат. Бул китеп дастандын кийин чыккан грузин тилиндеги 50дөн ашык вариантынын негизин түзөт.

Өлүм бир – өлгөн кайра жаралмакпы?

Жеңе алат өлүм гана адамзатты,

Көр деген - шумдук жай бар, соруп жаткан-

Карабай кадырына кары-жашты.

Өмүрдө жаман атта жашаганча:

Согушта - атак алып өлгөн жакшы.

Тариэль жана Нестан-Дарежан. Поэмага С. Кобуладзе жасаган иллюстрациядан.

Тариэль жана Нестан-Дарежан. Поэмага С. Кобуладзе жасаган иллюстрациядан.

Шота Руставелинин поэмасы христиан динзарларын баш ийбөөчүлүккө үндөйт деп, китептин бир нече нускасы XVIII кылымда грузин ортодокс чиркөөсүнүн патриархы Антоний I тарабынан өрттөлөт. Анткен менен поэма өлбөйт. “Жолборс терисин кийген баатырдын” кол жазма түрүндөгү айрым фрагменттери азыр Тбилисидеги Улуттук кол жазмалар борборунда сакталууда дейт мекеменин директору, тарых илимдеринин доктору, профессор Заза Абашидзе:

- Биздин борбордо Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасынын XVI кылымга таандык фрагменттери бар. Поэманын XIV кылымга караштуу деп эсептелген бир нече сабы Вардзиа үңкүр комплексинде. Бул азыр мамлекеттик тарыхый корук. Бизде поэманын 1712-жылы басмадан чыккан нускасы бар. Манускриптердин арасында Низами Гянжевинин (“Хамсе”), Жалалледдин Руминин (“Месневи”), Алишер Навоинин (“Фархад жана Ширин”) дастандары жана башка чыгыш акындарынын чыгармаларынын кол жазмалары бар. Алар перс, түркий, араб жана башка тилдерде. Дегинкиси борбордогу эң көөнө кол жазмалар V-VII кылымдарга таандык. Алардын ичинен жылы так коюлган кол жазма 897-жылга таандык.

Тбилисидеги борбордо Курандын 1295-жылкы комментарийи, ханафи тарикатынын негиздөөчүсү Абу Ханифанын “Улуу укук” деп аталган теогиялык эмгеги жана Ибн Синанын “ Медициналык трактаты” да бар.

Жомогум сиздерге айткан болду тамам,

Адамга жаманчылык бийлик кылган,

Дүйнөдөн жакшы да өтөр, жаман да өтөр,

Боору таш, өлүм чиркин ылгабаган.

Бир жерден - Месх деген Роставидан

Мен ырчы жогоркудай ыр чыгарган.

Акындын акыркы зыяраты

Шота Руставели, уламыштарга караганда, 1212-жылы Палестинага Тамара падышанын элчилигинин курамында зыяратка барат жана Иерусалимдеги Кресттүү кечилканада калып калат. Бул монастырдын каттоо китебинде Руставели деген ысымдагы динзар келгени катталган.

Шота Руставелинин Иерусалимдеги кечилкананын дубалындагы сүрөтү.

Шота Руставелинин Иерусалимдеги кечилкананын дубалындагы сүрөтү.

Акын 1216-жылы дүйнө көчүп, ушул жерде жайга берилген. Кечилкананын ички дубалында Шота деген адамдын сүрөтү да тартылган. Ал бүгүн да сакталуу.

Шота Руставелинин поэмасы дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде чыккан. 1933-1957-жылдары эле орус тилине беш жолу толук которулган. Ошол беш варианттын кайсы биринде бир бапты же бир нече сапты Сталин которгон деген кеп бар.“Жолборс терисин кийген баатыр” Алыкул Осмоновдун котормосу менен 1940-жылы кыргыз тилинде жарык көрөт.

Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,

Эр үчүн керек жерде ак кызматы.

Жөнөй бер дагы сонун жерге алпарат,

Алдагы мен берген ат - кыргыз аты.

Бул саптарды Алыкул Осмонов 1944-жылы 3-декабрда Кой-Сарыда дарыланып жүрүп жазат.

Унутулган улуу салт

Улуу грузин акыны Шота Руставели жөнүндө кепке чекит койгондон мурда грузиндердин XVIII - XIX кылымдардагы бир салтын эске сала кетели.

"Кыз күйөөгө чыгарда анын себинин тизмеси түзүлгөн", - дейт 82 жаштагы грузин илимпозу Манана Гогинейшвили.

- Бул юридикалык документ. Себеби кыздын жаңы үйдө өзүнө таандык дүнүйөсү болуш керек. Тбилисиде болсоңуз, сизге “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасынын алакандай китепчесин көрсөтмөкмүн. Бул китеп чоң атам чоң энеме үйлөнгөндө себине кошуп берилген. Алар 1900-жылы үйлөнүшкөн. Чоң атам үйлөнгөн кезде Руставелинин эпосун сепке кошуп берүү салты унутулган экен.

Чоң атам поэманы баштан-аяк жатка билчү. Эсимде, 14-15 жашымда китептин каалаган барагын ачып, бир сап окусам, чоң атам ошол жерден улантып айтып кетчү. Мен ишенбей таң калсам, аябай шагы сынып: ”Неберемди жаман тарбиялап жатыптырбыз”, - деди. Атам: “Эмне болду?” деп сурады. “Бул эмне жашоо. Биз, грузиндерде жалгыз улуу китеби бар болсо, неберем аны мен жатка билгениме таң калат,” - деди чоң атам. Чоң атам мени “Жолбос терисин кийген баатырды” аздектеп окуганды үйрөтө албай калдым деп арман кылган.

-----------------

1 Кажет - грузин адабиятчылары "Жолборс терисин кийген баатыр" поэмасындагы кажет жерин кытай жери деп боолгошот.

2 Кахетия - Грузиянын чыгышындагы чөлкөм.

3 Имретия - батыш Грузиядагы тарыхый облус.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG